Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Хосни Мубарак сурак берүүдө


Полиция Хосни Мубарак жаткан оорукананы күзөтүүдө. Шарм ал-Шейх. 13-апрель 2011
Полиция Хосни Мубарак жаткан оорукананы күзөтүүдө. Шарм ал-Шейх. 13-апрель 2011

Египеттин мурдакы президенти Хосни Мубарак жемкордукка жана бийлик укугун натуура пайдаланды деп шектелип, 15 күнгө камакка алынды.

Өлкөнүн башкы прокурорунун маалымдашынча, Мубарак менен кошо анын эки уулу да камакка алынып, сурак берет. Египетти отуз жылдан ашык башкарган Хосни Мубарак 11-февралда элдик козголоңдун натыйжасында президенттиктен кеткенден тарта Кызыл деңиздин боюндагы Шарм эл-Шейх курортунда үй камаганда отурган.
Хосни Мубарак президент сарайында. 19-октябрь 2010


Суракта Мубарактын жүрөгү кармады


Египет өкмөттүк телеканалынын билдиришинче, сурак учурунда 82 жаштагы Хосни Мубарактын жүрөгү кармап, Шарм эл-Шейхте ооруканага жаткырылган. Шаршемби күнү кечинде Каирге которулары жөнүндө маалыматтар бар.
Башкы прокурор маалымдагандай, экс-президент жемсөөлүккө жана бийлик укугун бейчеки колдонгонго же февралдагы анти-өкмөттүк козголуш учурунда набыт болгон адамдардын өлүмүнө байланыштуу сурак берет. Мубарактын эки уулу да 15 күнгө камалып, Каирдин Тора түрмөсүнө салынды. Бу абак жайда Мубарактын мурда жакын чөйрөсүнө кирген бир нече адам кармалууда.
Атап айтканда, башкаруучу партиянын башкатчысы Сафуат Шериф, президенттин кеңсесин узак жылдар жетектеген Закария Азми, дагы бир лөк - парламенттин мурдакы төрагасы, Мубарактын жакын санаалашы Ахмед Фатки Сорур отурат. Азми менен Сорур экөө тең Мубарактын байлыгы боюнча сурак беришүүдө.

Ошондой эле экс-премьер-министр Ахмед Насиф, мурдакы ички иштер министри Хабиб ал-Абдли дагы башка мурдакы мартабалуу бийлик адамдары азыр абакта.

Мубаракты, анын уулдарын жана үзөңгүлөштөрүн камакка алуу - январда жана февралда Каирдин “Эркиндик” аянтына чогулган демонстранттардын негизги талаптарынын бири болчу. Алар мурдакы бийлик жасаган мыйзамсыз иштери үчүн сот алдында жооп бериши зарыл деп эсептешет.

Хосни Мубарактын уулдары: Алаа Мубарак (солдо) жана Жамал Мубарак.
Элдик козголуш маалында полиция аткан октон жана нааразы элди таркатуу учурунда жүздөгөн адамдардын каны төгүлгөн. А ырасмий бийликтер Мубаракты президенттиктен оодарып түшкөн козголоң маалында 365 киши өлгөнүн билдирген. Адам укугун коргоочулар ырасмий айтылгандан эки эсе көп адам набыт болгон дешет.

Мубарак сотко жардамдашууга даяр

Египеттин маалымат булактары Мубарак 30 жылдан көп бийликте отурган жылдары топтогон дөөлөттү 1 миллиард доллардан 70 миллиард долларга чейин баалашкан. Бирок ал акчанын кайда катылганын эч ким билбейт.

Мубарак 11-апрелде жасаган аудиокайрылуусунда чет өлкөлүк банктарда не өзүнүн, не аялынын акчасы же кыймылсыз мүлкү жок экенин айтып, андай маалыматтарды тергөөдө сот органдарына көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Хосни Мубаракты жана анын эки уулун камакка алуу боюнча ырасмий
Александрия шаарындагы демонстрация. 1-апрель 2011
Вашингтон эч кандай билдирүү жасабады. Бирок Мамкатчы Хиллари Клинтон 12-апрелде Вашингтондо АКШ-Ислам мамилесине арналган конференцияда сүйлөп, адилеттүүлүккө жана адамдардын нарк-насилдерин урматоого чакырган үндөөлөр Араб дүйнөсүнө таасир этип жатканын белгиледи:

- Бүгүн Араптардын узак кышы акырындап жылый баштады. Ондогон жылдардан бери биринчи жолу реалдуу өзгөрүүлөргө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Калайык өз сөзүн бийликке жеткирүүгө жана көйгөйлөрүн чечүүгө чыныгы реалдуу мүмкүнчүлүк алды.

Баса, Мубарактын сурак берүүсү ага каршылардын нааразылык акциясы менен коштолду. 12-апрелде 2 миңдей адам Мубарак жаткан оорукананын алдына “Бу жерде касап жатат” деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышты. Алар менен Мубаракты колдогон жоон топтун арасына полиция түшүп жатып, жаңжалга жол берген жок.

XS
SM
MD
LG