Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Ажырым партиялар, арсар кыймылдар ортосундагы таймаш


"Акжол" партиясынын талапкери дайын болчу
"Акжол" партиясынын талапкери дайын болчу

«Жаңы Кыргызстан» партиясынын мурдагы жетекчиси Исмаил Исаковдун президенттикке талапкерлигин Бириккен элдик кыймыл колдоп, партиялаштары болсо алдыдагы шайлоодо иштеп жаткан президентти сүрөөгө алышууда. Мамлекет башчысынын саясатын Кыргызстан коммунисттери да жактырып, алдыдагы шайлоодо аны колдой тургандыгын билдиришкен. «Акжол» партиясына өбөк-жөлөк болчу күчтөрдүн катары өсүүдө.

Кыргызстанда катталган партиялардын саны жүздөн ашканы менен 2007-жылкы парламенттик шайлоого алардын арасынан саналуусу эле чыккан. Анын үстүнө парламенттик шайлоого чукул түзүлгөн “Акжол” партиясынын катарына биртоп саясий күчтөр кошулуп, жоонтоп партиялардын катары суйдаң тартып баратат. Жалаң эле парламенттик шайлоо эмес, быйылкы президенттик сыноого арасынан талапкерин алып чыккан саясий партиялар мурдагысынан да аз болчудай. Бийликчил “Жаңы Кыргызстан”, Кыргызстан коммунисттер партиялары иштеп аткан президент К.Бакиевдин талапкерлигин колдой турганын билдиришти.

Ал эми “Жаңы Кыргызстан” партиясынын башкатчысы Исмаил Исаков кызматын таштап, оппозицияга өтүп, президенттик сыноого катышарын жарыя кылышы партиянын ичара бөлүнүшүнө алып келди. Аны жакында эле партиянын Ошто өткөн жыйыны ырастады. Партиянын негиздөөчүсү Ү.Сыдыковдун айтканына ишенип 2007-жылкы парламенттик шайлоого катышпай, бул ирет партиялашы президенттикке талапкер болуп чыгып жатса колдобой жатышына нааразы болгон партия мүчөсү О.Токтобаев жыйынга Алайдан келген өкүлдөр катышпастыгын билдирип, түзүлгөн жагдайга момундайча баа берген.

- Биздин партия өз мүчөсүн колдобой, башка адамды колдогону таңкалыштуу, жолдоштор! Ошондой эле “Жаңы Кыргызстан” партиясында ынтымак жок болуп жатат, жолдоштор!

Мурунку агрардык, кийин “Жаңы Кыргызстан” болуп түзүлгөн саясий партиянын негиздөөчүсү Үсөн Сыдыков “Азаттыктын” кабарчысы Алишер Токсонбаев менен маегинде президенттикке талапкер партиялашынын аракетин жактырбастыгын айтат.

- Кеткен бир күнү шак эле оппозиция. Эми аны ар ким өзү билет.

Исмаил Исаков кызматтан кетишинин себеп-жөнүн саясий себепке - азыркы башкаруу системасынын жарамсыздыгына байланыштуу түшүндүрөт.

- Эми бул жерде “кара мышык” эмнеден өтүп кетти? Менин өзүмдүн арызды жазып, ички-тышкы саясатка каршылыгымды билдирип басып кеткеним болду. Бул биринчи. Экинчи, бүгүнкү болуп жаткан кемчиликтердин бардыгын президенттин ошол 2005-жылкы элдик революциянын активдүү катышуучусу, жетекчилеринин бири катары ошол кезде элге берген убадалардын аткарылбаганын ачык айткандыгым.


И.Исаков коргонуу системасын реформалоо, аскер күчтөрүн ички саясий чатактарга аралаштырбоо жөнүндөгү кескин позициясы азыркы бийлик башчыларынан колдоо таппай калганын кошумчалады. Анын партиялаштарынын
бул күнкү курултайында алдыдагы шайлоодо иштеп жаткан президентти сүрөөнгө алуу маселеси каралмакчы. Партиялык жыйын оппозицияга өтүп кеткени үчүн И.Исаковду партиянын башкатчылыгынан бошотуу жөнүндөгү саясий кеңеш чечимин да карашы мүмкүн.

Президенттик шайлоо жакындаганы башында жалгыз атаандашты алып чыгуу демилгесин жактырып келаткан оппозиция катары да ичара ажырымдалып, Бириккен элдик кыймылдагы “Акшумкар” партиясынын жетекчиси Темир Сариев чоң сыноого өз алдынча чыгарын жарыя кылды. 25-апрелдеги Элдик курултайда президенттик шайлоого А.Атамбаев менен И.Исаков талапкер катары алгоолошуп чыгары жарыяланган.

Борбордук шайлоо комиссиясына 9 талапкердин арызы тапшырылды. Аларга Бириккен элдик кыймыл катарынан чыгарылган “Акшумкар” партиясынын жетекчиси кошулса атаандаштардын саны онго чыгат. Бийликчил күчтөр бир талапкерди колдоп, ага атаандаштардын катары арбыгандан арбып баратат.

XS
SM
MD
LG