Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

Жаңы-Өзөндө мунайчылар иш таштады


Жаңы-Өзөн шаарындагы «Кезби» мунай компаниясынын жумушчулары иш ташташты. 21-апрель, 2022-жыл.
Жаңы-Өзөн шаарындагы «Кезби» мунай компаниясынын жумушчулары иш ташташты. 21-апрель, 2022-жыл.

Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарындагы «Кезби» мунай компаниясынын жумушчулары иш таштады. Алар үч суткадан бери айлыгын көтөрүүнү талап кылып жатышат.

Социалдык тармактарга тараган видеолордо нааразылыкка 100дөй адам чогулганын көрүүгө болот.

«Кезби» компаниясынын директору Битим Кезбаев «Азаттыктын» казак кызматына азырынча комментарий бере албай турганын айтты.

Аталган ишкананын жумушчулары былтыр күзүндө жана жайында дагы иш таштап, ошондон кийин айлыгы бир аз жогорулатылган.

20-апрелде Жаңы-Өзөндөгү дагы бир «ТрубРемЦентр» компаниясынын 150 жумушчусу иш таштаган. Алар айлыгын 60% көтөрүүнү жана жумуш шарттарын жакшыртууну талап кылып жатышат.

2-январда дал ушул Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер Казакстандын башка аймактарына жайылып, башаламандыктар менен коштолгон.

Расмий маалыматтарга ылайык, бул окуяларда 227 адам каза болгон. Бийлик алардын аты-жөнүн жарыялай элек. Укук коргоочулар жана ыктыярчылар мерт болгондордун ысымдарын өз алдынча топтоп жатышат. Тополоңго байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалган, алардын миңге жакыны камакка алынды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG