Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Футбол: “Дордой-Динамо” алтынчы ирет чемпион


Нарындын “Дордой-Динамо” командасы Канттын “Абдыш-Ата” командасын 3:2 эсебинде утуп, чемпиондук наамга алтынчы ирет ээ болду.

15-ноябрда Бишкекте футбол боюнча Кыргызстандын быйылкы чемпионатынын жеңүүчүсүн аныктоочу чечүүчү “алтын оюн” беттешүүсү өткөрүлдү.

Себеби 9-ноябрда Кант шаарында өткөн чечүүчү беттешүүдө “Абдыш-Ата” командасы “Дордойду” 1:0 эсебинде утуп алуу менен эки команданын упайлары бирдей болуп калган. Өлкөнүн футбол федерациясынын чечими менен жеңүүчүнү аныктоочу финалдык беттешүү 15-ноябрга белгиленген.

Мелдештин биринчи бөлүгүндө Канттын “Абдыш-Ата” командасы Нарындын “Дордой-Динамо” командасына тез чабуулга өтүп, демилгелүү ойноп жатышты.

Натыйжада канттык футболчу Антон Землянухин эсепти ачып, “Абдыш-Ата” командасы алдыга чыкты. Биринчи таймдын отузунчу мүнөтүндө гана “Дордой-Динамо” командасынын чабуулчусу Вадим Харченко эсепти теңдеп, 1:1 эсеби менен футболчулар 15 мүнөттүк эс алууга чыгышты.

Беттешүүнүн экинчи бөлүгүндө эки команда тең удаа-удаа чабуулга өтүп жатышты. Канттык футболчулар жакшы оюн көрсөтүү менен жарым коргоочу Антон Землянухин дагы айырмаланып, “Дордойдун” дарбазасына топту таамай тээп киргизди. Эсеп 2:1 болуп, таймашуу курч мүнөздө өтүп, күйөрмандардын бүйүрү кызыды.

Натыйжада “Дордойдун” катарында төрт жылдан бери ойноп жүргөн африкалык легионер Девид Тетте таамай тепкен тобун “Абдыш-Ата” командасынын дарбазачысы кармай албай, эсеп 2:2 болуп теңделди.

Экинчи таймдын акырында канттык футболчулар чарчап, чабуулга өтмөк турсун, коргонуу менен чектелип калышты. Ал эми Нарындын “Дордой-Динамо” командасы демилгени колго алып, дене тарбия, даярдык жагынан мыкты экенин далилдеп, чабуулга өтө башташты.

Беттешүү аяктаарына он мүнөт калганда “Дордойдун” курамында ойноп жүргөн орусиялык легионер Максим Кретовдун тепкен тобун канттык дарбазачы кармай албай калып, 3:2 эсебинде Нарындын “Дордой-Динамо” командасы алтынчы ирет өлкө чемпиону аталды.

Команданын капитаны Руслан Сыдыков атаандаштары дагы мыкты ойногонун айтып, спортто бирөө жеңип, экинчиси утулаары салт экенин “Азаттыкка” билдирди.

Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын машыктыруучусу Ниязбек Алиевдин пикиринде, канттык футболчулардын чеберчилиги жогору экени байкалып, “Дордой” командасы дене тарбия жагынан күчтүү болгону менен гана жеңишке жетишти.

“Дордой” спорт клубунун президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбековдун айтымында, «Абдыш-Ата» менен «Дордой» командаларынан башкалар үлгү алып, футболго өкмөттүк деңгээлде көңүл буруп, футболду улуттук идеологияга айландыруу керек.

- Коңшу Өзбекстан менен Казакстанда футбол №1 спорт катары акимдери, губернаторлору колдоого алып, мыкты командалар таанылууда.

Өлкөнүн футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуевдин пикиринде, канттык футболчулардын чеберчилиги дурус болгону менен дене тарбия жагынан даярдыгы чийки экени байкалды.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов жылдан жылга кыргыз футболунун деңгээли төмөндөп баратканын сынга алып жүрөт. Анын пикиринде, өкмөттүк деңгээлде футболго көңүл бурулбагандыктан командалардын каражаты жетишпей марадан чыгып калууда.

Кыргызстандын футбол чемпионатында Жогорку Лигада мурда 12 –14 команда ат салышып келсе , быйыл 9 команда гана ойногон. Кыргыз футболунун башаты болуп келген «Алга» , «Алай -Гүлчө» , «Семетей» , «Спартак», «Ротор», «Достук» командалардын аты да, заты да жоголду. Мурда завод-фабрикалар кармап келген «Химик», «Инструментальшик», «Сельмашевец» , «Шахтер», «Нефтчи» командаларынын кендири эбак кесилген.

12 жыл мурда таскагы катуу чыгып, эки жолу Кыргызстандын чемпиондугун жеңип алган «Кант-Ойл» дагы тарап, мыкты оюнчулары Орусия жана Казакстанда ойноп жүрүштү. Алардан кийин лидер болгон «АиК» командасы да алыска узабады.

3 жыл катары менен Кыргызстандын чемпиону болгон Бишкектин «Динамосу» Өмүрбек Кутуев ички иштер министрлигинен кеткенден кийин баш көтөрө албады. Бишкектеги абадан коргонуу аскер бөлүгүнүн «СКА ПВО» командасы Кыргызстандын чемпиондугун үчүнчү ирет жеңип алганы менен тарап кетишти.

Мурда өлкө чемпионатында “алтын беттешүү” Жогорку лигадагы клубдардын арасында төрт жолу ойнолгон.

1996-жылы Кадамжайдын “Металлург” командасы Бишкектин «АиК» командасын 1:0 эсебинде "алтын оюнда" уткан.

2005-жылы Нарындын «Дордой-Динамо» жана Бишектин «Шоро-СКА» командалары 1:1 эсебинде тең чыгышып, жекеме-жеке топ тебүү боюнча 4:2 эсебинде “дордойчулар” жеңген.

2006-жылы да Нарындын «Дордой-Динамо» командасы менен Канттын «Абдыш-Ата» командалары “алтын оюнда” күч сынашып, 1:0 эсебинде нарындыктар жеңүүчү аталган.

Былтыр дагы ушундай көрүнүш кайталанып, «Дордой-Динамо» менен «Абдыш-Ата» командалары беттешип, анда дагы “дордойчулардын” жолу болуп, 1:0 эсебинде "алтын беттүшүүнү" утуп алышкан.
XS
SM
MD
LG