Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Беларуста метродогу жардырууга байланыштуу дагы эки адам камалды


Муну менен камалгандардын саны бешке жетти. Өлкөнүн Башкы прокурорунун орун басары Андрей Шведдин айтымында, алардын баары Беларустун жарандары, жаш курактары отуздан төмөн, мурда соттолушкан эмес. Эки күн мурда беларус бийликтери жардырууга тиешеси бар деген шек менен камакка алынган үч адамдын ичинен жыйырма жаштын ортосундагы жигит бомбаны метрого коюп кеткени үчүн айыпталып жатканын жана күнөөсүн мойнуна алганын жарыялашкан. Минск шаарынын борборундагы метро бекетинде ушул дүйшөмбү күнү болгон жарылуудан 12 адам каза таап, 150дөй киши жаракат алган.

XS
SM
MD
LG