Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Кан жолдогу кырсыкта бир үйдөн беш өмүр кыйылды


Маркум Сайрагүл Жусубакунованын үйү. Баш-Кайыңды айылы. 29.05.2023
Маркум Сайрагүл Жусубакунованын үйү. Баш-Кайыңды айылы. 29.05.2023

Токмоктогу айланма жолдо болгон автокырсыкта каза болгон сегиз кишинин сөөгү 29-майда Ат-Башы районунда жерге берилди. Алардын бешөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.

Баш-Кайыңды айылында түшкө чейин алты кишинин жаназасы окулду. Оор жоготуу айрыкча, бир эле учурда баласынан, кызынан, келининен жана эки небересинен ажыраган энеге кыйын болду. Маркумдардын жаназасына айыл эли, туугандары жабыла келди. Кан жуткан бүлөнүн кайгысын бөлүшүү аларга оңой болгон жок.

Баш-Кайыңдыда бир күндө алты кишинин жаназасы окулду. 29.05.2023
Баш-Кайыңдыда бир күндө алты кишинин жаназасы окулду. 29.05.2023

27-майда Токмоктогу айланма жолдогу кырсыкта сегиз кишинин өмүрү кыйылганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлаган.

«Honda Odissey үлгүсүндөгү автоунаа Нарындан Бишкекке жүргүнчү алып келе жатканда кырсыкка кабылган. Буга анын каршылаш жолго чыгып кетип, автоманипулятор менен кагышканы себеп болгон», - деп айтылат маалыматта.

Кырсыкка кабылган автоунааны башкайыңдылык Алтынбек Жусубалиев башкарып бараткан.

Машиненин ичинде анын аялы, эки жаштагы кызы, 11ге жаңы толгон баласын ээрчиткен карындашы болгон.

Алар Бишкекке бир тууганынын бешик тоюна баратышкан экен.

Шаарга жөнөгөн машинеде бош орун болгондуктан, айдоочу 65 жаштагы айылдашын жана Ат-Башы районунун Дыйкан айылындагы эки кесиптешин да салып алган.

Бирок алар барчу жерине жетпей, кырсыкта набыт болушту. Маркум Алтынбектин жездеси Амантур Токсобаев буларды айтты.

Амантур Токсобаев
Амантур Токсобаев

“Кайним Алтынбек "жезде, шаарга буюрса саат үчтөрдө барып калабыз, сарсанаа болбоңуз" деп чалган. Бирок ошол бойдон дайыны жок болду. Кеч болуп кеткендиктен, эмне болду деп кайра чалсам телефону өчүк болуп калды. Кечирээк кайненем мага чалып, Токмокко келе кал деди. Барсам ушул окуя болуптур. Кырсык болгон жерден эле алардын баары мүрт кеткен экен. Кайним машинени катуу деле айдачу эмес. Уктап кеткенби деп жатабыз”.

Маркум Алтынбек Жусубалиев Баш-Кайыңды айылындагы мектепте дене тарбия мугалими болуп иштечү. Аялы балдары менен үй кожойкеси болгон.

Жубайлардын өздөрү менен кошо эки жаштагы кызы да каза болду. Алардын артында төрт баласы жетим калды. Балдардын улуусу 12, кичүүсү 4 жашта.

“Мындан бир аз мурдараак эле алардын сегиз айлык кызы да чарчап калган. Кайгыдан арыла электе мындай окуя болду. Алтынбектин атасы жок, он беш жыл мурда каза болгон. 60ка чыккан апасы бар. Алтынбектин үч кызы жана бир уулу бар, балдары апасында калды. Биз дагы милдетин алып, аларды кароосуз калтырбайбыз”, - дейт маркумдун жездеси Амантур Токсобаев.

Маркум Алтынбек Жусубалиев башкарып бараткан машинеде 11 жаштагы кызы менен каза болгон карындашы Сайрагүл Жусубалиеванын үч баласы да энесиз калды.

Андан башка Баш-Кайыңды айылынын 65 жаштагы тургуну Майрамкүл менен дыйкандык 25 жана 20 жаштагы жигиттер да кырсыктан бейажал жарык дүйнө менен кош айтышты.

Сегиз адамдын бирдей өлүмү өлкөдө көптөн бери талкууланып, бирок майнап чыкпай келген жол коопсуздугу боюнча талкууну жаратты. ИИМдин алдындагы Жол коопсуздугу башкармалыгы соңку окуя жөнүндө алгачкы кабарды таратканда эле кырсыктаган Honda Odissey машинесинин оң рулдуу болгонуна басым жасап, дал ушул жагдайды себеп катары кыйытты.

Буга чейин өлкөдөгү жол кырсыктарын азайтуу максатында эреже бузгандарга айыппул көтөрүлгөн. Анда президент Садыр Жапаров жол кырсыктарынын көп катталышына себеп катары соңку 30 жылда айдоочулук күбөлүктөр сатылып, белек катары берилип келгенин жана айыппулдун жеңилдигин атаган.

Бирок жол коопсуздугу боюнча адис Чынара Касмамбетова учурда айдоочулар, жүргүнчүлөр жана өлкө бийлигинин биргелешкен аракети болсо гана абалды өзгөртүү мүмкүн экенин айтып жатат.

Чынара Касманбетова
Чынара Касманбетова

"Жол кырсыгын болтурбоо же алдын алуу үчүн бул жаатта органдар комплекстүү иш алып барышы керек. Азыр дүйнөдөгү бүт өлкөлөр жол кырсыгынан каза болгондордун санын 2030-жылга чейин 50% кыскартабыз деген программа менен иштеп жатат. Ошол стратегиялык программага Кыргызстан да кол койгон. Жол кырсыктарынын кесепетин аныктап, ошону чечкенге аракет кылышыбыз керек".

Расмий маалыматка ылайык, 2022-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу автоунаа кырсыктары 5,3%, каза болгондор 20,5% азайган. Кыргызстанда 1 млн. 400 миңдей машине бар. ИИМдин эсебинде жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын айынан болот.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы былтыр 7 040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам каза болгонун январь айынын этегинде билдирген

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG