Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Шайлоо болот, шайлоонун эртеси да болот


10-июлда Европа Биримдигиндеги үчилтик өкүлдөрү Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси менен жолугушту. Европалык өкүлдөр шайлоо даярдыгына, сырттагы эмгек мигранттарынын шайлоого катышуусуна кандай шарттар түзүлгөнүнө кызыгышты.

Чет жерлерде жүргөн кыргызстандык жарандардын шайлоого катышуусу жана президенттикке ат салышып жаткан 6 атаандаштын текши баарына үгүт жүргүзүшү үчүн бирдей шарттар түзүлгөнбү суроосу Европа Биримдигинин атайын делегация мүчөлөрүн өзгөчө кызыктырды.

Европа Биримдигинин Борбор Азия чөлкөмүндөгү атайын өкүлү Пьер Морель чет жерде жүргөндөрдүн шайлоого катышуусу үчүн кандай шарттар түзүлгөнүн сурады.

- Добуш берүү кантип жүрөт? Кыргызстандын чет жердеги элчиликтеринде элеби? Анан да алар берилген добуштары убагында эсепке кирип, санактан өтүшү үчүн алдын-ала добуш бере алышабы?

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовский чет өлкөлөрдө 49 добуш берүү участоктору уюштурулуп, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан 139 миң шайлоочунун тизмеси такталганын билдирди.

- Эми тагдыры ушул экен, биздин көптөгөн жарандар азыр ал жактарда жашап жүрүшөт. Бул жакта деле жашашат. Алардын мыйзамдуу укугун басмырлаганга биздин акыбыз жок. Мен жолугушууда буга атайын токтолушумдун жөнү бар. Быйыл акчаны арбын бөлүп, биздин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү алар чогуу жашаган жерлерде болушуп, иш шарттарын көрүп, кантип келе алышат – баарын көрүп келишкен. Көп суроолор, жамаатардын өтүнүчтөрү болду.

Дамир Лисовский шайлоого 5 күн калганга чейин тизмеге киргизилген чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын саны өзгөрүп калышы мүмкүн экендигин эскертип, бирок ал сан 139 миңден кыйла көбөйүп кетиши күмөндүү экендигин белгиледи.

Европа Биримдигиндеги үчилтиктин өкүлдөрү шайлоо алдында коомдук пикирди иликтөө аракети кандай жүрүп жатканына кызыгып, жай саратандагы шайлоого шайлоочулардын катышуусу кандай болушу мүмкүн суроосун алдыга жайышты.

- Бизде, Кыргызстанда саясий активдүүлүк жогору. Албетте, азыр коммунисттер тушундагыдай сөзсүз 100% катышсын деген жок. Шайлоочулардын активдүүлүгү 70% айланасында,- деп ырастады Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат жетекчиси Кудайберген Базарбаев.

Жолугушуудан кийин Швециянын Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан республикаларындагы элчиси Ханс Олссон шайлоо даярдыгы кандай жүрүп жатканынан бул күнү кабардар болушканын айтып, Европа Биримдигинин өкүлдөрү ага кылдат байкоо салыша тургандыгын ырастады.

- Эреже, жол-жоболор жагынан келсек баарысы дурус эле дегидей таасир калтырат. Мунун баары албетте, теория. Анын баары практикада – иш жүзүндө, алыскы айылдарда, жерлерде кандай өтөт? Мунун баарын шайлоо бүткөндөн кийин билебиз.

Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы өкүлү Пьер Морель Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясынын жетекчиси Радмила Шекеринска менен жолугуп, Кыргызстандагы шайлоо даярдыгы жайында пикир алыша тургандыгын маалымдады.

- Эң башкысы биз маалыматтарды чогултууга киришебиз. Аны биздин эксперттер кылдат иликтеп чыгышат.

Кыргызстандагы президенттик шайлоого 6 талапкер катышууда. Алардын ичинен 2 миллион 812 миң шайлоочунун теңинен көбүрөөк добушун алганы кезектеги беш жылга мамлекетти башкаруу мүмкүндүгүнө ээ болот. Буга чейинки президенттик шайлоо 2005-жылы 10-июнунда өтүп, мамлекет башчысынын кызматка кирүү аземи 14-августка белгиленген. 4 жылдан кийин эми минтип жаңы шайлоо белгиленип, жай саратанда саясий күрөштүн күнү тууп отурат.

XS
SM
MD
LG