Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:04

ЕБдеги беш өлкө орусиялык туристтерди коомдук коопсуздукка коркунуч деп атады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Латвия, Литва, Польша, Финляндия жана Эстония Орусиянын жарандарынын Шенген аймагына киришин коомдук коопсуздукка коркунуч деп атады. Алар Еврокомиссиядан орусиялык туристтердин кирүүсүн чектөө боюнча чараларды көрүүнү талап кылганын The Financial Times басылмасы жазды.

Гезиттин маалыматына караганда, беш өлкөнүн биргелешкен билдирүүсү Чехияда өтүп жаткан Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жыйынында жарыяланды. Гезит Орусия Украинага согуш ачкан февраль айынан бери Евробиримдиктин Орусия менен чектеш өлкөлөрүнөн 700 миңдей орусиялык өткөнүн кабарлады. Алардын басымдуу бөлүгү Батыш Европа мамлекеттерине эс алуу үчүн барган туристтер.

Орусия Украинага басып киргенден кийин Евробиримдик Орусия менен аба байланышын токтоткон. Ушундан улам орусиялыктар Евробиримдикке транзиттик өлкөлөр аркылуу же кургактагы чек арадан гана кире алат.

AFP агенттиги былтыр Орусиянын жарандарынан шенген визасын алуу үчүн 536 миң кайрылуу түшкөнүн, анын 3% четке кагылганын жазды. Ал эми Евробиримдик 2022-жылдагы статистиканы жарыялай элек.

Орусия Украинага чабуул жасагандан кийин Евробиримдиктеги айрым өлкөлөр, анын ичинде Балтика мамлекеттери, Польша жана Чехия орус жарандарына шенген визасын берүүнү биротоло токтотууну, же чектөөнү сунуштаган.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский The Washington Post гезитине берген маегинде Батыш өлкөлөрүн Орусиянын бардык жарандарын өз аймагына киргизүүгө тыюу салууга чакырган. Латвия, Чехия жана Эстония Орусиянын жарандарына шенген туристтик визасын берүүнү токтотту. Финляндия болсо виза берүүнү азайтарын билдирди.

XS
SM
MD
LG