Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

“Камбар-Ата-1” ГЭСинин негиздемеси ЕАӨБ менен чогуу даярдалат


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан “Камбар-Ата-1” ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭО) Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ ) менен бирге даярдай турганын билдирди.

Жапаров бул тууралуу 3-февралда Алматы шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында айтты. Ал Кыргызстан коңшулары – Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте Кыргызстандагы эң ири “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун баштаганын кошумчалады.

Үч өлкөнүн энергетика министрлери 6-январда Бишкекте “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча жол картанын макулдашуусуна кол коюшкан.

Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт.

Кыргыз бийлиги “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга болжол менен 2 млрд. 916 млн. доллар кетет деп маалымдаган. Курулуш алты этаптан турат. Энергетикалык эксперттер долбоордун наркы 4-5 млрд. долларга чейин жетет деп эсептешет.

ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалууда. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт.

Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG