Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09

"Ортодон өөнөшкөн". Жерүйдүн акчасы жемкорлукка жол ачканбы?


Талас шаары
Талас шаары

Таластын мурдагы облус башчысы Бакыт Нарбеков менен шаар мэри Аскар Шабданов "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш ишине шек саналып кармалды.

Атайын кызматтын маалыматында алар Талас шаарында тигүү фабрикасын курууда “Ника KG” компаниясы менен атайылап пайдасыз келишим түзүп, анын эсебине 25 млн. сомду мыйзамсыз которгон деп шек саналууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 19-майда президенттин Таластагы мурдагы өкүлү Бакыт Нарбеков жана Талас шаарынын мурдагы мэри Аскар Шабданов баштаган жетекчилер кармалганын билдирди. Маалыматта аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин (337-беренесинин 3-бөлүгү) негизинде иш козголгону жазылган.

“2022-жылдын апрель айында Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы Байкоочу кеңеш тарабынан 2021-жылдын 14-октябрында №220 “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобонун” долбоордук-сметалык документтери жок талаптарын бузуу менен жана Талас шаарында тигүү фабрикасын куруунун максатка ылайыктуулугу боюнча корутундуларды чыгарып, жалпы суммасы 82 млн. сомдук долбоор жактырылганы аныкталган.

2022-жылдын октябрь айында Талас облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы өткөргөн тендердин жыйынтыгы боюнча тигүү фабрикасын курууга "Ника KG" компаниясы жеңүүчү болуп табылган. 17-октябрдагы №44 келишимдин негизинде аткарылган иштердин бардык көлөмү иш жүзүндө кабыл алынгандан кийин 100% акча которулушу керек болчу. Бирок Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Эмир Тыныбековдун көрсөтмөсү менен президенттин Таластагы мурдагы өкүлү Бакыт Нарбеков Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын катынын негизинде 25 миллион сом которгон, анын ичинен биринчиси, кошумча кайра текшерүүнү талап кылган маалыматтарга ылайык, "откат" иретинде акча каражатын алышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктоо үчүн Мамлекеттик архитектура агенттигинин жана Курулуш, турак жай-коммуналдык чарбасынын адистери долбоордун сметалык документтерине талдоо жүргүзгөнүн, тигүү фабрикасын куруунун алгачкы этабында эле мамлекетке 7 миллион сомдук зыян келтирилгени кошумчаланган.

УКМК тараткан сүрөт
УКМК тараткан сүрөт

Кармалгандар Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 19-майда алардын бөгөт чарасы Талас шаардык сотунда каралып, мурдагы мэр Аскар Шабданов, Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Эмир Тыныбеков, облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Саламат Салыбаев жана “НИКА KG” компаниясынын өкүлү 29-майга чейин камалды.

Ал эми президенттин облустагы мурдагы өкүлү Бакыт Нарбековдун бөгөт чарасы 20-майда каралып, үй камагына чыгарылганы белгилүү болду.

УКМК кылмыш иши козголгонун 11-майда маалымдаган. Мындан кийин облустук бийлик 13-майда билдирүү таратып, иштин баары мыйзам чегинде жүргөнүн айткан, "мамлекетке зыян келтирилген" деген маалыматты четке каккан.

Администрациянын басма сөз катчысы Бакай Садыров "Азаттыкка" билдирүү дагы эле күчүндө экенин билдирди.

Облустук өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин мүчөсү Умар Анарбаев курулушту баштоо мыйзам чегинде болгонун, бирок кармалгандар ортосунда кандай сүйлөшүүлөр жүргөнүнөн кабарсыз экенин билдирди.

“Фонддун аткаруучу директору байкоочу кеңеш чыгарган чечимди аткарууга милдеттүү. Байкоочу кеңеш ушундай долбоорго ушунча каражат керек деп чечим чыгарды да. Анан мен губернатор, мэр, директордун ортолорунда кандай сүйлөшүү болгонун билбей турам, чынын айтсам. Мен билем долбоордун аткарылышын биз колдойбуз. Баары мыйзамдуу болгон. Долбоордун жүрүшү, ишке кириши, жер иштери, пайдубалды тургузуу баары мыйзамдуу болгон”.

Ал эми мэриянын басма сөз катчысы Перизат Мамырова шаар бийлиги каржы маселесине кийлигишпесин, мурдагы мэрдин кармалышын түшүнбөй турганын белгиледи.

“Бул жакта шаар аймагынан жер бөлүп берген учур болбосо, финансылык маселелерге аралашкан эмес. Себеби, тендерди облустагы капиталдык курулуш башкармалыгы берген. Азырынча кармады, бирок айып тагыла элек экен. Азыр эле адвокаты менен сүйлөштүм”.

2022-жылы шаардык мэрия миң орундуу тигүү цехин куруп, "Кул Брос" тигүү ишканасына ижарага берерин билдирген. Курулуш иштеринин чыгымын Облустук өнүктүрүү фонду каржылай турганы айтылган. Тигүү цехин куруу мэриянын демилгеси болгон. Буга байланыштуу мэриянын алдындагы Муниципиалдык менчик башкармалыгы тигүү цехин куруу үчүн эки жолу тендер жарыялап, бирок жеңүүчү тапкан эмес. Андан соң тендерди Облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялап, жыйынтыгын чыгарган.

Кадрлар жана Жерүйдүн акчасы

Таласта чоң кызматтагы адамдардын жемкорлукка шек саналып кармалышы биринчи учур эмес. Буга чейин шаар мэринин биринчи орун басары, шаардык кеңештин төрагасы орун басары менен жана муниципиалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема түзгөн деген шек менен кармалып, кийин баары тең үй камагына чыккан жана келтирилген чыгымды мамлекетке кайтарып бергени айтылган.

Эксперт Эркеайым Мамбеталиева чиновниктердин мындай жапырт кармалышын өлкөдөгү кадр саясатынын чабалдыгына байланыштырат.

“Кадр саясаты чечүүчү ролдо. Кандай кадр саясаты ишке ашырылып жатат, кимдерди кызматка алып келүүдө, алардын чынында ошол мамлекеттик кызматта тажрыйбасы барбы, укуктук ченемдик актыларды жакшы билеби, мамлекеттик кызматтагы тепкичтерди басып келгенби, бардык системаны түшүнөбү деген суроолор абдан маанилүү. Анан көчөдө басып жүргөндү алып келип аким кылып отургузуп койсо ал укуктук ченемдик актыларды кайдан билет? Жеке оюмда кармоолордун себеби ушул дагы болушу мүмкүн”.

Таластагы жергиликтүү бийликтин иштерин сындап жүргөн юрист Аскар Исабеков Облустук өнүктүрүү фондунун каражаты натыйжалуу пайдаланылбай жатат деп эсептейт.

“Бүгүнкү күндө болжолдуу түрдө Жерүйдөн Таласка социалдык жана башка төлөмдөр менен 1,5 млрд. сом бөлүнгөн. Бирок бул каражатты пайдалануу үчүн облустун конкреттүү стратегиялык планы жок. Ошон үчүн ар бир айылга футбол талаалары салынып, көчөлөр жарыктандырылды. Айыл өкмөттөргө техникалар алынды. Булар албетте керек. Бирок мындай иштерди өкмөт кылыш керек эле. Ал эми Жерүйдөн түшкөн акчага көп жылдык план коюп завод- фабрикаларды куруп, жумуш орундарын түзсө жакшы болмок".

Таласта 2021-жылы Жерүй алтын кени ачылгандан бери облустук, райондук өнүктүрүү фонддоруна ири суммадагы каражаттар түшүүдө. Ал каражаттардын көпчүлүгү социалдык маселелерге, аймактагы ирригация, инфраструктура көйгөйлөрүнө жумшалууда.

Жерүй кенин иштетип жаткан "Альянс Алтын" компаниясынын маалыматында, кен иштей баштагандан бери Талас облустук өнүктүрүү фондуна эле 396 млн. 348 миң 375 сом которгон. Мындан улам кенден түшкөн акча "пайдасыз жумшалып жатат" деген сындар айтылып жүрөт.

"Биримдик" жана "Мекеним Кыргызстандан" ат салышкан аткаминерлер

Талас облустук өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңеши 13 мүчөдөн турат. Фонддун жетекчилигин Эмир Тыныбеков башкарып келсе, Байкоочу кеңешинин төрагасын жобого ылайык президенттин Таластагы өкүлү башкарат. Тигүү фабрикасынын курулуш иштери башталганда президенттин Таластагы өкүлү болуп Бакыт Нарбеков иштеп турган.

46 жаштагы Бакыт Нарбеков 2021-жылдан 2023-жылдын башына чейин президенттин Таластагы өкүлү болуп иштеген. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого бийликтин “Биримдик” партиясы менен катышып, мандатка ээ болгон эмес. 2021-жылга чейин Жогорку Кеңештин аппаратында кийинчирээк президенттик администрацияда иштеп келген.

Ал ушул жылы кызматын тапшырып жатып кайрадан президенттик администрацияга кеткени айтылган, бирок расмий такталган эмес.

Ал эми Талас шаарынын мурунку мэри Аскар Шабданов калааны эки жылдай жетектеген. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов артында турганы айтылган “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен катышып, мандатка жеткен эмес.

Ал ушул жуманын башында өз арызы менен кызматтан кеткенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG