Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

АКШ: Обама эң жогорку сотко испан аялдын талапкердигин көрсөттү


Соня Сотомайор, 2003-жылдагы сүрөт
Соня Сотомайор, 2003-жылдагы сүрөт

АКШда президент Обама Жогорку сотту жетектөөгө федералдык сот Соня Сотомайордун талапкердигин көрсөттү. Сотомайор - түбү Пуерто-Рикодон, талапкердиги жактырылса, ал АКШнын эң жогорку тогуз мүчөлүү сотун башкарган алгачкы теги испан америкалык болуп калмакчы. Айрым байкоочулар анын көрсөтүлүшүн саясий кадам деп баалашууда, себеби АКШда эң тез көбөйүп келаткан испан тилдүү азчылылтык өкүлү маанилүү кызматка келсе, бул келечектеги шайлоодо демократтарга жагымдуу жагдай жаратмакчы.

АКШнын Жогорку соту түзүлгөн 220 жылдан бери аны эки жолу афро-америкалык, эки жолу аял башкарган. Калган убактарда өлкөнүн эң жогорку сотунда ак түстүү түбү европалык эркектерден жол бошогон эмес

Эми бул көрсөткүчтөр экөө тең өзгөргөнү калды. Ушул дүйшөмбүдө президент Обама сотту жетектөөгө азчылык өкүлү болгон, кесипкөйлүгү менен таанылган федералдык аял соттун талапкердигин көрсөттү. 54 жаштагы теги испан Соня Сотомайорду Обама «акылы ашынган, мыйзамды беш колундай билген адис» деп мүнөздөдү.

Обаманын сунушун көпчүлүк колдоп, айрымдар сындап чыкты.

Обама өзү азчылыктын өкүлү болгондуктан, кара кылды как жарган акыйкаттыкты камсыздоочу сотко талапкерди улутуна жана жынысына карап тандап жаткан жокпу? Эң башкы суроо ушул болуп жатат.

Корланддагы Мамлекеттик Нью-Йорк университетинин саясат таануу профессору Роберт Спитзер «андай эмес» дейт. Анын пикиринде, айрымдар Обама болгону квотаны толтуруп жатат деп ойлошу мүмкүн, бирок өлкөнүн калкы ар кыл улуттардан тураарын да эске алыш керек:

– Менимче, мында маселе деле жок. АКШда Жогорку сотту башкара ала турган кесипкөйлөрдү ар кыл категориядан тапса болот. Абдан абройлуу юрист аялдар, федералдык сот системасында иштеген теги испандар, «ак түстүү эркек» категориясынан сырткары жактарда губернаторлор жана башкалар толуп атат.

Спитзердин пикиринде, Жогорку сотту жетектөөгө Сотомайордун кесипкөйлүгү жетиштүү. Анын үстүнө ал келсе, соттун ишинде көп деле өзгөрүү болбойт, себеби кетип жаткан сот Давид Сутер да Сотомайор сыяктуу эле саясий жактан либерал деп саналат.

Давид Боаз - Вашингтондогу көз карандысыз саясат таануучу КАТО институтунун президентинин орун басары. Ал Сотомайор акыйкаттыкты мыйзам менен эмес, акыйкаттык деген эмне экендигине карата өзүнүн жеке түшүнүгүнүн негизинде ишке ашырууга ыктайт деп эсептейт.

Боаз саясатчынын дээрлик ар бир кадамы саясат менен аныкталаарын моюнга алуу менен, Сотомайордун көрсөтүлүшү Кошмо Штаттарындагы улуттук ар түрдүүлүктү чагылдыруу далалаты менен эле чектелбейт деген пикирин мындайча баяндады:

– Менимче, бул саясий дайындоо болду. Соңку шайлоодо теги испан латин-америкалыктар Демократиячыл партияга жабыла добуш беришти, бирок алардын добуштары афро-америкалыктардыгына жеткен жок. Ушундан улам мен Демократиячыл партия латино жамаатында өз турумун бекемдегиси келет деп ойлойм. Демократтар Жогорку сотко биринчи жолу теги испан аялдын келиши латино жамаатынын Демократиячыл партияга болгон колдоосун бекемдейт деп жатышат.

Чындыгында да, теги испандар демократтарды колдошот, бирок көбүнүн дини католик болгондуктан, бойдон алдыруу жана гомосексуализм сыяктуу айрыкча талаштуу маселелерде Республикачыл партиянын консерваторлору менен пикири адатта бир жерден чыгат.

Мексика менен чектеш Техас штатында теги испандар шайлоочулардын ири блогун түзөт. Бул штатта Барак Обама 2008-жылы президенттик ат салышта мурдагы демократ талапкерлерге караганда көбүрөөк колдоо ала алды. Эгер ал 2012-жылы кайра президенттик шайлоого катыша турган болсо, Сотомайордун талапкердиги аркылуу ал Техаста да жеңип чыгышы ажеп эмес, дейт профессор Спицер.

XS
SM
MD
LG