Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Суданда ок атышпоо келишими бузулуп, кармаш уланууда


Судан. 17-апрель, 2023-жыл
Судан. 17-апрель, 2023-жыл

АКШ арачы түшкөн ок атышпоо келишими ишке ашпай калгандан кийин шаршембиде Судандын борборунда армия менен жарым-жартылай аскерлешкен күчтөрдүн ортосунда кармаш уланды. Аба соккулары жана жардыруулар болуп, Жапония өңдүү мамлекеттер өз жарандарын эвакуациялоого даярданууда.

Тынымсыз бомбалоолордун жана катуу жардыруулардын добушу Хартумдун борборунда, аэропорттун айланасында угулуп турду.

Видеолордон көрүнүп тургандай, асманды коюу түтүн каптады.

Чет элдик державалар, анын ичинде АКШ камалып калган жергиликтүү тургундарга жардам жана өтө зарыл болгон буюмдарды алууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн кармаштарды токтотууга чакырып келатышат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Судандын саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, өткөн жумада башталган кагылышууларда кеминде 270 киши набыт болуп, 2600ү жарат алганын билдирди.

Тараптар шейшембиде ок атышууну токтотууга макул болгону менен зордук-зомбулук уланып, армия менен жарым-жартылай аскерлешкен күчтөр бири-бирин элдешүү келишимин сактабаганы үчүн айыпташты.

XS
SM
MD
LG