Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:41

Айыл калкы үчүн санарип мүмкүнчүлүктөр талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 17-майда Бишкекте “Айыл жергесинде жашаган калк үчүн кандай санарип мүмкүнчүлүктөр бар?” деген темада талкуу өтөт.

Ага Европа Биримдиги каржылаган долбоорлордун өкүлдөрү катышып, жаштарга, аялдарга жана эмгек мигранттарына маалыматтык технологиялар боюнча кандай мүмкүнчүлүктөр, кандай гранттык колдоо бар экени тууралуу маалымат беришет.

“Кыргыз интернет коомчулугу” бирикмеси уюштуруп жаткан бул вебинарга Zoom платформасы аркылуу бардык аймактардан каалоочулар катыша алат.

2018-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү, 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, ал эми 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG