Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:42

Оппозициянын саясий салмагы: жаңы түзүлгөн уюмдар


“Коомдук кеңеш” деп аталган уюмдун мүчөлөрү.
“Коомдук кеңеш” деп аталган уюмдун мүчөлөрү.

Кыргызстанда “Коомдук кеңеш” деп аталган уюм түзүлүп, ага элүүдөй саясатчы, коомдук ишмер кирди. Алар тараткан билдирүүдө уюм бийликке да, оппозицияга да жан тартпай турганы, ар кандай маселе боюнча өкмөткө сунуш берери айтылат.

“Коомдук кеңеш” деп аталган уюмдун курамында саясатчы Исмаил Исаков, Курманбек Осмонов, Элмира Ибраимова, Жылдызкан Жолдошева, Айданбек Акматов сыяктуу саясий жана коомдук ишмерлер бар.

Коомдук кеңештин негиздөөчүлөрдүн бири, саясатчы Исмаил Исаков уюм радикалдуу кадамдарга барбайт дейт.

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

“Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга, ар кандай маселерге өз сунушубузду бийлик бутактарына беребиз. Биздин уюм оппозициялык дагы, бийликчил дагы уюм эмес. Эгер бийлик туура чечим чыгарып жатса, колдоп, күчтөп сунуш беребиз. Эгер мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштер болуп жатса, башка сунуштарды берип, туура эместигин айтып турабыз. Төртүнчү төңкөрүшкө каршыбыз деп туура айтты. Көчөгө чыгып кууп жиберебиз деген ойдон алыспыз. Биздин уюм радикалдык жолдон алыспыз. Эгер кете турган болсо,мыйзам нугунда кетиш керек”.

Буга чейин оппозиция тобу түзүлгөн

“Коомдук кеңештин” мүчөлөрү ар тармактагы тогуз комиссияга бөлүнгөн. Ал топтор мыйзам долбоорлорунан баштап, бардык актуалдуу маселе боюнча сунуштарды берип турат.

Өткөн айда өзүн оппозициялык деп атаган “Кыргызстан Бириккен Демократиялык Кыймылы” деген уюм түзүлгөн. Кыймыл демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, сот реформасын ишке ашыруу, кризиске жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды берерин жарыялаган.

Оппозициялык кыймылда саясатчылар Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Мамбетжунус Абылов, укук коргоочу Рита Карасартова жана башка активисттер бар.

Бул кыймыл бийликтин бир топ чечимдерин кескин сындап чыгууда. Мисалы, бийлик чоң жеңиш катары мүнөздөп жаткан Кумтөр боюнча келишимден баш тартууга чакырды.

“Кыргызстан Бириккен Демократиялык Кыймылы” уюмун негиздеген саясатчылардын бири Равшан Жээнбеков башка саясатчылар түзгөн “Коомдук кеңеш” уюмун союздаш болот деп эсептейт.

Равшан Жеенбеков.
Равшан Жеенбеков.

“Кыргызстанда жаңы саясий доор башталды. Коом буга чейин бийликтин басымына чыдап, манипулияциясына алдырып келсе, эми бийликке болгон башка пикир жарала баштады. Жаңы саясий уюмдун түзүлүшү жакшы көрүнүш. Ал уюмдагы бир топ саясатчылардын көз карашы туруктуу, пикирин ачык айтышат. Бул уюм кеңеш гана айтпастан, бийликке сын айткан дагы уюм болушуна ишенем. Ошондуктан бул уюмду биздин оппозициялык кыймылдын союздашы катары кабыл алам. Бирок бийлик түзүлүп жаткан уюмдардан чочулабаш керек. Коркуп жатканына негиз жок деп эсептейм”.

"Оппозициянын болгону жакшы"

Президент Садыр Жапаров 25-апрелде "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде саясий атаандаштары, оппозиция тууралуу дагы суроолорго жооп берген.

Анда бийликти сындагандар керек экенин белгилеп, бирок ошол эле учурда аларды такталбаган маалыматтарды таратып жатат деп айыптаган.

"Өлкөдө оппозиция бар. Алардын болуп турганы жакшы. Алар айткан кемчиликтерди чиновниктер угуп, түздөлүп турушат. Бирок оппозиция десе эле жеке кызыкчылык үчүн калп маалыматтарды таратып, элди дүрбөтпөш керек. Калптын казаны кайнабайт дейт. Көп болсо 4-5 күн ызы-чуу кылышат. Анан эле чындык чыгып калып жатпайбы. Оппозициянын арасында чет өлкөлүк кожоюндарынан акча алып, ошолордун гана кызыкчылыгы үчүн элди көтөрөбүз, революция кылабыз дегендер да бар. Баарын билебиз. Аларга тийбегиле дедим. Биздин өлкөгө акча келе берсин. Оппозицияны бакса да, бизге пайдалуу",-деди Жапаров.

Ошондой эле журналисттин: “Оппозицияга бириккендер бийликти кулатабыз деп ниетин билдирип жатат”, - деген суроосуна башаламандык салам дегендер катуу жазаланарын эскерткен.

“Политклиника” басылмасы “Кабар” маалымат агенттигинин журналисттинин суроосуна фактчект жасап, оппозициячыл саясатчылар азыркы бийликке каршы экенин билдиришкен менен жакында митинг кылып, бийликти кулатабыз деген чыкырыктарды жасашкан эмес деп жазып чыкты.

Анткен менен Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев 25-апрелдеги мэриянын аппаратынын жыйынында оппозиция тараптан ар кандай чакырыктар айтылып жатканын билдирип, коомдук-саясий абалды көзөмөлгө алууну тапшырган.

Урмат Самаев.
Урмат Самаев.

“Саясий абал боюнча дагы карап коюңуздар. Ар кандай сөздөр, чакырыктар болуп жатат деген маалымат бар. Минтип отурсак жакшы эмес. Балыкчылардын арасында дагы жерге кызыл китеп алышыбыз керек, митингге чыгабыз деп жатыптыр. Оппозиция тараптан дагы ар кандай сөздөр, чакырыктар болуп жатат. Ошол боюнча 10-бөлүмгө тапшырма берип коюңуз”, - деген Самаев.

"Бул уюмдар саясий соодалашууну көздөп түзүлгөн"

2021-жылдары өткөн парламенттик шайлоого катышкан партиялардын бир бөлүгү добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай, өзүнчө “Элдик парламент” түзүү аракетин көргөн.

Жаш активист Атай Бейшенбек түзүлүп жаткан оппозициялык кыймылдардын артынан эл ээрчип кетпей турганын айтат.

Атай Бейшенбек.
Атай Бейшенбек.

“Реалдуу алып караганда “Коомдук кеңеш” сунуштарын берип, бирок бийлик укпаса, барып-барып оппозицияга айланат да. Азыр булардын артынан эл ээрчий турган же альтернативдик кеңешин угууга муктаж учур деген ойдон алысмын. Бул кеңеш кандай сунуш берсе деле коомго сиңип кетиши күмөн. Элүүдөн ашык мүчө бар деген менен арасында репутациясы күмөн жараткан дагы адамдар жүрөт. Мен жаңы көз караштагы, жаш муундун өкүлү катары бул уюмдар саясий соодалашууну көздөп түзүлгөн дээр элем.

Кыргызстандын тарыхында буга чейин ар кандай оппозициялык кыймылдар болгон. 2005-жылдын астында "Кыргызстан элдик кыймылы" (КЭК), 2008-жылы Бириккен элдик кыймыл (БЭК) деп аталган оппозициялык блок түзүлгөн. БЭКке төрт кыймыл, жети саясий партияны жетектеген саясатчылар кирген.

2010-2021-жылдары Жогорку Кеңешке өткөн шайлоого катышкан партиялардын бир бөлүгү добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай, өзүнчө “Элдик парламент” түзүү аракетин көргөн. 2016-жылы бийликке оппозиция экенин жарыялаган “Элдик парламенттин” бир катар мүчөлөрү бийликти күч менен басып алууга шек саналып, абакка кесилип чыкты.

Бийлик өлкөдө саясатчыларга каршы куугунтук жок экенин, сөз эркиндигин чектөө сыяктуу сындарды четке кагып келет.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG