Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:19

Айтматова жаңы муунду биригүүгө чакырды


Ширин Айтматова.
Ширин Айтматова.

Экс-депутат Ширин Айтматова социалдык тармактарда кийинки жылкы парламенттик шайлоодо жаштарды, жаңы күчтөрдү биригүүгө үндөп жатат.

Айматованы саясий жаңы кыймылдын лидери катары көргөндөр да, сындагандар да бар.

Кыргызстанда 2020-жылы күзүндө парламенттик шайлоо өтөт. Аны утурлай саясий элита жаңыланышы керек деген пикирлер басымдуулук кылганы менен, жаңыланып-өзгөрүү болоорунан күмөн санагандар көп.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова узакка созулган тыныгуудан кийин жакынкы күндөрү социалдык тармактарда пикирин байма-бай жаза баштады. Ал негизинен Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго жана анын айланасындагы соңку жагдайларга байланыштуу сын пикирин айтып жатат. Ошондой эле Айтматова 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешти жаңыртып-жаңылоого үндөй баштады.

Экс-депутат «Твиттердеги» баракчасына: «2020-жылдагы шайлоодо ачык-айкындуулук үчүн кадимкидей эле күрөшүүгө туура келет. Болбосо Кыргызстандын баарын сатып алган ууру Матраимовдордун басындысында жашай беребиз. Жаштардын келишине даярдангыла, бири-бириңерди колдогула, чогуу бололу. #үмүт2020», деп жазды.

Ширин Айтматова «Азаттыкка» комментарий берип жатып, анын Жогорку Кеңешти жаңылоо сунушун колдогондор көп болуп жатканын айтты:

«Бийлик өкүлдөрүн жаңылоо боюнча чакырык колдоо тапты. Бир топ адамдар мага жазып, чет жерде жүргөн мигранттар жагдайды өзгөртүү боюнча чогуу иштешкиси келип жатат. Биз дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө эл мүдөөсүнө төп келген кыймылдар түзүлүп жатканын көрүүдөбүз. Бул адатта жаштар. Украинада, АКШда мыйзам чыгаруу органына жаштар келди. Биздин жаштар да башкалардан артта калгысы келбей жатат. «Азаттыктын» иликтөөсү коомду жарган «бомба» болду. Анын негизинде адамдар өзгөрүүнү талап кылып жатат. Менин саясатка барайын деген деле ниетим жок болчу. Мен активисттердин көңүлүн Матраимовдун маселесине бургум келди. Бийлик тиешелүү чара көрөт деп күткөм. Бирок андай болгон жок. Ошондуктан биз аракетибизди улантабыз. Эгер биз Жогорку Кеңешке таза, жаңы адамдарды алып келе албасак анда ишенип-таянарыбыз жок калат. Эгер кандайдыр бир кыйчалыш жагдай жаралса болор-болбос нерсе менен алектенген депутаттардан жардам болбой, элибиз өзү менен өзү калышын каалабайм».

Ширин Айтматова саясий лидер болуу ниети жок экенин белгиледи. Өзүнүн саясий демилгесин ишке ашыруу үчүн өзүнчө бир партия түзүлөбү, же кайсы бир кыймылга биригишеби, ушул айдын аягында чечилерин маалымдады:

«Августтун аягында биз чакан жыйын өткөрүп, андан ары эмне кыларыбызды чечебиз. Бул жагдайды өзгөртүүгө кызыккан адамдардын баарлашуусу болот. Мен өзүмдү лидер катары көрсөткүм келбейт. Мен болгону уюштуруучумун. Мен аздыр-көптүр Жогорку Кеңеште иштеп калдым. Жогорку Кеңештен сырт жүрдүм, бир нерсеге көзүм жетти. Эгер беш жыл мурун мени колдогондор жок болсо, азыр мен колдоону сезип жатам. Көптөгөн жаш кыргызстандыктар жардамга муктаж».

Мунун алдында Ширин Айтматова Райымбек Матраимовго каршы өнөктүк баштаган. Анын алкагында Матраимовдун терс образы чагылдырылган сүрөт жаралган. Социалдык тармактарда өзүнүн сүрөтүн ошондой сүрөткө алмаштырып алган колдонуучулар болгон. Айтматова ушул өңдүү элес түшүрүлгөн футболкаларды, постерлерди жана трафареттерди чыгарып, тараткан.

Жарандык активист Мирсулжан Намазалиев шайлоону утурлай жаңы саясий кыймыл түзүү демилгесин колдойт, бирок аны ишке ашыруу оңой-олтоң болбой турганын айтат:

Мирсулжан Намазалиев
Мирсулжан Намазалиев

«Шайлоого катышуу оңой сезилгени менен, абдан эле татаал иш. Эл азырынча өзүнүн позициясын шайлоо аркылуу билдирүүгө толук өсүп жете элек. Андыктан добуштарды сатып алуу, коркутуу, кара пиар, административдик ресурс кийинки шайлоодо мурдагыдан да катуу иштеши мүмкүн деп ойлойм. Шайлоодо жаштардын «хайп» жаратканга мүмкүнчүлүгү жетет. Бирок алар канчалык өз алдынча барып, мандатка илинет деген суроого жооп берүү абдан татаал. Менимче, алар толук ийгиликке жетпей калышы мүмкүн. Ширин Айтматованын таасири абдан чоңоюп кеткен Матраимовдорго каршы иш алып барганы абдан шыктандырат. Ширин тайманбайт, ал 2010-жылы да Ошту кыдырып, кооганы токтотуунун камын көргөн. Бизде эр жүрөк адамдарды жакшы көрүшөт. Ошондуктан ал балким коомдун колдоосун таап калышы мүмкүн. Ширин Айтматова лидер болуп чыкса жаман болбойт. Заманбап ой жүгүрткөн адамдардын саясатта болгону жакшы».

Ал эми талдоочу Нурсултан Акылбектин пикиринде, Ширин Айтматованын кыймыл түзүү аракети - коом жаңы күчтөргө муктаж болуп жаткандыктан пайда болууда.

«Ширин Айтматова «партия түзөм» деп ачык айта элек. Анын эң башкы максаты парламентти жанылоодо болуп турат. Парламентте чыныгы оппозициянын жоктугунан, коррупциялык фактыларга депутаттар эч кандай реакция жасабагандыктан, эл камын ойлогон депутаттардын аздыгынан келечекте ушундай жаңы күчтөргө шайлоодо жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Эгер ал партия түзсө, анын айланасында жаңы күчтөр биригүүгө даяр деп ойлойм. Анткени анда элди тарта алган сапаттар бар, кандайдыр бир жаман көрүнүштөрдө аты аталган эмес. Бирок акыркы убакта жаштар таасирлүү саясатчылардын куралы болуп, бири-бири менен касташкан учурлар да бар. Чыныгы таасирлүү саясий күч болушу үчүн жаштар дымагын четке алып, биригиши керек».

Саясат талдоочу Даниел Кадырбеков Кыргызстанда саясий системаны жаңырта турган күч пайда боло элек деген ою менен бөлүштү. Ал ошондой эле Айтматованын Матраимовдордун маселесин гана көтөрүп жаткан себебин төмөнкүчө чечмеледи:

Даниел Кадырбеков
Даниел Кадырбеков

«Коррупцияга баткан чабал мамлекетти өнүктүрүп, чоң реформа кылабыз десек, анда бизге азыркы «кво-статусуна» байланбаган күч керек. Мен азыр андай күчтү көрө албай жатам. Себеби биз бул жерде эки факторду карашыбыз керек. Элди алдыга жетелеп кете алган президент болобу, же анын тегерегиндеги топторго каршы чыга алган, кызматка, таасирге алданбаган көк жал лидер барбы? Азыркы системаны жаңылай алган ресурс барбы? Экинчиден, коомду ишендирип, өзүнчө бир күч болуп, шайлоодо утуп келгенде деле бийликтин кызыкчылыгынан чыкпаган топко айланып калып жатпайбы. Мисалы, азыркы жагдайда «Райым миллион» гана жаман, ал эми президент жакшы дегендей позиция акылга сыйбаган көрүнүш. Себеби «Райым миллион» да, президент да убагында «кво-статусунан» пайда көрүп, ушул системада чоңойгон кишилер. Бирөө жакшы, экинчиси жаман деген логикага сыйбайт. Эгерде өзгөртөбүз десек, анда бардыгы кетиши керек».

Саясат талдоочу Эмил Жороев да Жогорку Кеңешти жаңылап-жаңыртуу, өзгөртүү кыйын деген пикирде:

«Азыр Кыргызстанда саясий жашоо кыйла активдешип, кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөр пайда болгондой сезилип турат. Саясатка кызыгып, аралашып келген жаштар биригип, жеңишке жете алчудай сезип турушат. Реалдуулукту карап туруп, жаштардын, жаңы күчтөрдүн келиши канчалык мүмкүн дегенде, Украина же дагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу биздин системабызды өзгөртүү кыйынырак. Элитабыздын түзүмүн, партиялардын иштөө тартибин алып карай турган болсок, шайлоо системасын талдай турган болсок, анда кескин өзгөртүү жасаганга мүмкүнчүлүк азырак. Мисалы, Шайлоо кодексинде жаңы күчтөргө жол ачып бере турган шарт деле болбой тургандай. Эгер шайлоо босогосу жогорулай турган болсо үч-төрт эле партиянын ортосунда талаш болуп калышы мүмкүн».

Ширин Айтматова залкар кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жалгыз кызы. Ал саясатка 2010-жылдан тартып аралаша баштаган жана «Ата Мекен» партясынын тизмеси менен 2010-2015-жылдары Жогорку Кеңешке депутат болгон. 2010-жылы коомчулуктун калың катмарына эң ириде июнь коогасында жабыркагандарга жардам берип жүрүп таанылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG