Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

С. Жээнбеков: “Бакиевчилер Ошто от жагуу аракетинде”


Сооронбай Жээнбеков, Ош облусунун жетекчисинин милдетин аткаруучу.
Сооронбай Жээнбеков, Ош облусунун жетекчисинин милдетин аткаруучу.

Ош облусунун губернаторунун милдетин аткарып жаткан Сооронбай Жээнбеков Ошто элдин ортосуна чагым салгандардын артында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин таламдаштары тураарын, аймактагы кырдаалдын курчушуна кызыкдар сырткы күчтөр да бар экенин билдирди.


- Cооронбай мырза, өзүңүз байкап аткандырсыз, аймакта акыркы эки-үч күндөн бери улуттар аралык мамиле курчуп бараткансыйт?


- Ушул эки улуттун ортосундагы талаш-тартыш кечээги режимдин тушунда туура эмес жайгарылган. Мурдагы бийликтин тушунда бизнесмендерди каалагандай коркутуп-үркүтүп, балдарын жана туугандарын уурдап, акча талап кылып, а түгүл бандиттер ишкерлердин менчигин керек убакта басып алып турушкан. Бул ирет да акча талаш, менчикке күчтөп ээлик кылуу аракети жасалды. Ушундан улам эки этноско таандык бизнесмендердин жана баскынчылардын ортосунда тирешүү өкүм сүрдү. Ал арада сөз тараптыр өзбек-кыргыз мушташып атат деп. Чындыгында, андай болгон жок. Учурда бул пикир келишпестиктер жөнүндө жер-жерлерде түшүндүрүү өнөктүгүн жүргүзүп атабыз. Антсе да, мурунку бийликтин саркындылары элге акча жана баракча таратып, кыргыз-өзбек улуттарынын мамилесин бандиттер аркылуу жаңжалга айлантууга далалат кылууда. Булардын артында кимдер тургандыгын биз даана билебиз. Бишкек менен сүйлөштүм. Ал жактан жардам түшөт. Бул өңүттө мындан ары катаал чараларды көрмөкчүбүз.

- Сиздин оюңузча, мындай кагылышууларды кандай күчтөр уюштурушу ыктымал?

- Мындай күчтөр сыртта толтура. Алар акча таратып, эптеп Кыргызстанда тополоң уюштуруп, Ошто кырдаалды курчутуу камын жеп жатышат, Акыбал оорлошкондо бизге жардам көрсөтүмүш этип, башка күчтөрдү өлкөгө кигизүүгө ниеттенишүүдө. Мындай демилгени бийлигинен жана байлыгынан ажыраган бакиевчилер байма-бай көтөрүп, такыр тынбай жатышат. Ошого карабастан жалпы калайык шартты туура түшүнөт го деп терең ишенебиз.

- Кыргыз-өзбек калкынын ортосуна от жагууга ниеттенгендерди экс-президент Куманбек Бакиевдин тарапкерлери тукуруп жатышкандыгы айтылууда. Мунун канчалык чындыгы бар?

- Мунун чындыгы бар. Булардын куйругу али үзүлө элек. Укук коргоо органдарында ишенчиликтүү өкүлдөрү бар. Ошондой эле тигил жактан качып келгендер дагы билинбей-көрүнбөй өлкө ичинде беймарал жойлоп жүрүшөт. Акцияларды ошолор уюштуруп аткандыгы туурасында биздин колубузда так далилдер бар.

- Дегеле облус калкынын коопсуздугун жана ынтымагын камсыз кылуу багытында кандай чаралар көрүлүүдө?

- Оштогу укук коргоо органдары менен абдан катуу сүйлөштүк. Аталган тармактын кызматкерлери акыркы окуялардан катуу жапа чеккендиктен, алар ар кандай жагдайга кайдыгер карап калышкан. Ошондуктан массалык маалымат каражаттары аркылуу жер-жерлердеги чогулуштар туурасында кең-кесири чагылдурууну туура таптык. Мындан тышкары карапайым калк Убактылуу өкмөттүн талабын туура кабылдап жаткан чагы. Менде да үмүт бар. Акылдуу адамдар эч качан чагымчылыкка барышпайт. Албетте кээ бир жаштар жеңил оокатка убактылуу азгырылып жатышат. Мисалы, Ош шаарында кечээ кечинде кафеде олтурушкан жаштар мушташкан. Анда чагымчыл аракеттер жасалды, бирок чатактын баары убагында токтотулду. Кыргыз-өзбек жаңжалына жол койгон жокпуз. Буюрса, азыр акыбал жакшы. Ар бир аракет катуу көзөмөлдө турат.

- Элдин айрым катмары белгилегендей, Убактылуу өкмөт борбордо гана иштеп, түштүк жергеси көңүл сыртында калгандай. Алар сурангандай, Роза Отунбаеванын бир-эки орун басары эмнеге Ошто олтуруп, жеткиликтүү саясат жүргүзбөй жатышат?

- Убактылуу өкмөттүн акыбалын мен дагы абдан түшүнүп турам. Чынында, иш чачтан көп. Ошого карабастан Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев менен күндө байланышып турам. Реалдуу кырдаалга карата ал жакта оперативдүү чараларды көрүп жатышат. Өткөндө Азимбек Бекназаров жергиликтүү чоңдор жана ММК өкүлдөрү менен жолукту. Алмазбек Атамбаев оштуктар менен беттешти. Аз күн мурда референдум жарыялашпадыбы. Сиз койгон маселе туура, муну эл дагы тынбай айтып атат. Ошентсе да, мен утурумдук өкмөт мүчөлөрүн абдан түшүнөм. Бишкекте проблема көп. Бирок каалайбы, каалабайбы, жакында баары Ошту карай сапар тартышат.

- Рахмат маегиңизге

XS
SM
MD
LG