Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Грузияда актер жана ырчы Вахтанг Кикабидзе дүйнө салды


Вахтанг Кикабидзе. 2019-жыл.
Вахтанг Кикабидзе. 2019-жыл.

Вахтанг Кикабидзенин дүйнөдөн кайтканын грузиялык «Мтавари» телеканалы кабарлады.

Ал кино жана сериалдарда 30дан ашык роль жараткан. 1977-жылы «Мимино» тасмасында учкуч Валико Мизандаринин ролун ойноп, элге кеңири таанылган.

2020-жылдан бери ал грузин парламентинде Михаил Саакашвилинин «Бирдиктүү улуттук кыймыл» партиясынан депутат болчу.

Кикабидзе Украинанын эмгек сиңирген артисти наамын алган. Орусия Грузияга кол салган 2008-жылдан тарта каршылык иретинде Орусиянын иш-чараларына катышпай калган жана Достук орденинен баш тарткан.

2022-жылдын февраль айында актер Орусиянын Украинага карата аскердик агрессиясын айыптаган.

«Украина жеңсин деп ар дайым тилейм. Ал бул согушту жеңет. Мен буга бөркүмдөй ишенем», -деген Кикабидзе.

Киноактёр, эстрада ырчысы, сценарист, режиссёр жана ырлардын автору Вахтанг Кикабидзе 84 жашта эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG