Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:33

Аксыда селден беш айылдын эли жапа чекти


Аксы району Авлетим айыл аймагы
Аксы району Авлетим айыл аймагы

Аксы районунда 20-майда катуу жааган жаандан кийинки селден жана шамалдан беш айыл зыян тартты. 17:30дар чамасында мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен Авлетим айыл аймагындагы үч айыл, Кызыл-Туу айыл аймагындагы эки айылдагы турак жайларды жана бакчаларын суу каптаган. Жайыттагы малды сел агызып кеткен. Жалпы 430 үйдүн электр жарыгы өчүп, жекшембиде калыбына келтирилди.

Аймакта бул күнү катуу шамал да болуп, Кара-Суу, Кара-Жыгач, Сыны, Кара-Ой айылдарында үйлөрдүн жана сарайлардын чатырларын учуруп кетти.

Арасында Сыны айылынын 75 жаштагы тургуну Анарбү Шерматованын үйү да бар.

"Кечээ күнү болгон шамал үйүмдүн чатырын учуруп кетип, эмне кыларымды билбей отурам. Кайра калыбына келтирип алганга менде акча да жок. Кырсыктан кийин өкмөт, ӨКМден кызматкерлер келип кабар алышты. Аларга да жардам керек деп айттым".

Сыны айылынын тургуну Анарбү Шерматованынын үйү
Сыны айылынын тургуну Анарбү Шерматованынын үйү

Аксы районунда мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен Авлетим айыл аймагында 48 үйдүн жана мектеп, балдар бакчасынын короолорун сел каптады. Авлетим айыл аймагынын башчысы Каныбек Атантаев буларды билдирди:

Аксы району
Аксы району

"Авлетим аймагындагы селден үч айылга чоң коркунуч болду. Үйлөрдү жана жолдорду каптап кетти. Учурда жолдор ачылып, келтирилген зыяндар такталып бүтүп калды. Ал эми жайыттагы сел агызып кетти деген 50 кой табылып жатат. Койлорду сел албай эле үркүп кетишиптир. Баарын болбосо да көбүн таап алышыптыр".

Авлетим аймагындагы Баястан айылынын жайытында жүргөн 50 чакты койду сел агызып кетти деп 21-майда маалымат берилген.

Селге аккан кой
Селге аккан кой

"Бизде элдин кою бар эле. Кечээги селден өлгөн беш-алты кой табылды, калганы тирүү эле окшойт. Толуктап жатабыз. Жалпы 50 кой агып кетти деген маалымат туура эмес",- деди жергиликтүү тургун Жеңишбек Жумабеков.

Селден кийин аймактарда зым устундар кулагандыктан, Кара-Жыгач айылында жана Дардак-Дөбө участогунда болжол менен 430 үйдүн электр жарыгы өчүп, кайра калыбына келтирилген. Жеринде тактоо үчүн Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери айылдарды кыдырып жүрөт.

Селден кийинки жол ачуу
Селден кийинки жол ачуу

Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Ильяс Чоноров селдин кесепетин жоюу иштери уланып жатканын маалымдады:

"Шамал төрт турак жай, үч времянка, беш мал сарайдын айрым бөлүктөрүн учуруп кеткен. Жолдор бөгөлгөн эле. Учурда жумуш жүрүп, жолдор ачылып, электр энергиясы берилди. Райондук жарандык коргонуу кызматы кырсыктан кийинки чыгымдарды эсептеп жатышат", - деди ал.

Жалал-Абад облусунда сел, жер жана кар көчкү сыяктуу табигый кырсыктар болушу мүмкүн болгон аймакта кеминде 1160 үй-бүлө жашайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG