3-июлда улуттук телеканалда президентикке талапкерлер үчүн биринчи теледебаттар болуп өттү. Бирок президенттик жарышта негизги атаандаш болуп саналган К. Бакиев менен БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев ага катышкан жок. Президент К. Бакиев Суусамырда болуп жаткан малчылардын жыйынына байланыштуу бул дебатка катыша албай калды. Ошол эле учурда анын башка атаандашы Алмазбек Атамбаев да улуттук телеканалдагы дебатка катышпай койду.
Байкоочулардын айтымында, президенттик жарыштагы башкы эки атаандаштын катышпай койгону улуттук телеканалдагы дебаттын көрүп аткандар үчүн гана эмес, ага катышып отурган башка талапкерлер үчүн да шайлоонун бир бөксө жери болуп көрүндү дейт саясат иликтөөчү Кубан Абдымен:
-Эки негизги талапкер катышканда элдин арасында топтолгон көптөгөн суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк болмок. Тилекке каршы, андай болгон жок. Муну дебатка катышкан төрт талапкер келбей калган эки талапкерге бере турган суроолорубуз көп эле деп ачык эле айтышты. Сариев эки талапкерге бере турган суроолорум бар эле, алар келбей калгандан кийин башка эч кимге суроом жок деп четке чыкты. Ал эми Мотуев болсо өзүнүн адатына салып эле кадимки шоу түрүндөгү сөз сүйлөдү.
Шайлоо Кодекси боюнча президентикке талапкерлер үчүн үгүт өнөктүгү маалында улуттук телеканалда баардыгы чогуу чыга турган жана экиден кайым айтышка чыга турган учурлар каралган. Чучукулак жолу менен ким ким менен саясий айтышка чыга турганы чечилген. Ага ылайык Алмазбек Атамбаев менен Темир Сариев, Курманбек Бакиев менен Токтайым Үмөталиева, Жеңишбек Назаралиев менен Нурлан Мотуев телетаймашка чыгышмак. Бирок талапкер Жеңишбек Назаралиев өзүнө тең эмес деген негизде талапкер Нурлан Мотуев менен телетаймашка чыгуудан баш тартты.
Ошол эле учурда коомчулук сыналгыдагы саясий айтышта Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевдин чыкканын туура болмок деген ой-пикирлер көп болууда. Анткен себеби саясат талдоочулар жана байкоочулар бул шайлоодо негизги кармаш Бакиев менен Атамбаевдин ортосунда болот деп жатышкан.
-Негизинен Бакиев менен Атамбаевдин телетаймашын көрсөм деп ойлогом, бирок болбойт дегенден кийин карагым деле келбей калды,- дейт Бишкектин тургуну Кубат Алиев.
Ошентип президенттик шайлоо өзүнүн кызыктуу фазасына өтүп баратат. Байкоочулар "Ким санаса, ошол утат" деген принципте кызматтагы президенттин жеңип чыкканга көп артыкчылыгы бар экенин белгилеп жатышат. Ошол эле учурда бир катар байкоочулар бийликке ашкере кошомат кылган атка минерлер аша чаап, бийликке оппозициядагы талапкерлерге көп тоскоолдук жасап, ал түгүл аларда каралаган кара ниет маалыматтарды тымызын чыгарып жиберип жатканын айтышууда.
Жакында эле БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев аны каралаган маалыматтар Ак үйдүн тапшырмасы менен жайылтылып жатканы жөнүндө коомчулукка билдирүү менен чыкты. Бийлик тараптагылар өз кезегинде Атамбаевдин билдирүүсүнө жооп кайтарганга да жараган жок.