Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

Апта: Саймаитинин өлүмү, Түркия батырбаган жоочулар


Айеркен Саймаити.
Айеркен Саймаити.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (11-17-ноябрь).

Апта башында, 10-ноябрда Түркияда кытайлык уйгур тектүү ишкер Айеркен Саймаити киши колдуу болду. Анын аты буга чейин "Азаттыктын" иликтөөсүндө аталган жана ишкердин Кыргызстандан чыгарылган акчанын күмөндүү жагдайларын, мыйзамсыз, жасалма паспорт берүү жана дипломаттарга байланыштуу маселелерди козгоду.

Жасалма паспорттордун чуусу

Айеркен Саймаитини 10-ноябрда кечки саат сегизде Стамбулдагы мейманканалардын биринин жанындагы кафеде отурганда атып кетишти. Түрк полициясы бул кылмышка байланыштуу Хусейн Ахметалиев, Абдулла Энвер аттуу эки кыргызстандык жана Али Исбех деген сириялык бир жаран кармалганын маалымдаган.

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы түрк полициясы атаган эки адам Кыргызстандын жараны эмес деп билдирди жана улуттук паспорттордун бирдиктүү реестрине ылайык, бул адамдарга Кыргызстандын паспорту берилбегенин айтты.

Айеркен Саймаити кыргыз паспортун көтөрүп жүргөнү белгилүү болду. Анын жасалма ID картасы менен чет элдик паспортто аты-жөнү Самятов Эркин Салимович деп жазылган.


Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Саймаити паспортту Жалал-Абад облусундагы Сузак районунан алганын, бул факт боюнча быйыл июль айында кылмыш иши козголгонун, райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып тагылганын билдирген. Милиция Саймаити кыргыз паспортун кайсы жылы алганын тактаган жок.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 13-ноябрда Жогорку Кеңеште Саймаитиге козголгон кылмыш иши тууралуу учкай маалымат берип, ал эл аралык издөөдө жүргөнүн билдирди.

- Айеркен Саймаитиге 2017-жылы өзүнүн өнөктөшү, кытай жаранынан 3 млн. 28 миң 168 доллар турган товарды жана акчаны алдап кеткен факты боюнча Кылмыш кодексинин «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, ага эл аралык издөө жарыяланган.

Мунун алдында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) Түркияда Айеркен Саймаитиге сентябрь айында издөө жарыяланганын билдирген. Аталган мекеме ишкер кайсы иш боюнча изделгенин тактаган эмес.

Бул окуя кыргыз паспортторунун мыйзамсыз берилиши, жасалма паспорттор тууралуу эбактан берки маселени кайра козгоду. Ички иштер министрлиги быйыл жыл башынан бери эле 36 кылмыш иши козголгонун маалымдады.

Кыргыз паспортторуна байланыштуу жыл сайын, ай сайын эле чуулгандуу окуялар катталат, ондогон кылмыш иштери козголуп, ондогон адамдарга айып тагылат. Бирок жыйынтыгы эмне менен аяктаганы, ким кандай жаза алганы көп эле учурда белгисиз бойдон калат. Буга чейин "Азаттык" паспорттордун мыйзамсыз берилиши, жасалма паспортторго байланыштуу иликтөө даярдаган. Бул маселе Жогорку Кеңеште бир канча жолу көтөрүлгөн. Күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү деле алтургай Сузак, Араван сыяктуу райондордо жасалма документ даярдоонун жедеп кыныгын алгандар бар экенин мойнуна да алган.

Консулдун "жоругу"

Айеркен Саймаитинин өлүмү паспорт чуусу менен кошо дипломаттарга байланыштуу талаш-талкууга жем таштады. Ишкер киши колдуу болгону кафенин жанындагы жолтандабас Кыргызстандын ошол кездеги Стамбулдагы конусулу Эркин Сопоковдуку болуп чыкты жана ага дипломатиялык номер тагылып жүргөнү белгилүү болду.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанда соңку эки жылдан бери издөөдө жүргөн адам кандайча консулдун унаасын минип жүргөнү тууралуу комментарий берип жатып, "Сопоков өз машинесин сатуу үчүн Стамбулдагы автосалондордун бирине таштаган" деп түшүндүргөн. Эмнеси болсо да президент Сооронбай Жээнбеков Сопоковду кызматтан алды. Бирок анын так себеби айтылган жок.

Экс-консулдун ишин текшерүү үчүн атайын кызматтын, Башкы прокуратуранын жана Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринен турган атайын топ түзүлүп, Стамбулга жөнөп кетти.


Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин башчысы Уланбек Дыйканбаевдин айтымында, текшерүү жүргүзүү боюнча аталган мекеме демилге көтөргөнүн айтты.

- Жумушчу топ түзүлдү, - деди ал. - Топко кирген бардык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Стамбулга барып, мурдагы башкы консулдун ишмердигин текшерет. Ишмердиги дегенибиз - ал жөнүндө бардык жагдайлар текшерилет жана бардык маалыматтар ушул иштин алкагына камтылат.

Сопоков бул кызматка мындан эки жыл мурун дайындалган жана ошондо анын мурда-кийин дипломатиялык кызматта иштебегени, эмгек жолуна байланыштуу коомчулукта талаш-талкуу болгон. Анын мындай маанилүү кызматка барган себебин ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов менен жакын мамиледе болгону менен байланыштыргандар да бар.

Соңку окуядан кийин айрым жалпыга маалымдоо каражаттары «Сопоковду акыркы кездери парламенттеги айрым депутаттар колдоп жүргөнүн» жазышты жана анда Төрөбай Зулпукаровдун аты аталды. Андан сырткары Сопоковдун уулу Азамат Мамасалиев Зулпукаровдун кеңешчиси болуп иштегени белгилүү болду. Зулпукаров журналисттерге Сопоковдун уулу консультант болуп иштеп кеткенин бышыктады жана экс-консул менен да жакшы тааныш экенин мойнуна алды:

- Эркин Сопоковдун кайнатасы - Эгемберди Эрматов. Ал киши менен мен 5-чакырылышта депутат болуп иштеп калдым. Анын күйөө баласы, балдары, жубайы менен дайыма катташып турам. Үй-бүлөсү менен КСДПнын түптөлүшүнө өтө чоң салым кошкон инсан. Убагында Эрматов КСДПнын түптөлүшүнө өтө чоң салым кошуп, учурунда куугунтукка да кабылган. Ал эми Сопоков боюнча тергөө башталса керек. Эгер консулдун машинеси болсо, аны берип койсо туура эмес. Эми ар бир киши адашат. Жасаган ишине жараша мыйзам алдында жооп бериши керек.

Сопоковдун жагдайы дипломатиялык чөйрөдөгү кадрдык башаламандыкка байланыштуу дооматты күчөттү. Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубековдун пикиринде, азыркы бийлик мындан жыйынтык чыгарышы керек:

- Бул Тышкы иштер министрлиги жана президент үчүн сабак болушу керек. Бир күн дипломат катары иштебеген бул адамды президент сунуш кылган. Биздин президент Конституция боюнча тышкы саясатты аныктайт. Бирок ал тышкы саясаттагы кадр иштерине кийлигишпей эле койсо жакшы болмок.

Саймаитинин чуусу парламентке жетти

Жогорку Кеңеш Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу жагдайлар тууралуу өкмөттөн 13-ноябрда маалымат алды. Анын алдында «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов буга байланыштуу аткаруу бийлигинин жоопкерчилигин айтып чыкты:

- Биз 1950-жылдардагы Сицилияга окшоп баратабыз. Кыска убакытта аба майданындагы автоунаадан ишкердин сөөгү табылды, «Мадина» базарында соода кылган ишкер өлтүрүлдү, «Кыргыз көмүр» стратегиялык мамлекеттик ишканасынын жетекчисин сабап кетишти. Бул кылмыштар - мамлекетке чакырык. Түркияда Кыргызстандын казынасына 5 млрд. сом салык төлөбөй издөөдө жүргөн Саймаити өлтүрүлдү. Аны өлтүргөн адамдар Кыргызстандын паспорту менен, Саймаити айдап жүргөн машине дипломатиялык номер менен чыгып жатат. Ошону да көрмөксөн болуп жүрө берелиби? Бул өзгөчө кырдаал да! Премьер-министр да унчукпайт. Же Батукаев Орусияда элчинин машинесинде жүрсө да унчукпайбызбы?

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

Өкмөт өкүлдөрү келгенде Дастан Бекешев тышкы иштер министри Чыңгыз Айдаровго Эркин Сопоковдун унаасы, ага тагылган дипломатиялык номер тууралуу суроо узатты. Министрдин жообу төмөнкүдөй болду:

- Айтылган маселе боюнча кемчилик бар эле. Ушул жылдын башында дал ушул номерлерди пайдалануу боюнча элчиликтерге, башкы консулдуктарга тиешелүү кагаздарды жазып, маалымат бергиле деп талап кылганбыз. Жыйынтыгында кеп болуп жаткан Эркин Сопоковго сөгүш жарыяланган, анын айдоочусу кызматтан бошотулган. Бул боюнча документтер биздин архивибизде бар. Мындан сырткары ал өткөн жылдар боюнча салык жөнүндө кагаздарды тапшырган эмес жана акыркы окуялардын негизинде биз аны иштен алуу боюнча президентке сунуш киргиздик. Натыйжада кечээ президенттин жарлыгы чыкты. Автоунаа Сопоковдун менчиги болгон жана ал жеке компанияга колдонууга берип койгон. Бул боюнча мыйзам чегинде жооп берет. Калган маселе жөнүндө Тышкы иштер министрлигинин пресс-релизи буга чейин жарыяланды.

Парламент жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана өкмөттүн тиешелүү органдарынын жетекчилери бул маселе боюнча пикирин билдирген жок.

Алмаз Кулматов
Алмаз Кулматов

Коомдук ишмер Алмаз Кулматовдун пикиринде, мындай окуялар өлкөнүн кадыр-баркына шек келтирип, бийликке көлөкө түшүрөт:

-Эч кимге аты-жыты белгисиз, Кыргызстанда ызы-чуу болуп жаткан, айрым бир кокустан байып кеткени белгилүү болуп жаткан адамдарга байланыштуу болуп жаткан инсандын өлүмү биздин өлкөнүн беделине шек келтирди. Криминал бүтүндөй дүйнөдө бар, кафеде же башка жерде атышып жатат. Бирок ушул кылмыш Кыргызстандын бетине көө жаап, дүйнөгө жаман жагынан таанытып жатканы кейиштүү көрүнүш. Эми буга бийлик адекваттуу мамиле кылууга тийиш. Дипломатиялык этика маселеси бузулганы көрүндү. Ушуга окшогон нерселер менен эл талап кылып жаткан мыйзамдуулукка балта чабылып жатат. Бийликтин, президенттин коррупция менен күрөшүнө көлөкө түшүрүүдө. Эми мындай жагдайда өкмөттүн колунан эч нерсе келбей жатса, анда жоопкерчиликти президент алышы керек. Бирок президенттин конституциялык укугу жок, демек анда кайра келип конституциялык укугу бар парламентке барып такалат. Эми алардын интеллектуалдык деңгээли жетсе, абийири жетсе жоопкерчиликти ала алат.

Ушул тушта Эркин Сопоковдун каякта экени беймаалым. Ал акыркы окуялар, ишкер Саймаити менен байланышы жөнүндө эмгиче үн ката элек.

Кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Анкара жоочулардан арылгысы келет

Түркия апта башына тарта “Ислам мамлекети” террордук тобунун мүчөлөрү деген шек менен кармалып турган чет өлкөлүк жоочуларды өз өлкөлөрүнө депортациялай баштады. Мындай адамдардын арасында Кыргызстандын 23 жараны бар деген маалымат тарады.

Түркия жарандары бар деген мамлекеттерди кабардар кылганын билдирди. Расмий Бишкек буга байланыштуу азырынча үн ката элек.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин башчысы Уланбек Дыйканбаев аталган мекеме маалыматты тактап жатканын айтты:

- Кабар чыккандан кийин эле биз маалымат сураганбыз. Бизге азыр маалымат келе элек. Бизде бул боюнча иштеген Консулдук департаментибиз бар. Биз аларга жана Түркиядагы элчилик менен башкы консулдукка айтканбыз. Азырынча маалымат келе элек.

“Ислам мамлекети” тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктар ал жакка негизинен Стамбул аркылуу өтүшкөн.


Түркиядагы “Хүрриет” басылмасынын эсебинде, мекенине жөнөтүлө турган 959 киши кеминде 33 мамлекеттин жарандары. Алардын арасында Казакстандын 10, Өзбекстандын 82, Түркмөнстандын 6, Орусиянын 99 жараны бар.

Британия баштаган бир катар Европа мамлекеттери "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен жарандарын атуулдуктан ажыратып, аларды кайра кабыл алууга каршы болушту.

Түркияда "Ислам мамлекети” террордук тобунун 1200 согушкери бар экени айтылган. Анкаранын өткөн айдагы Сириянын түндүгүндө күрд кошуундарына каршы “Тынчтык булагы” деп аталган жортуулу маалында бул террордук уюмунун дагы 300дөй мүчөсү кармалганы айтылган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Европа мамлекеттерин "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулуп кеткен жарандарынын тагдырына кайдыгер деп бир канча ирет айыптаган. АКШнын президенти Дональд Трамп да Европа өлкөлөрүн Сириядагы лагерлерде кармалып турган жарандарын алып кетүүгө чакырган. Эрдоган бул планынан кайтпай турганын кесе айтты:

- Чек арада калабы же калбайбы, бул эми бизди кызыктырбайт. Биз аларды жөнөтө беребиз. Кабыл алышабы же албай коюшабы, ал биздин маселебиз эмес.

Түрк бийлиги “Ислам мамлекети” террордук тобунун мүчөлөрү дегендерди кайдан, качан кармаганын тактаган жок. Жүздөгөн адамдын канчасы эркек, канчасы аял экени да белгисиз. “Хүрриет” басылмасы депортациялана турган чет өлкөлүктөрдүн ичинде 147 өспүрүм бар экенин жазды.


"Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун чөлкөмдөгү түйүндөрү талкалангандан бери Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлер менен түрмөлөрдө 10 миңге чукул экстремисттик топтун мүчөлөрү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү кармалып турганы кабарланып келет.

Кыргызстанга коңшу Казакстанда жыл башынан бери «Жусан-1» жана «Жусан-2» операцияларынын негизинде Сирия менен Ирактан 600 киши алып келинген. Алардын көбү балдар. Кайтарылган ондогон адамга кылмыш иши козголуп, соттолду.

Өзбекстан болсо жазында «Жакшылык» (Добро) деген гуманитардык операциянын алкагында Сирия менен Ирактагы куралдуу кагылыш болгон аймактарынан 150дөн ашык жаранын кайтарган. Өткөн айда болсо Ирактан өзбекстандык 64 бала Ташкентке келген.

Тажикстан апрель айында Ирактан 84 баланы алып келген. Алардын айрымдарынын энелери «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөсү деген шек менен Иракта жазасын өтөп жатканы айтылган.

Кыргыз өкмөтү да ушул тушта Сирия менен Ирактагы жарандарын алып келүүгө аракет жасап жатат. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган жумушчу топ түзүлгөн жана Иракта кыргызстандыктардын 80дей баласы бар экени айтылган. Бирок кайтаруу аракеттеринен азырынча майнап чыга элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG