Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:02

Жеңиш–80: Кыргызстандык каармандар тууралуу баалуу табылга

Маркум Нарынбек Алымкуловдун (15.04.1958 – 11.01.2022) “Советтер Союзунун Баатырлары жана Даңк орденинин толук кавалерлери – кыргызстандыктар: Жаңы фактылар, ысымдар” китебинин (2025) мукабасы.
Маркум Нарынбек Алымкуловдун (15.04.1958 – 11.01.2022) “Советтер Союзунун Баатырлары жана Даңк орденинин толук кавалерлери – кыргызстандыктар: Жаңы фактылар, ысымдар” китебинин (2025) мукабасы.

Германдык фашизмдин үстүнөн болгон Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Бегималы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институту маркум тарыхчы Нарынбек Алымкуловдун мурасы болгон оригиналдуу монографияны жарыкка чыгарды.

Кыргыздын таланттуу тарыхчысы, тарых илимдеринин кандидаты, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти, маркум Нарынбек Ашыралиевич Алымкуловдун (15.04.1958 – 11.01.2022) бараандуу эмгеги “Советтер Союзунун Баатырлары жана Даңк орденинин толук кавалерлери – кыргызстандыктар: Жаңы фактылар, ысымдар” («Герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы – кыргызстанцы: Новые факты, имена») деп аталат.

Улуттук илимдер академиясынын “Илим” басмасында жарык көргөн бул китепте Экинчи дүйнөлүк согуштун (1939–1945) тарыхын жана Улуу Ата Мекендик согуштагы (1941–1945) кыргызстандык катышуучулардын ролун изилдөөдөгү жаңы архивдик жана башка табылгалар камтылган.

Баалуу табылгалар

Мындан ары Экинчи дүйнөлүк согушка кыргызстандыктардын катышуусунун көйгөйлөрү чагылдырылган жаңы окуу китептеринде, окуу куралдарында жана тийешелүү илимий жана жамаагаттык адабиятта тарыхчы Н.А.Алымкулов тарабынан илимий чөйрөгө жаңыдан киргизилген архивдик ж.б. материалдардын негизинде, маселен, төмөнкүдөй жаңы факттар орун алмакчы: эми кыргызстандыктардын арасында “Советтер Союзунун Баатыры” наамынын 82 ээси жана «Даңк» орденинин толук кавалери болгон 32 жоокер болгондугу көрсөтүлүүгө тийиш.

Тарыхчы Н.А.Алымкулов үчүн эки өңүт критерий катары кызмат кылган: 1) тийешелүү каарман жоокер кан майданга Кыргызстандын аймагынан чакырылган; 2) тийешелүү каарман жоокер Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Кыргызстанда байырлап калган жана бул жумуриятта каза болгон.

Буга чейин “Советтер Союзунун Баатыры” наамына ээ болгон 75 жоокердин ысымы дайын эле. Нарынбек Алымкулов тактап, кошкон 7 каарман жоокерлер төмөнкүлөр:

1. Алексеев Максим Николаевич (1911–1986), 1986-жылы 25-октябрда каза болгон, сөөгү Бишкек шаарында коюлган.

2. Андреев Николай Тимофеевич (1905–1974), 1974-жылы 27-сентябрда каза болгон, сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

3. Дернов Петр Сергеевич (1925–1945), 1941-жылы август айында Кыргыз ССРинин Фрунзе облусунун Каганович (азыркы Чүйдөгү Сокулук) районуна эвакуацияланган. Мында ишканада токарь болуп иштеп жүрүп, кан майданга кеткен.

4. Сидоров Петр Петрович (1926–1972), 1972-жылы 29-апрелде каза болгон, сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

5. Спицин Иван Яковлевич (1914–1979), 1979-жылы 12-июнда каза болгон. Сөөгү Бишкек шаарындагы Түштүк-Батыш көрүстөнүнө коюлган.

6. Чернов Иван Григорьевич (1924–1962), 1962-жылы каза болгон, сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

7. Шатов Михаил Григорьевич (1919–1967), 1967-жылы сентябрда каза болгон, сөөгү Бишкек шаарындагы Түндүк көрүстөнүнө коюлган.

Булак: Алымкулов, Нарынбек Ашыралиевич. Герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы – кыргызстанцы: Новые факты, имена / Научный редактор академик А.Асанканов; составитель С.К.Алымкулова; редактор С.М.Скрипкина; Послесловие – Т.Чоротегин. – Бишкек: Илим, 2025. – 450 с., илл. – ISBN 978-9967-9633-1-3. (Мындагы №2 тиркемени караңыз).

Маркум Нарынбек Алымкуловдун (15.04.1958 – 11.01.2022) “Советтер Союзунун Баатырлары жана Даңк орденинин толук кавалерлери – кыргызстандыктар: Жаңы фактылар, ысымдар” китебинин (2025) мукабасы.
Маркум Нарынбек Алымкуловдун (15.04.1958 – 11.01.2022) “Советтер Союзунун Баатырлары жана Даңк орденинин толук кавалерлери – кыргызстандыктар: Жаңы фактылар, ысымдар” китебинин (2025) мукабасы.

Тарыхчы Н.Алымкулов “28 панфиловчу” деген жалган маалыматты бул китепте да четке кагат жана иш жүзүндө Маскөөнүн алдындагы Дубосеково темир жол тилкесинин аймагында ротадагы 130дай каарман панфиловчу Маскөөгө кирип келүүгө далаалат жасаган германдык танктарга каршы бир нече апта бою айыгыша салгылашкандыгы жөнүндө жаңы маалыматты келтирген.

Ал бүтүндөй 4-ротанын жана негизинен казакстандык жана кыргызстандык жоокерлерден куралган жалпы 316-аткычтар дивизиясынын чыныгы эрдигин орусиялык журналист ойлоп тапкан жасалма взводго (28 жоокерге) чегерип коюу – чыныгы каармандардын арбагына карата шек келтирүүгө тете экендиги тууралуу орусиялык аскер адистеринин жана тарыхчыларынын пикирлерин да китебинде камтый кеткен.

Алымкулов: 28 баатыр - идеологиялык миф болгон
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:49 0:00

Н.Алымкулов өз китебинде учкуч Исмаилбек Таранчиев (06.4.1923, Беш-Күңгөй айылы, Кыргызстан – 18.3.1944, Нарвага жакын жер, Эстония) “Советтер Союзунун Бааатыры” наамына өлгөндөн 47 жылдан кийин, 1991-жылы, б.а. СССРдин акыркы жылында гана, татыгандыгын жана бул намга ээ болгон 13-кыргыз болуп калгандыгын эскерет.

(Айтмакчы, кыргыз тарыхчысы Назарбек Түнтеев учкуч И.Таранчиевдин эрдигин тастыктоодо 1989–91-жылдары зор салым кошконун кошумчалай кетсек болот).

Китепти жарыялагандардын тилеги

Китептин илимий редактору, академик Абылабек Асанканов маркум тарыхчы Н.Алымкуловдун мурасын Улуу Жеңиштин 80 жылдык мааракесине карата тез арада жарыялоо жаатында иштиктүү турумун айгинелеген Улуттук илимдер академиясынын президенти, профессор Канатбек Эрмекович Абдрахматовго өзгөчө ыраазычылык билдирди.

Китептин сомоло текстин басмага даярдаган маркумдун жесири Сынару Кадыр кызы Алымкуловага, орусча текстти адабий жаатта редакциялап, ийисине жеткирген Светлана Михайловна Скрипкинага да алкыш айтуу абзел.

Эми алдыбызда маркум Нарынбектин ишин андан ары улантуу үчүн жаш тарыхчы, архив таануучу жана согуш таануучу илимий кадрларды даярдоо милдети турат.

29-апрелде Улуттук илимдер академиясынын Бегималы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институту уюштурган жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы окуяларга жана тагдырларга арналган илимий жыйында жакынкы болочокто Н.А.Алымкуловдун мурасынын бөлүгү болгон бул жаңы китепти мамлекеттик тилге жана башка тилдерге которуу зарылдыгы жөнүндө да маселе козголду.

Алымкулов: Согуштун ачыла эле сырлары көп
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:33 0:00

Соңку сөз

Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган мааракелик иш-чаралар азыркы путиндик согушчан саясатты колдогондордун сүрдүү аскердик парады менен эмес, Экинчи дүйнөлүк согуштун кандуу жылдарында курман болгон миллиондогон кишилердин арбагына багышталып, бардык катышуучу өлкөлөрдө эскерүү жөрөлгөлөрүн өткөрүү менен коштолууга тийиш.

Бул эскерүү (реквием) жөрөлгөлөрү бүткүл адамзатты тынчтыкка, сабырдуулукка жана боорукердикке чакырышы керек.

Албетте, бүткүл адамзаттын келечектеги тарыхында эч кайталанылбашы керек болгон бул алааматтуу дүйнөлүк согуштун тарыхынын көйгөйлөрүн калыс изилдеген Нарынбек Алымкулов сыяктуу тарыхчылардын салымдарын да эстен чыгарбообуз абзел.

Ооруктун эмгекчилери көтөргөн жүк

Абадан жана химияга каршы коргонуу боюнча колхоз инструкторлору. Алдыңкы катарда комсомолка Күлбара Айдарбаева. Калинин району, Фрунзе облусу. 1941-ж. ​(Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды). 
1/24 Абадан жана химияга каршы коргонуу боюнча колхоз инструкторлору. Алдыңкы катарда комсомолка Күлбара Айдарбаева. Калинин району, Фрунзе облусу. 1941-ж. ​(Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды). 
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
 ​Кант районунун “Боз бармак”  колхозунун сокочусу А.Тыналиев 1.5 норманы аткарууда. Фрунзе облусу. 1943-ж. ​​
2/24  ​Кант районунун “Боз бармак”  колхозунун сокочусу А.Тыналиев 1.5 норманы аткарууда. Фрунзе облусу. 1943-ж. ​​
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Каганович районунун &ldquo;Эмгек&rdquo; (Труд) колхозунда жазгы кылкандуу дан эгиндерин себүү учуру.<br />
Фрунзе облусу. Сүрөттүн автору: А.Ревякин. 1941-ж.&nbsp;
3/24 Каганович районунун “Эмгек” (Труд) колхозунда жазгы кылкандуу дан эгиндерин себүү учуру.
Фрунзе облусу. Сүрөттүн автору: А.Ревякин. 1941-ж. 
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Үлгүлүү паравозчулар Рыспаевдердин үй-бүлөсү Пишкек депосунда өздөрүнө таандык паравоздун жанында. Пишпек станциясы. 1943-ж.&nbsp;​​
4/24 Үлгүлүү паравозчулар Рыспаевдердин үй-бүлөсү Пишкек депосунда өздөрүнө таандык паравоздун жанында. Пишпек станциясы. 1943-ж. ​​
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Көк-Жаңгак көмүр кесиминин комсомол-жаштарынын аялдар бригадасынын алдыңкы эмгекчилери. Таш көмүрдү уратып түшүрүүчү жана конвейерге жүктөп туруучу жумушчу П. Атибаева, ат айдагычтар П. Карабаева жана А.Калиева жумуш башталар алдында.<br />
Көк-Жаңгак шаары. 1943-жыл.&nbsp;
5/24 Көк-Жаңгак көмүр кесиминин комсомол-жаштарынын аялдар бригадасынын алдыңкы эмгекчилери. Таш көмүрдү уратып түшүрүүчү жана конвейерге жүктөп туруучу жумушчу П. Атибаева, ат айдагычтар П. Карабаева жана А.Калиева жумуш башталар алдында.
Көк-Жаңгак шаары. 1943-жыл. 
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Жаш шахтачылар жумуштан кайткан учур. Көк-Жаңгак шаары. Сүрөттүн автору: К.Вильчинская. 1945-ж.&nbsp;​​
6/24 Жаш шахтачылар жумуштан кайткан учур. Көк-Жаңгак шаары. Сүрөттүн автору: К.Вильчинская. 1945-ж. ​​
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Чоң Чүй каналынын куруучулары менен кызылфлотчунун жолугушу.<br />
Сүрөттүн автору: С.Харченко. 1941-жыл. &nbsp;​​
7/24 Чоң Чүй каналынын куруучулары менен кызылфлотчунун жолугушу.
Сүрөттүн автору: С.Харченко. 1941-жыл.  ​​
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Декабрь айы үчүн нанга кагаз. Бир күндүк рацион 125 граммды түзгөн. Москва шаары. 1941-жыл. &nbsp;
