Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:05

АКШ менен Британия “өзгөчө мамилесин” ырасташты


Вашингтон -- Президент Барак Обама менен британ премьери Гордон Браун.
Вашингтон -- Президент Барак Обама менен британ премьери Гордон Браун.

Шейшемби күнү Вашингтондо британ премьери Гордон Браун президент Барак Обама менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Дүйнөдөгү экономикалык кырдаал жолугушуунун негизги темасы болду.

Гордон Браун Вашингтонго жол тартардан эки күн мурда The Sunday Times апталыгында жарыяланган макаласында дүйнө азыр “жаңы багытка” муктаж экенин көрсөтүп, анын урунттуу учурларын учкай белгилеп өткөн эле.

Британ премьери экономикалык жаңы тарыйка “Африканын кыштактарынан тартып Лондон менен Нью-Йорктун финансы мекемелерин реформалоого чейинки иштерге” таасир көрсөтөт деп ишенет. Глобалдык “жаңы багыт” баарыдан мурда дүйнөлүк финансы институттарын, айрыкча банк системасын жөнгө салуу механизмдерин жакшыртууну талап кылат.

Ак үйдө өткөн жолугушуудан соң президент Обама кризис менен күрөшүү маселесинде Браун экөөнүн көз карашы бирден чыкканын ырастады.

”Өзүбүзгө терең аңды өзүбүз казып алдык, - деп айтты Обама. – Көп сандаган натуура чечимдер кабыл алынды. Эми ошол шилендилердин баарын тазалап жатабыз”.

Бул жолдо көп иштер күтүп турганын эскертип, Обама азыркы кыйын абалдан баары бир чыгабыз деп ишендирди. Экономика кайра курулат, мурдагыдан да көп нерселер жасалат, баргерчилик камсыз кылынат. Биримдик чыңдалат, кемчиликтер сабак болот, системалык коркунучтардан коргонуунун мыкты чаралары көрүлөт.

Эмдиги айда Лондондо дүйнөлүк 20 өлкө чоң жыйынга чогулуп, экономиканы кайра куруу жолдорун талкуулашат. Ушул саммитти эске алып, Браун алдыдагы бир нече айдын ичинде дүйнөнүн бардык өлкөлөрү глобалдык “жаңы багытты” иштеп чыгууга катыша аларын белгиледи. Бардык өлкөлөр биргелешип, экономикадагы өздөрүнүн үлүшүн көбөйтүүнү макулдаша алат. Мунун баары адамдарды иш менен камсыз кылуу, келечектеги өнүгүү үчүн зарыл.

Браун Британия менен АКШнын ортосундагы “өзгөчө мамилелер” жалпы дүйнөнүн кызыкчылыгына төп келерин, азыркы тарыхта өнөктөштүктүн мындан өткөн мыкты өнөгөсү жоктугун да кошумчалады.

Обама өз кезегинде Лондонду Вашингтондун эң жакын союздашы деп атады. “Ортодогу өзгөчө алакалар мындан ары да чыңдалат. Бул мен үчүн эле эмес, америка эли үчүн да маанилүү”,-деп көрсөттү Обама.

Браун шаршемби күнү конгресстин кошмо жыйынында сөз сүйлөдү.

Ал Обама бийликке киришкенден кийин аны менен көзмө-көз сүйлөшкөн европалык биринчи лидер болду. Байкоочулар ырасташкандай, эки жетекчинин жолугушуусу өтө жылуу маанайда өттү.

XS
SM
MD
LG