Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Түндүк Вазиристанда 22 согушчан жок кылынды


Пакистан урууларынын башкаруусундагы Түндүк Вазиристан регионунда АКШлык пилотсуз учактын ракета чабуулу кеминде 22 согушчанды тыйпыл кылды. Ракета согушчандардын жашыруун түнөк жайы деп шектелген тамга тийген. Бийликтердин боолгошунча, набыт болгондордун арасында карапайым адамдар да болушу ыктымал. Бир күн мурда, 21-апрелде Пакистан армиясынын командачысы, генерал Ашраф Первез Кыяни АКШнын пилотсуз учактарынын чабуулунан карапайым адамдардын өлүп жатканы коомчулукту кыжырдантып, өкмөттүн террорчуларга каршы согушуна кедерги болуп жатканын эскерткен.

22-апрелде Ооганстанга чектеш Төмөнкү Дир аймагындагы чек ара бекетине согушчандар кол салып, 12 аскерди катардан чыгарганын Пакистан бийликтери маалымдады.

XS
SM
MD
LG