Конгантиев УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийин мандатын тапшырган депутаттардын бири. Анын айып төлөп, эркиндикте калышы саясий жүрүш катары бааланууда.
УКМКнын маалыматы
Ушул жылдын март айында кармалып, үй камагына чыккан Куванычбек Конгантиев 15 миллион долларга (1 миллиард 311 миллион 750 миң сом) бааланган мүлкүн мамлекетке өз ыктыяры менен өткөрүп берди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалыматта ал тагылган күнөөнү мойнуна алып, тергөө менен келишим түзгөнү айтылды.
Тергөө маалында Конгантиев Бишкек шаардык мэриясынын Жер участокторуна укук берүү боюнча комиссиясынын мүчөсү болуп турганда кызматтык ыйгарым укуктарын өзүнүн жана ага байланыштуу адамдардын кызыкчылыгында колдонуп, туугандарына борбордон жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга берүүгө шарт түзгөнү аныкталганы маалымдалды.
"Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу күнөөсүн моюнга алып, күнөөсүн моюнга алуу жөнүндө макулдашууга кол коюп, тергөөгө көмөктөшкөн жана "Роял Констракшн" компаниясынын курулуп жаткан объекттеринен жалпы рыноктук баасы 15 млн АКШ долларын түзгөн (Улуттук банктын курсу боюнча: 1 млрд 311 миллион 750 миң сом) 6500 чарчы метр турак жай жана коммерциялык имараттарды мамлекеттин менчигине ыктыярдуу түрдө өткөрүп берген", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун Куванычбек Конгантиевге 5-июлда чыгарган өкүмү тууралуу коомчулук 6-августта гана кабардар болду. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен күнөөлүү деп табылып, 500 миң сом өлчөмүндө айып төлөөгө милдеттендирилген.
Көшөгө артындагы сүйлөшүүбү?
45 жаштагы Куванычбек Конгантиев УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин мандатын тапшырган депутаттардын бири. Коомчулукта ал генералды колдогон адамдарын бири катары таанылган.
Июль айынын башында сот Камчыбек Ташиевге төрт жылдык жаза берип, үч жылдык пробация менен эркиндикте калтырган. Жарым ай өтпөй ал досу, учурдагы президент Садыр Жапаровду 2027-жылы шайлоодо колдой турганын билдирген.
Мындан кийин анын жемкорлукка шектелип кармалган иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиев үй камагына чыккан эле.
Саясат талдоочу Эмилбек Жороев мурдагы депутат Конгантиевге чыккан өкүм көшөгө артындагы сүйлөшүүлөрдүн үзүрү болушу мүмкүн деген пикирлерди четке какпады:
"Мындан ары "кустуруу" болбойт, УКМК экономикалык маселелерге аралашпайт деген сөздөр айтылган. Бирок алар сөз эле бойдон калган окшойт. Мыйзам бош болуп бир жагына оосо, экинчи жагына деле оой берет тура. Ташиевге карата эң эле жумшак жаза сунушталды. Конгантиевдин атасы, агасы Ташиевге жакын болгону айтылып келет. Кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болгондур жана болуп жаткандыр. Жалпысынан эмне себептен мындай элге көрүнбөгөн сүйлөшүүлөр, жолугушуулар болуп жатканы суроо жаратат. Стабилдүүлүктү сактап калуу мүдөөсүбү, экономикалык же конъюктуралык кызыкчылыкпы, айтор, белгисиз. Жалпысынан алганда сот системасынын бурмаланышы, ийлениши, ийилип турушу байкалууда".
15 млн долларлык мүлктү берүү оор жазабы?
Быйыл февраль айында президент Садыр Жапаров мындан ары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети экономикалык иштерге кийлигишпей турганын, бул үчүн атайын Тергөө комитети түзүлөрүн билдирген.
Бирок жыл айланбай эле УКМКнын Конгантиевге байланыштуу билдирүү таратышы коомчулукта суроо жаратты.
Экинчиден, Камчыбек Ташиев кызматта турган кезинде коррупция менен соттолгондор тергөө менен кызматташкан күндө да жазасынын жарымын сөзсүз абакта өтөшү керектигин бир канча ирет айткан.
Юрист Эржан Сулайман бул маселенин мыйзамдуу жагына мындай баа берди:
"Бир чети тергөө менен кызматташуу жазанын жеңил түрү экенин сот аныкташы керек. Жазанын жеңил түрү ошол берененин алкагында каралып, кылмыштын оор же жеңилине жараша болот. Беш жылдан он жылга чейин деп турса, беш жыл берилет. Бул таптакыр эркиндикке чыгып кетпей, беш жылдык жаза алат деген кеп. Ири өлчөмдөгү зыян келтирилген учурда мындай жаза уурдаганыңды берип, эркиндикке чыккандай болуп жатпайбы. Бул мыйзамдын рухуна туура келбеген иш. Кылмышка барган адам кандайдыр бир жазага тартылса, ошол аркылуу тарбияланышы керек. Эки адамдын ортосунда чыр чыгып, бири кенемте төлөп, экинчиси кечирип жатса бул башка иш. Бирок мамлекетке, коомго зыян келтирилип жатса, коом кечирди же кечирбеди деген суроо коюлбагандыктан жеңил болсо дагы жаза берилиши керек. Айып төлөтүп, эркиндикке чыгаруу жакшы эмес тажрыйба. Эл ичинде "коррупционерлер төлөп кутулуу үчүн уурдашат" деген сөз бар. Эгер айыбы далилденсе, сөзсүз жазага тартылышы керек. Бирөө жаза алып, экинчисинин албаганы укуктун табиятын бузат".
Ал эми саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев 15 млн долларлык мүлктү мамлекетке кайтаруунун өзү эле оор жаза деп эсептейт:
“Бул чечимди сот чыгарды да. Менин оюмча, ушундай чечим чыгарганга соттун жүйөлөрү болгондур. Кандай жүйөлөрү, фактылары болгон же болгон эмес, “тергөө менен кызматташты” дегендин артында эмне жатканын биз билбейбиз да. Соттун чечимине баа бериш кыйын. Канча миллион долларды мүлкү менен кайтаргандын өзү деле оор жаза го дейм. Анын Ташиев менен кандай мамилеси барын мен билбейт экем. “Кустуруунун" угулушу жаман болгону менен “жегениңди кайтар” деген сөз да. Ташиевдин убагында бул процесс катуу кетти. Коррупциялык жол менен байыгандардын жегенин кайра кайтаруу жаман эмес. Бирок кайтарылган акча бюджетке түштүбү же жокпу, ал башка маселе. Экинчиден, акча чын эле жемкорлук жолу менен топтолгонбу же анын шары менен жөн эле бизнесмендер камалып кеттиби? Ушул экөөнү тактап алышыбыз керектир”.
Куванычбек Контантиев ким?
УКМК маалымат тараткандан кийин комментарий алуу үчүн Куванычбек Конгантиев менен байланышуу аракетибизден майнап чыкпады. Экс-депутат өз оюн айтам десе микрофон сунууга даярбыз.
Куванычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин бир нече чакырылышына депутат болгон. 2025-жылы ноябрда өткөн шайлоодо Бишкектеги №21 округдан парламентке депутат болуп шайланып келген.
Быйыл 10-мартта мандатын тапшырып, эмне себептен бул кадамга барганына комментарий берген эмес.
Ал мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу. Аталаш агасы Молдомуса Конгантиев ички иштер министри болгон. Экөөнү тең бул кызматтарга мурдагы президент Курманбек Бакиев дайындаган.
Бакиевдин тушунда учурдагы президент Садыр Жапаров да, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев дагы кызматта турган.
Шерине