Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Орусия Украинанын авиациялык "Мотор Сич" заводуна сокку урду


"Мотор Сич" заводу Украинанын Запорожье шаарында жайгашкан.
"Мотор Сич" заводу Украинанын Запорожье шаарында жайгашкан.

Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын Донецк жана Луган облустарындагы баскынчылыгын улантып, согуштук талаадан алысыраак жайгашкан башка украин шаарларына ракеталык сокку урду.

Запорожье шаарына жасалган соккулардан улам бир нече адам өлүп, дагы он чакты киши жабыркаганын облустук мамлекеттик администрация кабарлады. Шаршембиге караган түнкү чабуулдардан эле кеминде 62 үй жабыркады.

Запорожьеде мындан сырткары учактар жана тик учактар үчүн моторлорду чыгарган "Мотор Сич" заводунун имараттары талкаланды. Орусиянын Коргоо министрлиги завод аскердик авиацияны да тейлегени үчүн атайын бутага алынганын ырастады.

Жаңы соккулар мындан сырткары Днепропетровскинин Кривой Рог шаарындагы өндүрүштүк ишканаларга, Луганскинин Северодонецк шаарындагы, Донецкинин Лиман шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө жана ушул айланадагы конуштарга жасалды. Мындан бир нече адам өлдү. Британ чалгын кызматы мурдараак орус аскерлери Северодонецкини толук басып алууну көздөп жатканын билдирген.

Орус армиясы өткөн аптанын аягынан баштап Украинанын чыгыш жана түштүк аймактарындагы чабуулдарын кайрадан күчөткөн. Артиллериялык, ракеталык жана авиациялык аткылоолор Луганск, Донецк, Николаевск жана Херсон облустарында үзгүлтүксүз уланып жатат. Украиналык аскерлер айрым жерлерде туруштук берип, Орусиянын күчтөрү кайра артка чегинүүгө аргасыз болгон.

Талдоочулар согуштук аракеттер созулуп кеткендиктен, Орусия "чакан жеңиштерге" жетүүнү көздөп жатат деп баа беришүүдө. Өткөн аптада Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус күчтөрү Луганск облусуна көзөмөлүн орнотууга жакын калганын айткан.

Орусиянын Украинага басып киргенине 24-майда толук үч ай болду. Президент Владимир Путиндин буйругу менен орус армиясы өлкөгө 24-февралда кол салган. Бул аралыкта эки тараптан тең миңдеген адам өлдү. 6,5 миллиондон ашуун тургун Украинаны таштап чыгып кетти. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG