Быйылкы Улуу Жеңиш майрамын Ысык-Көл боюнча 409 согуш ардагери тосуп атат. Алардын бири бүгүн биз сыймык менен сөз кыла турган Асанаалы Чекиров 89 жашта. 1945-жылы согуш талаасында оң бутунан ажыраган. Бул маалыматты кызы Гүлнарадан алып, үйүнө кирдик.
Асанаалы Чекиров согушка чейин педагогикалык орто окуу жайын бүткөндүктөн аскерде жүргөндө жооптуу кызматтарды аткарган. Аткычтар отрядында аскердик комиссардыкты колго алган экен. Мекенин коргогон 5 жыл ичинде Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы, Берлинди алган үчүн ж.б орден медалдар менен сыйланыптыр..
Асанаалы аксакал согуш жөнүндөгү кинолорду көргөндө карылыгын унутуп, өзүн сыймыктуу инсан экенин сезет. “Ошондуктан майыптыгыма карабай, согуштан кийин да элиме кызмат кылууну жоопкерчилигим катары кабыл алгам”,- деп сөзүн улады. А кишинин оң буту тизесинен жок. Протез менен жүрүп обкомдо, райкомдо иштеген.
Асанаалы ата мамлекеттик кызматтардан кийин эс алууга чыккан менен көп жыл бою Ысык-Көл райондук аксакалдар кеңешин башкарып келген. Жашы 90 го келип калса да саясатты, күнүмдүк окуяларды билип, айтып бергенди жактырат. Ал айрыкча Жеңиш күнүн кантип укканын сүрөттөп бергенден тажабайт.
Асанаалы аксакалдын жубайы Батийна эне - өмүрлүк жолдошу менен согушка чейин эле кудалашып коюп, анан 1945-жылы баш кошкон экен. 10 баланы тарбиялашкан. 7 кыз 3 уул. Аларды багып аткан кыздары Гүлнара менен Жамийланы издеп от жаккан үйүнө киргенибизде Батийна эне менен сүйлөшүп атыптыр.
Канткен менен согуш арадагерлери камкордукка, өзгөчө сыйга татыктуу. Ал мамлекет тарабынан кандай коргоого алынууда, аны башка убакта айталы. Бирок бизди коргогон баатырлардын катары жыл сайын суюлуп баратканын эстей жүргөнүбүз туура. Облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Жаныш Жээнбаев өткөн жылы эле алардын катары 499 болгонун, бир жылда 90 адамга азайганын айтат.
Ысык-Көлдөгү согуш ардагерлеринин эң улуусу - Тоң районунун жашоочусу Арун Турганбаев, ал 95 жашта, түптүк Тенти Тамашаев 91жашка келди.