Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Жалал-Абадда аттракциондон жыгылган кыздын абалы оор


Кыргызстандагы аттракциондордун бири.
Кыргызстандагы аттракциондордун бири.

Жалал-Абад шаарынын Жеңиш эс алуу багында аттракциондон кулаган 25 жаштагы жигит менен 18 жаштагы кыз ооруканада дарыланып жатканын облустук оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Мелис Баймуратов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Дарыгердин айтымында, жабыркагандар “Клоун” деп аталган аттракционго чыгып, олтургуч сынып кетип, кулап түшкөн. Экөө тең жараат алып, облустук бейтапканага жеткирилген. 18 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүндө жатат.

“Ушул тапта жигиттин абалы жакшы, ал эми кыз жандандыруу бөлүмүндө жатат, анын абалы туруктуу оор деп бааланууда”,-деп билдирди Мелис Баймуратов.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы окуя 17-апрелдин түнү болгонун ырастап, тергөө жүрүп жатканын маалымдады.

Кыргызстанда оюн-зоок жайлардын коопсуздугу тыкыр текшерилбей, жоопкерчилик төмөн деген сын-пикир буга чейин да айтылып келет.

2021-жылы жайында Ысык-Көлгө эс алууга барган 18 жаштагы жигит аквапарктын суу түтүгүнө кирип кетип каза болгон. (JsA\TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG