Президенттик кызмат үчүн шайлоого бараткан талапкерлерди каражат жумшоо жагынан шартуу түрдө эки бөлсө болот. Биринчи топто өзүнүн күчүнө ишенип, чындап эле жеңип чыгууну максат кылгандар. Алар ошондуктан шайлоого кабелтең каражат жумшайт.
Экинчи топтогулар шайлоодо жеңип чыгарына көзү жетпесе да өзүнүн же партиясынын атын чыгаргысы же бийликтин талапкери менен соодалашкысы келгендер. Бийликтин куугунтугунан кутулуу максаты менен талапкер болуп жаткан саясатчылар да бар. Алар ошондуктан шайлоого өп-чап каражат менен катышат.
2005-жылы болгон президенттик шайлоого КДК партиясынын атынан талапкер болуп катышкан Жыпар Жекшеев шайлоодо жеңип чыгуунун эмес, партиясын таанытып алуунун камында болгон. Анын өзүнүн айтымында, партиялаштары топтоп берген каражат жол чыгымдарына, башкача айтканда машинеге май куйганга эле араң жеткен. "Бул жерде максат – партиянын программасын элге жеткирүү болгон эле",- дейт Жыпар Жекшеев.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттик жана парламенттик шайлоолорго көп катышкан саясатчы катары таанымал. Ал 2000-жылы президенттик шайлоого Кулов менен тандем болуп чыккан. Кулов капчыгы калың саясатчылардын бири болуп саналган менен Текебаев ал шайлоодо каражат жагынан шеригинин колдоосун анчалык деле сезген эмес.
2007-жылдагы парламенттик шайлоого "Ата Мекен" партиясынын туусу астында Кубат Байболов, Темир Сариев сыяктуу колунда бар саясатчылар биригип, кыйла эле ишенимдүү чыгышкан. Өмүрбек Текебаевдин өзүнүн айтымында бийликтин партиясынан кийин эле акчаны көп чыгымдаган "Ата Мекен" болгон. Канча акча жумшалганы так эсинде жок, бирок бир миллион доллардын айланасында каражат кеткен. Бул оппозициядагы биринчи партия үчүн азбы же көппү? Өмүрбек Текебаевдин өзүнүн пикиринде эгер талапкер же партия элге таанымал болсо, шайлоо өнөктүгүнө каражат ошончолук азыраак кетет.
Байкоочулардын баамында президент К. Бакиевди эске албаганда, калган талапкерлердин ичинен А. Атамбаев, Т. Сариев каражат жагынан кам-кечеги бар саясатчылар болуп саналат. Жеңишбек Назаралиев бир жагынан эл көзүнө карылуу ишкер катары көрүнөт, бирок экинчи жагынан парламенттик шайлоодо ал “Асаба” партиясынын каражаттан кем кылбайт деген үмүтүн актабады. Ал эми калган талапкерлердин каражат жагынан чама-чаркы абдан эле чектелүү сыяктанат.
Ошол эле учурда оппозициядагы саясатчылар өркөнү өскөн өлкөлөргө окшоп өзүн жактаган жактырган ишкерлерден каражат жыйнаганга дагы чамасы чак. Анткени Өмүрбек Текебаевдин өзүнүн ырастоосунда бийликтен запкы көрүп калбаш үчүн оппозицияга каражаттан азыр эч ким каралашпайт.
Шайлоо мыйзамы боюнча президенттикке талапкерлердин шайлоо фондусунда 50 миллион сомго чейин каражат топтосо болот, аз болсо эчтеке эмес, көп болбошу керек. Анткен менен шайлоого катыша берип, башы бышкан саясатчылардын айтымында, президенттик жарышка бери дегенде беш миллион доллар менен аттануу керек. Андан аз каражат менен жеңишке жетишүү аябай эле арсар. Эми ушул беш миллион доллар кимдин колунда болсо, негизги кармаш ошолордун ортосунда жүрөт.