Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Ливиянын өкмөтү Британияга эскертүү жасады


Ливиянын тышкы иштер министринин орун басары Халед Кайым Associated Press маалымат агенттигине сүйлөп, Британия ливиялык козголоңчуларга жибере турган “аскерий кеңешчилеринин” миссиясы ийгиликсиз болот деп эскертти. Ал эми өлкөнүн тышкы иштер министри Абдул Ати Ал-Обейди ВВС дүйнөлүк кызматынын суроолоруна жооп берип жатып, британиялык миссия согушту “узагыраакка созушу гана мүмкүн” деп айтты.

Британиянын тышкы иштер министри Уиллиям Хейг кечээги билдирүүсүндө расмий Лондон Ливияда лидер Муаммар Каддафинин күчтөрү менен согушуп жаткан козголоңчуларга жардам иретинде “аскерий кеңешчилерин” жиберээрин, алар урушка түздөн-түз катышпай турганын, машыгууларды да өткөрбөй турганын, операцияларды координациялоого гана катышаарын билдирген. Жалпысынан бул өлкөгө Британиядан 20 чакты аскер жөнөтүлүшү каралып жатат.

XS
SM
MD
LG