Бишкектин Биринчи май райондук соту салык кызматкерлерине козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган Forester компаниясынын директору Александр Череповдун бөгөт чарасын чарап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, сотто Череповду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн атайын кызматтын тергөөчүлөрү келтиришкен.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 17-апрелде Мамлекеттик салык кызматынын он кызматкери коррупцияга айыпталып, кармалганын кабарлаган.
Мекеме тараткан маалыматка караганда, кармалгандар ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, алардын 100 миллион сомдон ашык салыгынын көлөмүн атайылап азайтканы аныкталган. Тергөө учурунда такталгандай, алардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында бул сумманын ордуна бюджетке болгону 3,3 миллион сом гана түшкөнү такталган. Иликтөөдөн кийин салыкты жашырган фирма 100 миллион сом бюджетке төктү.
18-апрель күнү ушул эле кылмыш иштин алкагында Кыргызстандагы Forester компаниясынын директору Александр Черепов кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Сот Мамлекеттик салык кызматынын он инспекторун камакка алуу чечимин чыгарган.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери уланууда.
Forester – Кыргызстандагы дистрибьютордук ири компания. Ал 1997-жылы негизделген. Компания алкоголдук ичимдиктерди, суусундуктарды, кондитердик жана консерваланган азыктарды, жууп-тазалоочу жана башка продукцияларды жеткирүү менен алектенет. (ErN)