Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

Кыргызстан тарыхы: Империячыл көз карашка ширелген тыянак


Президент Владимир Путин Конституциялык соттун төрагасы Валерий Зорькин менен бирге эски картаны бир беткей талдашууда. Кремл, Маскөө. 22.5.2023.
Президент Владимир Путин Конституциялык соттун төрагасы Валерий Зорькин менен бирге эски картаны бир беткей талдашууда. Кремл, Маскөө. 22.5.2023.

Жакында “Фейсбук” аркылуу жарыяланган “адистик тыянак” делген бир документте Кыргызстандын жана жалпы Борбордук Азиянын падышалык оторчулук доорундагы тарыхынын көйгөйлөрү империячыл көз карашта талданган. Анын бир тараптуулугу эмнеде? Тарыхчынын блогу.

Албетте, интернет жайытында кээде автору белгисиз (аноним) макалалар, кээде автору жазылган, бирок коюлган колу жок макалалар жайнап жүрөт.

Аларды талдоо аркылуу ошол макаланын, жарыянын (посттун) же документтин авторунун чоо-жайын эмес, ал текстте сунушталган мазмунду гана иликтөөгө да туура келет. Анткени ар кандай текстте (аноними текстте дагы) калайыкка кандайдыр бир жобону, түшүнүктү, идеяны жайылтуу далаалаты жатат эмеспи.

Кыргызстандагы белгилүү тарыхчы-педагогдордун бири, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Муратбек Иманкулов 2023-жылдын 26-августунда “Фейсбуктагы” өзүнүн барагында “адистик тыянак” деген бир орусча документти жарыялады. Бул документти аталган министрликке бейрасмий таштап кетишиптир, демек, бул “адистик тыянак” делген кагаздын чыныгы автору ким болгондугу тууралуу суроо дагы эле ачык бойдон кала берет.

“Фейсбуктагы” жарыянын этегиндеги маалыматтан улам “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген “Орто мектептердин 11-классы үчүн окуу китебине” карата адистик тыянак” деп аталган бул документти Орусия Илимдер академиясынын Жалпы тарых институтунун Борбордук Азия тарыхы бөлүмчөсүнүн башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Татьяна Викторовна Котюкова даярдагандыгы тууралуу түкшүмөлдөйбүз.

“Адистик тыянак” аталган бул документ (анын автору сөзсүз эле Татьяна Котюкова айым болбошу деле ажеп эмес деп дагы бир жолу кайталайлы) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жана андан соң ушул министрликке караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлерине жөн жерден түшпөсө керек.

Кандай болсо да, бул “адистик тыянактын” айрым өңүттөрүнө токтолуп өтүү арзырлык деп санайбыз.

Падышалык Орусиянын баскынчылыгы “тышкы коркунучтун айынан аргасыз түрдө” жүзөгө ашырылганбы?

Орусиялык “адис” делген жактын оюна караганда:

“XIX кылымдын экинчи жарымында Орусиянын Борбордук Азияга илгерилеп жылышынын күчөшү чийки заттуу базардын жана сыртка сатуу базарынын чөйрөсү катары жаңы аймактарды басып алуу / каратуу үчүн жүзөгө ашырылчу классикалык оторчул (колонизатордук) мүдөөлөр менен эмес, биринчи кезекте, геосаясий себептерге ылайык шартталган”.

Бул сүйлөмдө кылтыйып турган “дурус империячыл” ой падышалык Орусиянын Борбордук Азия чөлкөмүн бир нече баскычта каратып алган аракеттерин тарыхый актоо үчүн шөкөттөлгөн. (Мындай тарыхнаамада дүйнөдөгү оторчулар "жаман оторчулар" жана "дурус оторчулар" деп экиге ылганганда, албетте, Орусиянын оторчулары "дурус" деп кабыл алынышы керек болгон).

Ал эми орусиялык жана советтик калыс тарыхчылар ар дайым Борбордук Азиянын кеңирсиген чөлкөмү падышалык Орусия үчүн чийки заттуу базардын жана ичкерки Орусиядан сыртка өнөр жай товарларын кымбат сатуу базарынын “майлуу-сүттүү” чөйрөсү катары да зарыл аймак болгондугун ачык белгилеп келишкен.

Демек, “геосаясий себептерге” гана шылтоо туура эмес.

Ал эми ошол “геосаясий себептер” кайсылар?

Алиги “адистик тыянакта” падышалык Орусияны Улуу Британиянын Ооганстандагы “өтө эле ашыкча жигердүү аракеттери” өзгөчө чочулаткандыгы айтылат жана бул эки империянын жана башкалардын XIX кылымдагы – XX кылымдын башындагы “Чоң оюн” делген өз ара геосаясий тирешүүсү эскерилет.

Абдан кызыктуу бир жагдай (аны орусиялык империячыл көз караштагылар эч боолголошпойт): Борбордук жана Ички Азиянын калктары үчүн бул империалисттик тирешүүлөр – чоочун жана баскынчы мамлекеттердин гана геосаясий тирешүүлөрү болуп саналаарын “адистик тыянактын” ээсинин аңдабагандыгы.

Жакынкы Ооганстан тарыхын эле алалы. Советтер Биримдиги Батыштагы империалисттерден “озунуп”, бул өлкөнү басып алды эле, 1989-жылы кайра аргасыздан өз аскерин чыгарып кетти.

АКШнын бул өлкөнү тизгиндөө саясаты да 2021-жылы майнапсыз аяктады.

Албетте, оогандарга биз демократиялык түзүлүштү, заманбап илим менен өнүгүүнү тилейбиз, бирок бул түзүлүштү көп этностуу ооган эли өзү курушу керек.

Борбордук Азиянын мурда падышалык оторчулукта болгон жана кийин Советтер Биримдигинин алкагында калган бөлүгүнө келсек (Борбордук Азия өзү бул бөлүктөн да кеңири чөлкөм эмеспи), анын тарыхын жазууда СССРде бул аймак 1917-жылдын октябрынан (7-ноябрынан) соң бир нече жылда болшевиктик режимге баш ийип калгандыгын жана советтик билим берүүдөгү, социалдык, чарбалык жана башка реформаларга шылтап, XIX кылымдагы падышалык Орусиянын чөлкөмдөгү баскынчылыгын актай башташкан (СССРдин тарыхнаамасындагы бул “актоо” жүрүмү Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган соң күчөгөн).

Империялар өз кызыкчылыктары шайкеш келгенде өз ара дос болуп калган учурлар арбын.

Мына, XIX кылымда өз ара тирешкен Орусия менен Улуу Британия 1914-жылы башталган Биринчи дүйнөлүк согуш маалында кайрадан өнөктөш болуп чыга келишкен. “Чоң оюн” деген тирешүү 1914-жылы дээрлик бүткөн.

Ал эми британдыктардын басмачылык кыймылын жана ак гвардиячыларды колдоого алышы – бул падышалык Орусия тарых архивине кеткенден кийинки жана Советтик Орусия менен СССРдин тарыхына таандык көрүнүш.

1945-жылдан кийинки советтик тарыхнаамада гана эмес, айрым азыркы орусиялык “адистик пикирлерде” дагы Улуу Британия мурдагыдай эле “империалист” катары мүнөздөлөт да, ал эми Алаш Ордо жана Түркстан автономиясын ойрон кылган болшевиктик жаңы империя мактооого гана арзыйт.

Улуттук мамлекет тарыхына бир беткей мамиле

“Адистик тыянак” делген документте: “

“XIX кылымдын ортосунда Орто Азия (Борбордук Азия) элдеринин биринде да, анын ичинде кыргыздарда да улуттук мамлекет (мында мамлекеттүүлүктүн тарыхый салты назарда тутулуп жатат) болгон эмес, так аныкталган жана таанылган байырлоо чек аралары жана улуттук өкмөттөрү болгон эмес. Бул атрибуттардын баары совет доорунда гана калыптанган”, – деп айтылган.

Чынында , ушул эле "дооматты" Орусия Федерациясына да коё алабыз. Анткени азыркы Орусия Федерациясынын аталышы жана таанылган чек аралары 1991-жылы калыптанган эмеспи.

Ал эми падышалык Орусияга келчү болсок, ал бир кездери Полшанын орчун бөлүгүн, Финляндияны, Балтика боюн, Бессарабияны, Иле дарыясынын жогорку агымын (Кулжа аймагын) жана Манчжуриянын бир катар бөлүктөрүн көзөмөлдөгөн учурлар деле болгон.

Тарыхтагы андай окуяларды санай берсек, Чыңгыз хандын урпактары Алтын Ордо маалында кыпчактарга жана башка түрк калктарына таянуу менен Орусиянын Европадагы бөлүгүн башкарып турушкан (ал кезде Евразиянын Азия тарабында орус бийлиги түгүл, орустар да болгон эмес).

Демек, тарыхый картага бүгүнкү империячыл көз карашта бычым жасап кароо далаалатын ар кандай калыс тарыхый мамиледен айырмалай алышыбыз абзел.

1918-жылы эгемендигин толук кайтарып алган Финляндия азыр Евробиримдикке жана НАТОго мүчө өлкө. Бирок азыркы эч бир орусиялык тарыхчы финдерге карата “XIX кылымдын ортосунда финдерде эгемен мамлекет болгон эмес” деп тийиштик кылып жаза алышпайт.

Кыргыздар Борбордук жана Ички Азиянын бир катар чектеш жана чектеш эмес аймактарында байырлап келишет. Бирок дал ушул Кыргызстанда кыргыздар (Финляндия өлкөсүнөн 73 жылдай кечигип болсо да) өздөрүнүн эгемен мамлекетин калыбына келтирүүгө жетишти.

Бул – тарыхый факт. БУУ дагы Кыргызстандын эгемендигин тээ 1992-жылы эле тааныган. БУУ XVIII–XIX кылымдардагы саясий окуяларга кылчактабайт, азыркы таптагы саясий турмуш чындыгын гана эсепке алат.

Демек, БУУ үчүн бүгүнкү Орусия Федерациясы – 1917-жылы февралда ойрон болгон мурдагы падышалык (жеке менчиктик) империя эмес, заманбап федерациялык жумурият.

Украина эли да 1917-жылдын соңунан тартып эгемен мамлекет түптөөгө далаалат кылган. Алардын аракети да 1991-жылы гана биротоло жүзөгө ашты.

Орусиянын учурдагы президенти Владимир Путин жакынкы сөздөрүнүн биринде “Украинага Ленин гана мамлекет берип салган” деген жалган кепти айтканын, чынында, Ленин жана болшевиктер Орусиянын өзүндө бийлигин тыңдап орното албай жарандык согуш менен алпурушуп жаткан чакта, Украинада алгачкы көп партиялуу мамлекет аз убакытка болсо да түптөлгөндүгүн мурдагы блогубузда чагылдырган элек.

Боштондук көтөрүлүш жана Куликово салгылашуусу

“Адистик тыянактын” ээси Кыргызстандагы окуу китептин авторлорун “этнократиялык мамлекетти куруу парадигмасынын туткунунда” калган деп айыптайт. Анын оюнча, “элдин эркиндик жана көз каранды эместик үчүн көп кылымдык күрөшү” деген идея бүткүл окуу китепке ширелген жана улуттук тарыхый уламышка (мифке) негизделген.

Эгерде жалаң гана орус элинин маалыматы менен оозанса, анда, албетте, “адистик тыянактын” ээси кыргыз улутунун “Манас” эпосу, баатырдык дастандары жана санжырасы ар дайым эгемен Кыргызстан идеясын муундан муунга өткөрүп келгендигинен кабарсыз кала берет.

Жазма тарыхта деле орто кылымдардагы Барсбек, Мухаммед Кыргыз, жаңы доордогу Тайлак баатыр, Ормон хан, молдо Исак Асан уулу (Полот хан), Канаат хан Ыбыке уулу жана башка эгеменчил кыргыз мамлекеттик ишмерлери чагылдырылып калган.

Айтылуу эгеменчи жолбашчы Канаат хан Ыбыке уулунун 1917-жылы 16-февралда Верный (Алматы) абагында өлгөндүгү тууралуу архивдик маалымат. Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 20075, 278-бет, 1917-ж. Тарыхчы К.Молдокасымов тарткан сүрөт. 01.4.2016.
Айтылуу эгеменчи жолбашчы Канаат хан Ыбыке уулунун 1917-жылы 16-февралда Верный (Алматы) абагында өлгөндүгү тууралуу архивдик маалымат. Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 20075, 278-бет, 1917-ж. Тарыхчы К.Молдокасымов тарткан сүрөт. 01.4.2016.

Орусиянын тарыхында 1380-жылы 8-сентябрда орун алган Куликово талаасындагы салгылашуу “Орус мамлекетинин көп кылымдык татар-монгол зулумдугунан боштондукка чыгуу жолундагы ири жеңиши” катары көбүртүлүп-жабыртылып жазылат.

Ал эми калыс караганда, бул салгылашуунун жыйынтыгы Алтын Ордонун ханы Токтомуштун бийлигин ого бетер чыңдаган, анткени анын тилин албаган колбашчы Мамайдын жери да, Мамайга каршы согушкан орус княздарынын жерлери да Алтын Ордонун курамында кала берген.

Дал ушул Куликово салгылашуусунун тарыхы Орусияда “этнократиялык мамлекетти куруу парадигмасынын туткунундагы” көз карашта сунушталып келет, деп айта алабыз.

Челубей менен Пересветтин Куликово талаасындагы беттешүүсү. Виктор Васнецовдун (1848–1926) боёк сүрөтү. 1914-жыл.
Челубей менен Пересветтин Куликово талаасындагы беттешүүсү. Виктор Васнецовдун (1848–1926) боёк сүрөтү. 1914-жыл.

Чын-чынында, Куликово салгылашуусу, – ушул эле “адистик тыянактын” авторунун 1870-жылдардагы Полот хандын көтөрүлүшү тууралуу менменсиген пикирин колдонуп айтсак, – тек гана Алтын Ордонун ичиндеги аймактардын Мамай жана Дмитрий Иванович (кийинки ылакап аты “Дондук”) сыяктуу кол башчыларынын ич ара тирешүүсү болуп саналат, себеби 1382-жылы эле Токтомуш хан кайрадан Маскөөнү ээлеп алган жана князь Дмитрий Дондук Алтын Ордого алман төлөөгө аргасыз болуп, анын негизинде өз жергиликтүү (Алтын Ордого көз каранды) княздык бийлигин тастыктаган Токтомуштун хандык жарлыгына ээ болгонуна сүйүнгөн.

Бул жардыкты талдасак, ири өлкөдөгү жалпы өкүмдар – Токтомуш хан, ал эми анын жергиликтүү беги – Дмитрий Иванович болуп жатат.

Ал эми 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн ар кыл очокторундагы жолбашчылар өздөрүн “хан” деп жарыялоо аркылуу падышалык Орусиядан эгемен мамлекетти түптөө мүдөөсүн шардана кылышкан.

Эгемендик – саясий жана идеялык күрөштөрдүн мөмөсү

“Адистик тыянактын” автору Советтер Биримдигинин чордондук бийлиги ири өлкөнү көзөмөлдөй албай калгандыктан гана бул империянын челкейген курсагындагы “казысы” саналган делген Кыргызстан сыяктуу жумурияттар капысынан өзүнөн өзү эркин болуп калышкан, деп кошумчалайт.

Ал эми постсоветтик Кыргызстандын илимий монографияларында, окуу китептеринде жана энциклопедияларында XX кылымда, анын ичинде совет доорунда да мамлекеттик эгемендик үчүн күрөшкөндөр болгондугу, басмачылык кыймылынын оту 1942-жылга чейин улам дүрт жанып тургандыгы, укук адиси, профессор Кубанычбек Нурбеков СССР кезинде эле “Кыргызстан Советтер Биримдигинен чыгып кетүүгө толук укуктуу” деп илимий эмгек жазгандыгы, “Кыргызстан” демократиялык кыймылы (КДК) сыяктуу уюмдар эгемендик ураанын СССР кулай электе эле көтөрүп чыгышкандыгы жөнүндө ар тараптуу чагылдырып келишет.

Дал ошондой тарыхый пайдубалдын, саясий даярдыктын негизинде гана 1991-жылы 31-августта Кыргызстандын Жогорку Кеңеши жумурияттын мамлекеттик көз каранды эместигин жарыялаган.

Жазалоочуларды актоо далаалаты

“Адистик тыянактын” автору 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш кандуу басылгандан кийинки Улуу Үркүндөгү курмандыктардын тагдырын адамгерчиликсиздик, мерездик менен сыпаттап, падышалык орусиялык аскерлердин жазалоочу жүрүштөрүн “жазалоо жүрүштөрү” (“карательные походы”) деп мыскылдап тырмакчага алып жазат.

Дал ушул мыкты куралданган жана ырайымсыз падышалык орусиялык жазалоочулардын кыргынынан качуу максатындагы аргасыз жапырт көчтү бул “адистик тыянактын” автору мындайча сыпаттап жазат:

“Манаптардын негизги бөлүгү күзүндө элди, малды тоого көчүрүп алып кетип жатып, муну менен алар калайыкты кандайдыр бир өлүмгө дуушар кылганын же Кытайдагы ири жер тилке кожоюндарына ыктыярдуу кулчулукка багынтып беришкенин түшүнбөй коюшкан деле эмес болчу”.

Дал ушул “империячыл логиканы” азыр дагы Украинадагы баскынчыл согушту токтотуу зарылдыгын баалоодо айрым империячыл “адистер” жана алардын Кыргызстандагы кээ бир көшөкөрлөрү ырааттуу колдонуп жатышат: эгерде расмий Киев калайыктын кыргынын андан ары болтурбоого аракет көргүсү келсе, анда Украина бийлиги Орусия 2014-жылдан тартып убактылуу басып алган Кырым жарым аралын жана Донбасстын айрым аймактарын баскынчылардан кайра бошотуп алабыз деп согуш жүргүзбөстөн, тек гана калган-каткан жерге ыраазы болуп, тынчтык сүйлөшүүлөргө тез арада келбейт беле!” деп алар украиналык карапайым калайыкка “боор тартымыш” эткен ойлорун ортого салып келишет.

Маселенин өзөгү – 2014-жылдагы баскынчыл жана керексиз согушту баштаган Путиндин режиминде. Кремл өзү мыйзамсыз басып алган жерлерден толук чегинээр замат Украинадагы согуш тып токтойт. Мындай ойду империячыл “адистер” жана алардын көшөкөрлөрү эч айткысы келбейт.

Чүйдүн Ак-Суу жергесиндеги кыргыздар тобуна каршы кыргын тууралуу ротмистр Железняковдун телеграммасы. 1916-жылдын август айындагы падышалык архивдик маалымат.
Чүйдүн Ак-Суу жергесиндеги кыргыздар тобуна каршы кыргын тууралуу ротмистр Железняковдун телеграммасы. 1916-жылдын август айындагы падышалык архивдик маалымат.

Ал эми 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш басылган соң орун алган алааматтуу Улуу Үркүндүн себепкери – көтөрүлүшчүлөрдү жана алардын айылдарындагы калайыкты чек арадан аман-эсен качырып өтүүгө далаалат кылган кыргыз лидерлери эмес, качкан калайыкты замбиректер менен айоосуз аткылап, улам жаңы ашуу-белге сая кууп качырып, четинен талап-тоногон жана колго түшкөнүн кырган падышалык аскерлердин жазалоочу жүрүштөрүн уюштурган империячылар болгон.

(Мындагы жазалоочу жүрүш сөз айкашын тырмакчага албай бердик).

Атаандаш китеп кайсы өлкө үчүн жазылат?

Алиги "адистик тыянактын” ээси бул макаланын соңунда:

“Орусия Федерациясы үчүн өз кызыкчылыгын коргоонун алкагында Кыргызстандын жана башка КМШ өлкөлөрүнүн тарыхы боюнча өзүнүн окуу китебин даярдоо максатка ылайык, анткени орус тилин жайылтуу жүрүмү менен ушул сыяктуу тарых окуу китептерин бир эле учурда колдонуу – айдан ачык эле маани-маңыздык карама-каршылыкка туш болот”, – деп сунуштайт.

Орусиялык тарыхчы Татьяна Викторовна Котюкованын атына жамынып таркатылган “адистик тыянактын” ээсинин сунушунун эки башка өңүтү бар: 1) постсоветтик жумурияттар тарыхы тууралуу бул орусиячыл жаңы окуу китептери Орусияда эле окутулушу ыктымал; 2) постсоветтик жумурияттар тарыхы тууралуу бул орусиячыл жаңы окуу китептери ушул постсоветтик жумурияттардагы жана башка чет өлкөлөрдөгү Орусия курган орто мектептерде окутулууга сунуш кылынышы ыктымал.

Эгерде мындай шовинисттик жана империячыл маанайдагы китептер Орусияда эле окутулса, анда бул эгемен өлкөгө сыртынан сындап гана мамиле кыла алабыз.

Эгерде бул сыяктуу китептер башка өлкөлөрдөгү (маселен, анын ичинде эгемен Кыргызстандагы) Орусия каржылап жаткан орто мектептерге жана жогорку окуу жайларына да таңууланчу болсо, анда эгемендикке шек келтирчү мындай далаалаттарды Кыргызстандын бийликтери кескин түрдө четке кагуусу зарыл.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги – эгемен өлкөдөгү окуу жайлардагы тарых жана башка гуманитардык сабактардын мазмунун жергиликтүү бийликтер түзгөн таалим стандарттарына ылайык жүргүзүүнү жетектеген мекеме эмеспи.

Мындай сырткаркы атаандаш китептер бир беткей жазылып сунушталган чакта, аларга жөн гана нааразылык билдирип тим болбостон, эгемен өлкөнүн министрлиги жергиликтүү калыс (объективдүү) окуу китептеринин жаңы муунун сунуштоосун уланта берет деп ишенебиз.

Ал эми Кыргызстандагы айдыңдар жана жалпы жарандык коом “Эсимде” долбоору жана башка чыгармачыл долбоорлор, интернеттик барактар ж.б. аркылуу империячыл көз караштарды ашкерелеп, нагыз маалыматтарды дарекке таянып калыс жарыялоосун улантып келет.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG