Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

КСДП: Ширшов сыртынан соттолгон, токтоосуз камалышы керек


Алексей Ширшов.
Алексей Ширшов.

Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы (КСДП) энергетикалык системадагы коррупцияга айыпталып, сыртынан соттолгон Алексей Ширшовдун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кармалып, кайра кое бирилишин сындаган билдирүү таратты.

Анда мамлекет башчынын Фейсбуктагы баракчасында Алексей Ширшовго эч кандай кылмыш иши козголбогону тууралуу жазышы - мамлекеттик бийликтин мыйзам бузганы болуп саналары жазылган.

"Алексей Ширшов 2015-жылы 19-январда Биринчи май райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодесинин 221-беренеси (" Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы" 1997-жылкы редакция) менен сыртынан соттолгон. Ошол эле жылдын 15-мартында Бишкеке шаардык соту бул чечимди күчүнө калтырып, Ширшовду үч жылдык мөөнөткө күчөтүлгөн режимде жазасын өтөөгө өкүм кылган. 2021-жылы 26-июлдагы Жогорку соттун булардын баарын күчүндө калтырган токтому бар. Президент Жапаров Алексей Ширшовго эч кандай кылмыш иши жана ага издөө жарыяланган эмес деген маалыматты күч кызматтарынан алганын билдирүүдө. Демек, мамлекет башчыны да атайын жалган маалыматтарды берип, адаштырып жатышат", - деп жазылган билдирүүдө.

КСДПчылар ошондой эле Алексей Ширшов жогоруда айтылган сот өкүмдөрүнүн негизинде токтоосуз түрдө кармалып, камакка алынууга тийиштигин белгилешкен. Ага ылайык, кайсы бир кылмышка шектүүлөргө гана бөгөт чарасы каралат, ал эми сот өкүмү чыгып, соттолгон адамдар түрмөгө камалышы керек.

Президент Садыр Жапаров 11-майда Алексей Ширшов боюнча пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Жапаровдун айтуусунда Алексей Ширшовго карата Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан эч кандай кылмыш иши козголуп, издөө салынган эмес.

"Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов кармалып, бөгөт чарасы 10-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Соттун чечими менен ал 26-майга чейин үй камагына чыгарылды.

Алексей Ширшов үй камагына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен чыкканы маалым болду. Аталган орган бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн делген адамдын кармалып, кайра тез эле эркиндикке чыгып кетиши коомчулукта сынга кабылууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG