Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

Күчүнө кирген мыйзам, ОСАГОнун шарттары


Жолдо бузулган автоунаа. Бишкек, Кыргызстан. (архивдик сүрөт)
Жолдо бузулган автоунаа. Бишкек, Кыргызстан. (архивдик сүрөт)

Кыргызстанда 1-январдан тарта айдоочуларды камсыздандыруу полисин (ОСАГО) алууга милдеттендирген мыйзам күчүнө кирди.

Эми талапты аткарбаган автоунаа ээлерине апрель айынан баштап айып пул салынат. Бир топ жылдан бери иштебей элдин оозунда ОСАГО деген ат менен айтылып келаткан мыйзамдын шарттары, камсыздандыруу полисин алуунун жол-жоболору тууралуу айтып беребиз.

ОСАГО мыйзамы күчүнө кирди

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, жыл башынан бери 300дүн тегерегинде гана айдоочу камсыздандыруу полисин алды.

Бул маселе Жогорку Кеңештин 12-январдагы жыйынында да көтөрүлдү.

Депутат Эмил Токтошев тийишелүү мамлекеттик мекемелерди машинасы боюнча жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу тууралуу элге маалымат берүүгө чакырды.

“Камсыздандыруу төлөмүн төлөбөсө 1-апрелден тартып айып пул салына баштайт. Мен сураштырып көрсөм, он кишинин сегизи билбейт, айылдагылардын такыр маалыматы жок. Биз бул мыйзамды убагында колдоп бергенбиз. Эми дагы жылып кетпесин. Айдоочуларга акчаны үйдөн тиркеме менен төлөөгө шарт түзүп бериш керек”.

“Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам 2015-жылы эле кабыл алынган. Документ 2016-жылы иштей баштамак. Бирок камсыздандыруу полисинин баасы, төлөнчү кенемте, анын шарттары так аныкталбай айдоочулар каршы болуп жети жылдан бери ишке ашпай келаткан.

Министрлер кабинети былтыр 16-декабрда токтом чыгарып жол коопсуздугун караган инспекторлорго милдеттүү көрсөтүлө турган документтердин тизмесине камсыздандыруу полисин да кошту. Ага ылайык 1-апрелден баштап текшерүү башталат жана полис албаган айдоочуларга 3 миң сом, мекемелерге 13 миң сом айып пул салынат.

“Кыргыз камсыздандыруучулар ассоциациясынын” адиси Бакыт Шаршеналиев автоунааларды камсыздандырууга болгон муктаждыктарды санап берди.

“Айдоочу машинаны, адамды же бир үйдүн дубалын сүзүп кимдер бирөөгө зыян келтирсе, көп учурда маселе чечилбей узарып кетет. Күнөөлүү болгон киши акчам жок дейт же көчөдө бири-бири менен мушташат. Ошентип келтирилген зыян төлөнбөйт. Эгерде айдоочуда камсыздандыруу полиси болсо жабыр тарткан адамдын чыгымын камсыздандыруу компаниясы төлөп берет. ОСАГО – бул жабырлануучунун укугун коргоо. Азыр автоунаалар токтотулчу айып жайларды карасаң сүзүлгөн машина толтура. Алардын ээлери жылдап соттошуп жүрөт. Күнөөлүү болгон тарап ана төлөйм, мына төлөйм деп качып жүрө берет. Камсыздандыруучу компания ушул иш менен алектенет”.

Камсыздандыруу компаниялары

Ушул тапта Кыргызстанда 10 камсыздандыруу ишканасы айдоочуларга полис берип жатат. Алардын бирөө мамлекеттик калганы жеке менчик компаниялар.

Камсыздандыруу компаниялары:

“Камсыздандыруу боюнча мамлекеттик уюм”, “Алма Иншуренс”, “Атн полис”, “НСК”, “Арсенал-Кыргызстан”, “Аю Гаранд”, “Мега Иншуренс Групп”, Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company, “Кыргызстан” жана “А Плюс”.

(“Азаттык” камсыздандыруу компанияларынын атын коммерциялык негизде эмес маалымат үчүн гана жазды).

Камсыздандыруу полисинин баасы

Эми камсыздандыруу полисинин баасына келсек. Анын баштапкы баасы 1680 сом. Машинанын түрүнө, кыймылдаткычынын көлөмүнө, айдоочунун жаш курагы менен стажына жараша өзгөрөт.

Мисалы, сиздин автоунааңыздын кыймылдаткычынын көлөмү 2 куб, 25 жашка чыга элек болсоңуз жана стажыңыз үч жылга жетпесе камсыздандыруу полиси үчүн 12 айга 2 352 сом төлөйсүз. Эгерде 25 жаштан өтүп үч жылдан көп стажыңыз болсо, кыймылдаткычынын көлөмү ушундай эле болгон машинеге бир жылга 1680 сом төгөсүз. Бул тажрыйбасы аз айдоочулардын жол кырсыгына кабылуу ыктымалдуулугу жогору, ал эми тажрыйбалуулардыкы төмөн деген негизде коюлган сумма. Полистин баасы орто эсеп менен алганда бир жылга 2 миң сом.

Айдоочу жол кырсыгына кабылбаса, эреже бузбаса кийинки жылы полис арзан берилет. Кырсыктап, жол эрежелерин көп бузса тескерисинче кымбаттайт. Айдоочулар камсыздандыруу полисин сөзсүз бир жылга алышы шарт эмес. Беш күндөн 12 айга чейин алса болот. Баасы да мөөнөтүнө жараша өзгөрөт.

Кенемте төлөөнүн шарттары

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Тахмина Камчыбекова кенемтени төлөөнүн шарттарын түшүндүрүп берди.

“Жол кырсыгы болгондо МАИ кызматкерлери келип иликтейт. Ошол эле кезде автоунаанын ээлери камсыздандыруу полисин алган компанияга дароо маалымат бериши керек. Компаниянын өкүлдөрү келип кырсыктын себептерин карап чыгат. Он күндүн ичинде машинасы каралып, экспертиза жүргүзүлөт. Адамдын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлккө келтирилген чыгым эсептелет. 30 күндүн ичинде камсыздандыруу компаниясы чыгымды төлөп берет. Эгерде чыгым белгиленген суммадан ашып кетсе, калган каражатты күнөөлүү тарап өзү көтөрөт”.

Тактай кетүүчү жагдай камсыздандыруу ишканасы жабыр тарткан гана тараптын чыгымын төлөп берет.

Эгерде жол кырсыгынан адам каза болсо, жабырлануучунун өлүмү үчүн 300 миң сом кенемте берилет. I топтогу майып болуп калса 200 миң сом, II топтогу майып болсо 150 миң сом, III топтогу майып болуп калса 100 миң сом төлөнөт. Балдарга 200 миң сом берилет. Кырсыктан ден соолугунан жараат алгандардын дарылануусу үчүн 100 миң сомго чейин төлөнөт.

Автоунаасына же башка мүлкүнө зыян келгендердин ар бирине 150 миң сомдон кенемте берилет. Жабырлануучулардын чыгымы 450 миң сомдон ашып кетсе калганын күнөөлүү адам өзү көтөрөт.

“Айдоочулар союзу” коомдук бирикмесинин жетекчисинин орун басары Дүйшөналы Токтакунов ОСАГО боюнча пикири менен бөлүштү.

“Камсыздандыруу компанияларынын көбү мамлекеттик болсо жакшы болмок. Себеби, адамдар мамлекетке ишенет. Ал эми жеке ишканалардан кооптонушу мүмкүн. Бирок ОСАГО керек. Айдоочулар жылына 2 миң сом төлөйт. Мисалы, бир машинаны чийип алсаң ал 2 миң сомго бүтпөйт. Жок деген 5-10 миң сом кетет. Эртең жол кырсыгына кабылбайсың деген кепилдик жок да. Казакстанда, Орусияда деле камсыздандыруу полиси жок машинаңды айдай албайсың”.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 1 миллион 400 миңдей автоунаа бар. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, соңку он жылда Кыргызстанда 68 миңге жакын жол-транспорт кырсыгы болуп, натыйжада 10 миңдей адам каза тапкан. Жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын күнөөсүнөн болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG