Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:48

Швеция өз аймагына НАТОнун аскерлерин жайгаштырууга уруксат берди


Швециянын Куралдуу күчтөрүнүн жогорку командири, генерал Бюден Стокгольмдогу басма сөз жыйынында, 16-май, 2022-жыл.
Швециянын Куралдуу күчтөрүнүн жогорку командири, генерал Бюден Стокгольмдогу басма сөз жыйынында, 16-май, 2022-жыл.

Швеция НАТОго расмий мүчө боло электе эле өз аймагында аскердик альянстын аскерлерин жана базаларын жайгаштырууга уруксат берди. Бул тууралуу 9-июнда Швециянын өкмөт башчысы Ульф Кристерсон жана коргоо министри Пол Юнсон билдирди.

Швед бийлиги мындай кадамды «даярдык чаралары» деп сыпаттады. Dagens Nyheter басылмасында жарык көргөн макалада өкмөт мүчөлөрү белгилегендей, Швецияга НАТОнун аскерлерин жайгаштыруу өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүгүн арттырат жана «Орусияга так белги» болмокчу.

Алар жакынкы келечекте Орусия кошуна мамлекеттерге коркунуч туудурарын, анткени орус президенти Владимир Путиндин «аймактык дооматтарын» алдын ала айтуу кыйын экенин баса белгилешкен.

Орусия Украинага басып кирип, кеңири масштабдагы согуш баштагандан кийин Швеция менен Финляндия НАТОго кирүү ниетин билдирген. Быйыл апрелде Финляндия расмий түрдө Түндүк Атлантикалык альянстын 31-мүчөсү болду. Швеция азырынча аскердик альянска кошулууга талапкер макамында. Стокгольмдун НАТОго мүчөлүккө өтүү арызын Түркия менен Венгрия ратификациялай элек.

Өткөн аптада НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 11-12-июнда Вильнюста өтө турган Түндүк атлантикалык бирикменин саммитинде Швеция мүчөлүккө кабыл алынарын айткан. Мындай максат былтыр Мадридде өткөн саммитте белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG