Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

Прокуратура: ИИМдин күзөт кызматкерлери казынага 3 млн. сомдон ашык зыян келтирген


Ички иштер министрлигинин Жалал-Абад облусунун Аксы райондук күзөт бөлүмүнүн кызмат адамдарына иш козголду.

Башкы прокуратуранын 17-июнда тараткан маалыматында аталган бөлүмдүн кызматкерлери бухгалтердик отчеттордо жалган маалыматтарды көрсөткөнү жазылган.

"Мыйзамсыз ашыкча эмгек акы алышып, жеке ишкерлер менен ич ара сүйлөшүп, жалган мамлекекеттик сатып алууларды өткөрүшкөн. Жыйынтыгында мамлекеттик казынага 3 млн. 191 миң 947 сом зыян келген”, - деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

Бул иш боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Башкы көзөмөл орган 23-майда Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы М.Р. 2019-2021-жылдар аралыгында өзүнө тийиштүү айлык акыдан тышкары 2 млн. 482 миң 586 сомду өз кызыкчылыгына пайдаланганын маалымдаган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG