Атайын кызмат “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен кармаган беш кишинин төртөө эки аптага камалып, бирөө үй камагына чыкты.
Беш кишинин төртөө камалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен кармаган беш кишинин бөгөт чарасы 7-июнда Биринчи май райондук сотунда каралган.
Аты белгилүү болгондордон жогорку окуу жайлардын биринин мугалими Чолпонбек Сыдыкбаев тергөөчүлөрдүн өтүнүчү менен үй камагына чыгарылды. Роза Нурматова, Гүлжигит Исаков жана кимдер экени белгисиз болуп жаткан дагы эки киши 21-июнга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камалды.
“Соттун чечими жашыруун экен”
Камалгандардын бири, жарандык активист Гүлжигит Исаковдун иниси Искендер Исаков “Азаттыкка” буларды айтып берди.
“Соттун чечими менен тааныштым. Текст боюнча так айтып бере албайм. Анткени "жашыруун" деген жери бар экен. Бирок, маңызын айтып бере алам. Агамдын “бийликти басып алуу аракети” деп кармалгандарга тиешеси жок экен. Болгону кафеде отуруп, бир адам менен эркин темада сүйлөшүптүр. Ошонун стенограммасын жазып, аягында “бийликти басып алуу аракети бар” деген корутунду чыгарыптыр. Лингвистикалык экспертиза ошондой жыйынтык чыгарган экен. Документте айдан ачык эле жалган жалаа жабуу аракети байкалып турат”, - деген Исаков агасы жеке ишкерлик менен гана алектенип, бийликти басып алуу ниети болбогонун кошумчалады.
Жарандык активист Гүлжигит Исаков Фейсбуктагы баракчасында президент Садыр Жапаровдун бийлигин байма-бай сындап келген. Ал кыргыз-өзбек чек ара келишими, салык саясаты, коррупция менен күрөшүү сыяктуу темаларда билдирүү жазып, сын-пикирин айтып турчу.
"Элдик кеңеш" партиясынын жетекчиси Роза Нурматованын жактоочулары же жакындары атайын кызматтын айыптоосу боюнча комментарий бере элек. УКМК “төңкөрүшкө аракет кылгандардын башында Нурматова турат” деп айыптап жатат.
“Төңкөрүш аракети” эл аралык медианын назарында
“Кыргызстанда бийликти басып алуу аракетине бөгөт коюлду” деген кабар кыргыз коомунда гана эмес эл аралык медиага дагы желдей тарады.
5-июнда ЖМКлар аркылуу күч органдарындагы булактардан тараган кабар, 6-июнда расмий тастыкталды.
Айрым түрк медиалары бул кабарларды “Гүлен” темасына байланыштырып жазса, бир нече орус басылмалары Роза Нурматова президент Садыр Жапаровдун мурунку тарапташы экенине, АКШ, Батышка каршы пикирлерине көңүл бурушту.
Ал эми Би-Би-Синин орус кызматы кармалгандардын уюштуруучусу негиздеген “Элдик кеңеш" партиясы коомчулукта таасирдүү эмес, “төңкөрүш аракетинин мотиви белгисиз” экенин белгиледи.
Жергиликтүү жарандык активист Нурсултан Акылбек өлкөнүн коопсуздук тармагындагы жогорку жетекчилер бул окуя боюнча так маалымат бериши керек деп эсептейт. Ал мындай кырдаалда коомчулукта бүдөмүк ойлор жараларын белгиледи.
“Мамлекеттин туруктуулугуна кол салды” деген - чоң айыптоо. Сөзсүз түрдө булар кимдер, кантип төңкөрүш кылганы жатканы жөнүндө так маалымат берилиши керек. Атайын кызмат чон операция кылды окшойт. Анан чындап булардын төңкөрүш жасоого ресурстары болгонбу деген суроо жаралат. Кабарларга караганда артында кишилери бар, таасирдүү эч ким жок экен. Бирок, Орусиянын маалымат катчысы реакция кылып жатат. Демек, так, толук маалымат берилиши керек болчу. Көчөдө жөн гана "буларды кетириш керек" деген сөздөрдү сүйлөшкөндөр камалганы туура эмес, - деди ал.
УКМК тараткан билдирүү
Эркин журналист Алмаз Темирбек мындай камоолордун саясий жагына токтолду.
"Албетте, тергөөдө баары белгилүү болоор. Азырынча маалымат аз болуп жатат. Бирок, кармалгандардын бийликти басып алуу ниетине ишенген жокмун. Алардын арасында элди ээрчитип чыга алчу эч кимиси жок экен. Бул балким мындай кийин чоң акцияларга чыкпагыла деген сыяктуу башка саясатчыларга белги болушу мүмкүн", - деди.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “бийликти күч менен басып алуу аракети” менен кармалгандар тууралуу билдирүүсүндө шектүүлөрдү кармап жаткан видеолордон сырткары адамдардын телефондук сүйлөшүүсү жаздырылган аудио дагы тиркелген. Ал видеодо белгисиз адамдар “киши чогултуу” жөнүндө сүйлөшүп жатышат.
Атайын кызмат уюшкан топ көп убакыттан бери нааразы адамдарды өзүнө тартып, “бийликти күч менен басып алуунун пландарын талкуулоого тиешеси бар адамдарды мамлекеттик структураларга каршы үгүттөөгө багытталган жашыруун жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлгөн” деп айтылат.
“Тергөөдө аныкталгандай, бул уюшкан топко коомдун ар кайсы катмарынан жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 100дөн ашык адам тартылган, алардын ортосунда конкреттүү милдеттер так бөлүштүрүлгөн. Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта уюштуруу маселелерин каржылоо жана негизги кызмат адамдарына сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан олуттуу каражаттарды алуу күтүлгөн. Бул аталгандар коомдо кандайдыр бир окуяга нааразычылык пайда болгондон кийин дароо өздөрүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашыруунун активдүү фазасын баштоону көздөшкөн”, - деп айтылат билдирүүдө.
Бирок, атайын кызмат кайсы чет элдик булактан каражат келерин так жазган эмес. 5-июнда УКМКга отуздан ашык адам алып келинип, атайын кызмат “негизги шериктер” деп атаган Н.Р.С., И.Г.С., М.А.Ж. жана Д.Т.А., күнөөсүн моюнуна алышканын кабарлады.
Ушул тапта коомчулукка “Кемпир-Абад иши” катары белгилүү “бийликти басып алуу, массалык башаламандык уюштурууга даярдык” беренеси менен отуздай киши айыпталып, анын он чактысы абакта жатат. Алар өткөн жылы октябрда жапырт кармалган. Алардын дагы кафеде сүйлөшкөн аудиосу тараган.
Ушундай эле берене менен парламенттеги оппозициялык депутат Адахан Мадумаровго кылмыш иши козголду. Аны жоопко тартуу боюнча Башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттен уруксат сурап, ал боюнча комиссия түзүлдү.
Кыргызстанда бардык бийликтин тушунда "төңкөрүш аракети" деген берене менен саясатчылар соттолгон учурлар көп болгон. Бийлик алмашкандан кийин алардын бир тобу акталган.