Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 9-апрель, 2020 Бишкек убактысы 23:50

Донбасста кайрадан ок атылды


Владимир Зеленский соңку атышуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жолтоо болбой турганын айтты.

Украинанын чыгышындагы соңку жагдай туурасында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) кабатырлыгын билдирди.

Донбасстагы соңку атышууга байланыштуу Украина менен Орусия колдогон жикчилдер бири-бирин айыптап жатышат. Анда эки тараптан жалпысынан беш киши өлүп, сегиз жоокер жарадар болгону кабарланды.

ЕККУ каршылашкан тараптарды атышууну токтотуу тууралуу былтыр жыл аягында кол коюлган макулдашууну сактоого, чатакты басуу аракеттерин улантууга чакырды. Уюмдун азыркы төрагасы Эди Рама менен баш катчысы Томас Гремингер 18-февралда тараткан билдирүүдө тараптар өткөн ноябрда өз күчтөрүн чыгарып кеткен тилкеде адам өмүрлөрү кыйылганына өкүнүч айтылган.

Украина менен Орусия колдогон жикчилдер соңку кагылышуу үчүн бири-бирин айыптап жатышат.

Киев ырастагандай, шейшембинин таңында Луганск облусундагы Золотое кыштагынын жанында каршылаш тараптын аскерлери армиянын позицияларын аткылай баштаган. Бир жоокер окко учту, төртөө жарадар болду.

Деген менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жагдай көзөмөлдө экенин билдирди жана бул окуя тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жолтоо болбой турганын айтты:

«Кырдаалды биздин армия менен Башкы штабдын жетекчиси көзөмөлдөп жатат. Биз бул чагымчыл аракеттер багытыбызды өзгөртө албай турганына ишенебиз. Анткени күчтүү армия менен гана сүйлөшүүгө барууга болот. Биздин көздөгөнүбүз - согушту токтотуп, тынчтык орнотуу».

Жикчилдер болсо Киевден кескин айырмаланган билдирүү таратышты. Өзүн «Луганск элдик республикасы» деп атаган жикчил топтун өкүлү Осадчий Яковдун айтымында, украиналык күчтөр алардын көзөмөлүндөгү аймактарга кирүүгө аракет кылганда аткылоого туш болушкан. Атышууда алар тараптан төрт аскер окко учуп, дагы төртөө жарадар болгон.

«Биздин позициябызга жакындап келген топ мина коюлган талаада окко учту, - деди ал. - Анда кеминде эки жоочу курман болуп, дагы үчөө жаракат алды. Жарылууда өлгөндөрдү жана жарадар болгондорду алып кетүү максатында №93 бригаданын командачылыгы республиканын эл жашаган конуштарына артиллериялык сокку уруу тууралуу буйрук берген».

Былтыр жыл аягында Парижде «Норманд төрттүгү» форматындагы саммитте Киев менен Москва Донбасстагы атышууну таптакыр токтотууну жана эки тарапта кармалып турган бардык туткундарды алмашууну макулдашкан. Жарашуу келишими ушул жылдын башынан тартып күчүнө кирген. Бирок ошондон бери атышууну токтотуу режими толук сакталбай келет жана буга байланыштуу тараптар бири-бирин айыптап келатышат.

Украинанын чыгышында куралдуу кагылышуу 2014-жылы башталган жана ошондон бери 13 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG