Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

Мигранттар шайлоого кантип катышат?


Сибирь жана Ыраакы Чыгыш аймагындагы кыргызстандык жарандар быйыл президенттик шайлоого катышып добуш бере алышат. Алар үчүн БШК кошумча беш шайлоо учсткасын уюштурган жатат. БШКнын мүчөсү Самат Бөрүбаев шайлоого карата даярдык жана тил сынагынан кийинки иш чаралар жөнүндө “Азаттык” менен ой-пикир бөлүштү.

- БШКнын төрагасы Дамир Лисовский жакында шайлоого мурдагыга караганда каражат көп кетет деп билдирди. Канча каражат кетет экен жана ал быйылкы жылдын бюджетине киргизилди беле?

- Бул каражаттын жалпы каражатка тиешеси жок. Мына жакында эле БШКнын мүчөлөрү Кыргызстандын чет жагында жүргөн биздин эмгек мигранттарынын шайлоого катышуу шарттарын барып көрүп келдик. Эки топ Россия, Казакстанда болуп келди.

Негизинен шайлоо участкаларын уюштуруу, добуш берүүлөрдү уюштурууга каралып жаткан каражат. Кыргызстандын чегинен сырткары жайгашкан шайлоо участкаларына көбүрөк каражат керектелет экен, анткени жол чыгымдары бар, ал жакка бюллетендерди жеткириш керек.

Ошондуктан комиссия Кыргызстандын чегинен сырткары уюштурула турган шайлоо участкаларына каражатты көбөйтүп берүү боюнча сунуш киргиздик. Бул жалпы сметанын ичинен эле бериле турган акчалар.

- Ошондо канча болот экен жалпы көлөмү?

- 8 млн. сом бөлүп берели деген сунуштар болуп атат Кыргызстандын чегинен сырткары уюштурула турган шайлоо участкалары үчүн.

- Сиз Орусияга барып келбедиңизби, тактадыңыздарбы канча шайлоочу бар экен ал жакта?

-Негизинен Кыргызстандын чегинен сырткары шайлоо участкаларын уюштурууну Тышкы иштер министрлиги берет, ошолордун берген сунуштары боюнча биз да барып көрүп келдик, 19 шайлоо участкасын түзүү боюнча сунуштарын берип жатышат.

Шайлоо участкалары шайлоого 40 күн калганда түзүлөт. Сибирь, Ыраакы Чыгыш жактагы мигранттар шайлоого катышпай келип аткан экен. Ошол жактардагы шайлоочулар үчүн быйыл беш шайлоо участкасын ачуу боюнча сунуштарын берип атат. Менин оюмча бул туура болуп атат.

- Бүгүнкү күнгө карата президенттикке канча талапкер калды жана кечээ 3 талапкердин жарыштан чыгышына эмне себеп болду?

- Негизинен бүгүнкү күндө 14 талапкер калды. Кечээ Бөлтүрүков деген талапкерибиз шайлоо кодексинин талаптарына ылайык 5 күндүн ичинде өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү, эч кандай документти бербегендиги үчүн ал талапкерликтен чыгарылды.

- Тил сынагы аяктагандан кийин шайлоонун өнөктүгү кандай башталат жана талапкерлер кайсы мезгилге чейин жарыштан чыга алышат?

- Мына бүгүн бешинчи талапкер тил комиссиясынан өтүп сынак берет. Тил комиссиясы күнүнө бирден талапкерди сыноодон өткөрүп жатат, 5-июнга чейин жүргүзүлөт. Ошону менен катар эле талапкерлер шайлоочулардын 50 миң колун топтоп облустук шайлоо комиссияларына 2-июнга чейин тапшырыш керек.

Алар беш күндүн ичинде колунун тууралыгын текшерип, анан БШКга тапшырылат 45 күн калганда. Он күндүн ичинде 35 күн калганга чейин алардын колдору текшерилип, тийиштүү БШКга тапшыра турган документтери баары толук болгондон кийин 10 күндүн ичинде талапкерлер катталат.

Андан тышкары кол топтоо менен бигеликте алардын шайлоо күрөлөрүн төккөндүгү жөнүндө дагы маалыматты тапшырат, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө баардык талапкерлер катталып бүткөндөн кийин үгүт иштери жүргүзүлөт.

Үгүт иштери 18-июндан башталат, аны менен катар талапкер өзүнүн талапкерлигин шайлоого үч күн калганга чейин өз каалоосу менен талапкерлигин алып таштоого укугу бар.

Калгандары шайлоо кодексиндеги баардык талаптарын сактап, документтерин тапшырып, катталган талапкер шайлоого чейин барып, өзүнүн күчүн сынап шайлоого катышат.

XS
SM
MD
LG