Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Коменданттык саат - аргасыз чара


 Комендаттык саат убактынча токтотулгандан кийин эл Пакистандын түндүк батышындагы Сват өрөөнүн таштап качышууда. 31-май 2009
Комендаттык саат убактынча токтотулгандан кийин эл Пакистандын түндүк батышындагы Сват өрөөнүн таштап качышууда. 31-май 2009

Коменданттык саат чоң баш- аламандыктардын кесепетинен адамдардын өмүрүнө коркунуч жаралган учурда бийлик тарабынан колдонулчу чукул чара.

Тажикстанда 1992-97-жылдардагы жарандык согуш маалында Дүйшөмбү, Коргон-Төбө жана башка шаарларда бийлик абалды көзөмөлдөө, эл ичиндеги капылет кан төгүүлөргө жол бербөө максатында күн отургандан таң атканга чейинки убакта коменданттык саат киргизген. Бул чара Россиянын курамындагы Чеченстанда, ага коңшулаш Ингушетияда кырдаалды контролдоо үчүн пайдаланылган.

Мурдакы Югославия ыдырап, жаңы күнкорсуздук алган Босния-Герцеговинаны коогага салган 1992-1995-жылдардагы этникалык жаңжал
Соттук-медициналык эксперт Босниядагы 1992-1995-жылдардагы согушта өлтүрүлгөн деп шектелген адамдардын сөөгүн текшерүүдө. Вышеград. Перучач көлүнүн жээги. 5-август 2010
маалында өлкөнүн кээ бир чөлкөмдөрүндө да коменданттык саат киргизилген. Ал жөнүндө 32 жаштагы босниялык ислам таануучу аалым жана журналист Мухаммед Юсич мындай дейт:

-Коменданттык саат-бул коопсуздук үчүн колдонулчу чара. 1992-95-жылдардагы Босния-Герцеговинадагы согуш маалында өлкөнүн айрым бөлүктөрүндө коменданттык саат киргизилген. Анткен менен, согушуп жүрүп жатса да жарандар уруксат берилген же коопсуз жерлерге эркин койо берилген. Өлкө борбору Сараевонун ортолук бөлүгүндө коменданттык саат бекем сакталган. Бирок, мындай аскерий чара бардык проблемаларды, өзгөчө, саясый маселелерди чечпейт. Ал адамдардын каттоосун гана чектейт. Күч органдарына жарандардын укуктарын бузууга мүмкүндүк түзөт. Ошондуктан, кооптуу жагдайды тезинен токтотуу зарыл.

Деген менен катаал чара Сараеводогу кырдаалды дагы курчутпай жана тили жакын, дини башка элдин ичиндеги бөөдө чыгымды азайтып, абалды көзөмөлдөөгө салым кошконун серепчи танбайт.
Босния-Герцеговинадагы үч жылдык согуштун кесепетинен 200 миңдей адам набыт болгону, 2 миллиондон ашуун адам там-жайын таштап, жер которуп кеткени айтылып жүрөт.

Ирактын эли да акыркы жылдары коменданттык сааттын пайдасын да зыянын да баштан кечиришүүдө. Ал адамдарды кечкисин үйгө шаштыргандан тышкары да көп турмуштук оңтойсуздуктарды алып келет. Айрыкча, тириликке зарыл товарлардын баасынын өсүсшүнө түрткү бере турганын “Азаттык” радиосунун Ирак кызматынын башкы редактору Хашим Али Манди айтат:
ирактык аскер Багдаддын түштүгүндөгү Махмудия аскерий базасынын жанында күзөттө. 15-июль l2010


-Өкмөт келерки жумада же бир нече убакка коменданттык саат киргизилерин жарыя кылгандан кийин азык-түлүктүн баасы жогорулап кетет. Себеби, адамдарда эртеңки күнүнө ишенбөөчүлүк жана коркуу сезими пайда болот да алар тиричиликке зарыл деген заттар менен азык түлүңктү арбын сатып ала баштайт. Коменданттык саат адамдардын жашоо жолоюна да таасир этет. Мына ушул себептен улам бийлик коменданттык сааттын мүмкүн болушунча кыска болушуна жана аны тез токтотууга аракеттенет.

Ирактык журналист чукул чаранын маданияты да мезгилине, саатына, өлкөсүнө жараша өзгөрүп турарына да көңүл бурду:

-Коменданттык саат ар түрдүү болот. Бул коопсуздукту камсыздоо чарасы болгондуктан, анын маданияты өлкөдөн өлкөгө, элден элге, убакыттан убакытка, маданияттан маданиятка өзгөчөлөнүп турат. 2003-жылы АКШ башындагы күчтөр Иракка киргенден тарта коменданттык сааттын маданияты өзгөрдү. 2005-жылкы жалпы элдик шайлоодогу коменданттык саатты 2009-жылкы акыркы шайлоодогу өзгөчө абал менен салышытырып болбойт. Айтсак, айрым жерлерде коменданттык саат учурунда адамдардын каттоосуна тыйуу салынса, экинчи бир аймактарда унаанын жүрүшүнө тыйуу салынды. Бир жерде чукул чака бешим оогондон кийин киргизилсе, башка жерде көз байланып, караңгы түшкөндөн кийин колдонулду.

Франциядабы, же Ирактабы, же Тажикстандабы, же Чеченстанда болобу- катаал чараны колдонуу абалды убактылуу контролдоого мүмкүндүк бергенге катар адам укугун бузуулар менен коштолгонун Хашим Али Манди астейдил белгиледи:

-Ирактагы 2003-жылдан берки жагдайга көз чаптырсак, коменданттык саат коопсуздук жагдайынын жакшырышына олуттуу өбөлгө түзгөнүн көрөбүз. Чукул чара өкмөттүн жана күч органдарынын кайсы бир учурда кырдаалды контролдоп турганына жакшы шарт түзөт. Анткен менен коменданттык саат жакшы нерсе эмес. Согушчандар бир жерден экинчи жерге желип жүрүшкөндүктөн коогалаңдуу аймакта өзгөчө абал киргизгенден абал биротоло оңолуп кетпейт. Аскерлер да кырдаалга шылтап ар кандай мыйзам бузууларга бараары калетсиз. Ушундан улам, эл аралык мыйзам абалды күчкө таянып эмес, саясый ыкмалар менен жөндөөгө чакырат.

Коменданттык сааттын өзгөчөлүгү демекчи, 2005-жылы ноябрда Францияны түп көтөрткөн коогалуу күндөрү Париждинн четиндеги үч шаарчадачукул чара абалын жарыяланып, жашы 18 толо элек жаштардын кечки саат ондон эртең мененки жетиге чейин көчөгө чыгуусуна тыйуу салган. Ал эми быйыл майда Таиландда болгон анти-өкмөттүк толкундоолор маалында өлкөнүн 23 провинциясында өзгөчө абал киргизилип, абал жөндөлгөн соң токтотулган.

XS
SM
MD
LG