Орусиянын президенти Владимир Путин газ акысын “дос эмес өлкөлөрдү” чет элдик валюта менен төлөөгө макулдук берген буйрукка кол койду. Бул тууралуу расмий документтер жарыяланган сайтта кабарланды.
Документке ылайык, орусиялык газ жеткирүүчүлөр “дос эмес өлкөлөрдөн” газ үчүн карызды чет өлкөлүк валютада кабыл алса болот. Ал үчүн орусиялык газ жеткирүүчүнүн кайрылуусу менен ыйгарым укуктуу банкта атайын эсеп ачылышы керек. Газ сатып алуучу акча каражатын ошол эсепке которот.
31-мартта Путин “дос эмес өлкөлөр” үчүн жаратылыш газын рубль менен гана сатууга буйрук чыгарган. Ал үчүн орус газын сатып алган Батыш өлкөлөрү “Газпромбанкта” эсеп ачышы керек болгон. Орус бийлиги “дос эмес өлкөлөр” деп Батыш өлкөлөрүн эсептейт. (TSh)