8/24 Декабрь айы үчүн нанга кагаз. Бир күндүк рацион 125 граммды түзгөн. Москва шаары. 1941-жыл.  
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Токмоктогу механизация мектебинде сабак учуру. Алдыңкы катарда отличник, комсомол Койчуманова иш үстүндө.<br />
Токмок шаары. Сүрөттүн автору: К.Вильчинская. 1943-жыл.&nbsp;
9/24 Токмоктогу механизация мектебинде сабак учуру. Алдыңкы катарда отличник, комсомол Койчуманова иш үстүндө.
Токмок шаары. Сүрөттүн автору: К.Вильчинская. 1943-жыл. 
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Кант районунун Фрунзе колхозунда күрүчтү жыйноо учуру.<br />
Фрунзе облусу. Сүрөттүн автору: К.Вильчинская. 1943-жыл.&nbsp;
10/24 Кант районунун Фрунзе колхозунда күрүчтү жыйноо учуру.
Фрунзе облусу. Сүрөттүн автору: К.Вильчинская. 1943-жыл. 
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Советтер Союзунун Баатыры, Гвардиянын генерал-майору И.В.Панфиловдун аялы М.Панфиловага жазган каты. 1-ноябрь, 1941-жыл.
11/24 Советтер Союзунун Баатыры, Гвардиянын генерал-майору И.В.Панфиловдун аялы М.Панфиловага жазган каты. 1-ноябрь, 1941-жыл.
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Панфилов районунун &ldquo;Тельман&rdquo; колхозунда комбайн күздүк буудайларды чабууда.<br />
Фрунзе облусу. Сүрөттүн автору: В.Блюмен. 1943-жыл.&nbsp;
12/24 Панфилов районунун “Тельман” колхозунда комбайн күздүк буудайларды чабууда.
Фрунзе облусу. Сүрөттүн автору: В.Блюмен. 1943-жыл. 
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
&nbsp;&ldquo;Кызыл Кыргызстан&rdquo; гезитинин сүрөт көчүрмөсү. &ldquo;8-гвардиялык дивизияга белек жиберилди&rdquo;. 15- апрель, 1942-жыл.&nbsp;​​
13/24  “Кызыл Кыргызстан” гезитинин сүрөт көчүрмөсү. “8-гвардиялык дивизияга белек жиберилди”. 15- апрель, 1942-жыл. ​​
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Осоавиахим атындагы тигүү фабрикасынын алдыңкы кызматкери А. Айткулова фронттогулар үчүн ич кийимдерди тигүү боюнча норманы 180% аткарган. Фрунзе шаары. 1942-жыл. Сүрөттүн автору: Вильчинская.&nbsp;
14/24 Осоавиахим атындагы тигүү фабрикасынын алдыңкы кызматкери А. Айткулова фронттогулар үчүн ич кийимдерди тигүү боюнча норманы 180% аткарган. Фрунзе шаары. 1942-жыл. Сүрөттүн автору: Вильчинская. 
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
&ldquo;Кызыл Кыргызстан&rdquo; гезитинин 1944-жылдын 1-майындагы чыгарылышынан сүрөт көчүрмө. &ldquo;Баатыр Кызыл Армиябызды, шаңдуу кызыл фронтубузду колдоого бардык күчүбүздү жумшайлы&rdquo;. 1944-жыл.&nbsp;
15/24 “Кызыл Кыргызстан” гезитинин 1944-жылдын 1-майындагы чыгарылышынан сүрөт көчүрмө. “Баатыр Кызыл Армиябызды, шаңдуу кызыл фронтубузду колдоого бардык күчүбүздү жумшайлы”. 1944-жыл. 
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Эмгекчилер согуш учурунда чыгарылган баалуу кагазга кол коюуда.<br />
Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору: В.Блюмен. 1941-ж. &nbsp;
16/24 Эмгекчилер согуш учурунда чыгарылган баалуу кагазга кол коюуда.
Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору: В.Блюмен. 1941-ж.  
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Пушкин атындагы №5 кыргыз мектебинде 5-класстын окуучуларына география сабагы. Мугалим Ханифа Чикаева. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору: В. Блюмен. 1943-жыл.&nbsp;
17/24 Пушкин атындагы №5 кыргыз мектебинде 5-класстын окуучуларына география сабагы. Мугалим Ханифа Чикаева. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору: В. Блюмен. 1943-жыл. 
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Алдыңкы эмгекчи Ф.И.Буралкиева Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияга белектерди иреттөөдө. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору: В.Блюмен. 1943-жыл.&nbsp;
18/24 Алдыңкы эмгекчи Ф.И.Буралкиева Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияга белектерди иреттөөдө. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору: В.Блюмен. 1943-жыл. 
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Чүй районунун М.Молотов атындагы айыл чарба артелинин колхозчулары кызыл армиянын фондуна берүү үчүн даярдоо пунктуна нан ташып бара жатышат. Чүй району. 1942-жыл.&nbsp;
19/24 Чүй районунун М.Молотов атындагы айыл чарба артелинин колхозчулары кызыл армиянын фондуна берүү үчүн даярдоо пунктуна нан ташып бара жатышат. Чүй району. 1942-жыл. 
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Чүй районунун К.Маркс колхозунун талаачылык бригадасындагы күжүрмөн баракча. Баракчанын жанында агитатор Кыдыралиева. Фрунзе облусу. 1943-ж.
20/24 Чүй районунун К.Маркс колхозунун талаачылык бригадасындагы күжүрмөн баракча. Баракчанын жанында агитатор Кыдыралиева. Фрунзе облусу. 1943-ж.
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Түп районунун &ldquo;Сухой Хребет&rdquo; (&ldquo;Маяк&rdquo; совхозу) совхозунун орто мектебинин окуучулары ат соко менен совхоз талаасында. Ысык-Көл облусу. 1942-ж. &nbsp;​​(Сүрөт Кыргызстандын Борбордук Мамлекеттик Архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).&nbsp;
21/24 Түп районунун “Сухой Хребет” (“Маяк” совхозу) совхозунун орто мектебинин окуучулары ат соко менен совхоз талаасында. Ысык-Көл облусу. 1942-ж.  ​​(Сүрөт Кыргызстандын Борбордук Мамлекеттик Архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды). 
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Таш-Булак колхозунун төөчөн кызыл кербени кабыл алуу пунктуна бара жатат. 1942-ж. Жалал-Абад облусу.&nbsp;​​(Сүрөт Кыргызстандын Борбордук Мамлекеттик Архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).&nbsp;
22/24 Таш-Булак колхозунун төөчөн кызыл кербени кабыл алуу пунктуна бара жатат. 1942-ж. Жалал-Абад облусу. ​​(Сүрөт Кыргызстандын Борбордук Мамлекеттик Архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды). 
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
&nbsp;&ldquo;Октябрь&rdquo; колхозунун башкармасы М.Ахмедов колхозчуларга Советтик информбюронун маалыматын окууда. 1941-ж.&nbsp;​​(Сүрөт Кыргызстандын Борбордук Мамлекеттик Архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).&nbsp;
23/24  “Октябрь” колхозунун башкармасы М.Ахмедов колхозчуларга Советтик информбюронун маалыматын окууда. 1941-ж. ​​(Сүрөт Кыргызстандын Борбордук Мамлекеттик Архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды). 
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Кант районунун Васильевский совхозунун жумушчулары бошотулган аймактарга жардамга бөлүнгөн дан эгиндерди жеткирүүдө. 1943-ж. Фрунзе облусу.&nbsp;​​(Сүрөт Кыргызстандын Борбордук Мамлекеттик Архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).&nbsp;
24/24 Кант районунун Васильевский совхозунун жумушчулары бошотулган аймактарга жардамга бөлүнгөн дан эгиндерди жеткирүүдө. 1943-ж. Фрунзе облусу. ​​(Сүрөт Кыргызстандын Борбордук Мамлекеттик Архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды). 
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Артка
Алдыга

Светтер

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG