Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Талиптер Лоя Жырганын делегаттарын коркутууда


Полициячылар жанкечти өлтүрүлгөн жайга чукул жерде ары-бери өткөндөргө байкоо салып турушат. Кабыл, 14-ноябрь 2011
Полициячылар жанкечти өлтүрүлгөн жайга чукул жерде ары-бери өткөндөргө байкоо салып турушат. Кабыл, 14-ноябрь 2011

14-ноябрда Ооганстандын коопсуздук кызматы Лоя Жырга өтчү жайга жардыргыч заттарды алып бараткан жанкечти жок кылынганын маалымдады.

Акскалдар кеңеши - Лоя Жырга 16-ноябрда Кабылдагы Политехника университетинин аймагына орнотулган чоң чатырда ачылат. Ага 2 миңдей уруу аксакалдары жана саясатчылар катышары айтылууда. Жекшемби күнү ооган талиптери элдик жыйындын жашыруун пландарына ээ болгонун жар салган.

Жанкечти өлтүрүлгөнү жөнүндөгү кабар талиптер ооган аксакалдардын жыйыны - Лоя Жырганын ишин үзгүлтүккө учуратууга камданып жатыптыр деген каңшаарды ого бетер күчөттү.

Ички иштер министрлигинин билдиришинче, жанкечти “Токто!” деген буйрукту укпастан, жыйын болчу жайды көздөй кете бергенде, полиция аны атып салганга аргасыз болгон. Дагы шектүү үч адам кармалды.

Лоя Жырга өтчү жайга жакын жерде күзөттө турган жоокер. Кабыл, 14-ноябрь, 2011
Лоя Жырга өтчү жайга жакын жерде күзөттө турган жоокер. Кабыл, 14-ноябрь, 2011
Соңку күндөрү депутаттар Лоя Жыргага катышчу болсо, өмүрүн тобокелдикке саларын эскерткен каттарды алып жатканы маалымдалууда.

Парламент мүчөсү Мухаммед Дауд Хасас анын чөнтөк телефонуна Пакистандагы номерден жөнөтүлгөн коркутуу каты жөнүндө “Эркин Ооганстан” үналгысына курган маегинде "Алардын катында "кимде ким Американын Лоя Жыргасына (Лоя Жырганы ушинтип аташкан) катышчу болсо, өлүмгө дуушар болот" деп айтылат. Мындай коркутуу катын ар бир депутат жана өкмөттүк адамдар алышты”,- деди.

Ал эми 13-ноябрда талиптер өз интернет сайтында жыйын өткөрүлчү жайдын жашыруун пландарына ээ болушканын жазды. Бул кабарды ооган өкмөтү жалганга чыгарды.
Мен Ооганстан элине тынчтык алып келүүнү көздөгөн жана аларга өз келечегин пландоого жардамдашчу ар кандай Лоя Жыргага 100% катышам
Шукурия Баракзай

Дүйшөмбү күнү Ооганстандын чалгындоо кызматынын өкүлү Латфулла Машал талиптер айрым үзүндүлөрүн жарыялаган документ жасалма экенин билдирди:

- Биз аны калп дейбиз. Бул биздин план эмес. Талиптердин Кабылга Жыргага чакырылган адамдарды токтотуу аракети ойрон болгондон кийин алар береги калпты маалымат каражаттарына жөнөтүштү.

Лоя Жырга 16-ноябрда ачылып, кеминде үч күнгө созулат. Анда депутаттар АКШ аскерлеринин болочокто ооган жеринде болуусун жана талиптер менен сүйлөшүү маселесин талкуулашат.

Ак Үйдүн планы боюнча 2014-жылы америкалык аскерлер Ооганстандан чыгып кетет. Андан кийин ооган аскерлери жана полициясы кандай каржыланары, өз ара стратегиялык кызматташуу кандай формада болорун тараптар алиге такташа элек. (“Вашингтон Пост” гезитинин жазышынча, азыр ооган полициясы жана армиясы бүтүндөй АКШнын мойнуна жүктөлгөн). Буга карабастан, президент Карзай ишемби күнү жасаган билдирүүсүндө Лоя Жырга белгиленген мөөнөттө өтөт деген.

АКШлык аскер менен Ооган жоокер Ооган армиясына АКШ жана башка өлкөлөр тартуу кылган куралдарды көрүшүүдө. Ооганстандын Коргоо министрлиги Кабылда өткөргөн көргөзмө. 18-октябрь, 2011
АКШлык аскер менен Ооган жоокер Ооган армиясына АКШ жана башка өлкөлөр тартуу кылган куралдарды көрүшүүдө. Ооганстандын Коргоо министрлиги Кабылда өткөргөн көргөзмө. 18-октябрь, 2011
Лоя Жырганы уюштуруу боюнча комиссиянын өкүлү Сафия Сыдыки айымдын маалымдашынча, жыйындын коопсуздугуна байланыштуу тынчсызданууларга карабастан делегаттар жыйынга катышпай койорун жышааналаган белгилер жок.

"Бүгүн эртең менен жыйынга чакырылгандар каттала баштады. Бул адамдар жыйынга катышууга дилгир экенин күбөлөйт. Мен мындан башка эч нерсени көрбөйм,"-деп билдирди Сыдыки айым.

Депутат айым Шукурия Баракзайга анын ысмы козголоңчулардын “кара тизмесинде” бар экенин өкмөттөн эскертишкен. Ага карабай, Шукурия Лоя Жырганын ишине катышарын айтат:

- Мен Ооганстан элине тынчтык алып келүүнү көздөгөн жана аларга өз келечегин пландоого жардамдашчу ар кандай Лоя Жыргага 100 пайыз катышам.

Былтыр июнда Лоя Жырга өтүп жаткан жайды козголоңчулар ракетадан аткылаган. Ал эми президент Карзайдын жыйын ачылышындагы сөзүн автоматтан атылган октун үнү бузган. Ошондо коопсуздук күчтөрү белине бомба байланган эки жанкечтини жок кылган. Атышуу учурунда ок тийип, үч жаран набыт кеткен. Анда Лоя Жырганын 1,5 миңдей катышуучусу эч кандай зыян тарткан эмес.

XS
SM
MD
LG