Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Апта: Кытайга каршы маанай, кыргыз футболунун жеңиши


Кыргызстан менен Филиппиндин командаларынын мелдеши. 16-январь, 2019-жыл.
Кыргызстан менен Филиппиндин командаларынын мелдеши. 16-январь, 2019-жыл.

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

Бейшембиде Бишкектин Ала-Тоо аянтында Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын өлкөдөн чыгарууну талап кылгандардын митинги ызы-чуу менен аяктады. Нааразылыкка болжол менен 500дөй, уюштуруучулардын айтымында эки миңдей киши катышты. Анда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды тез арада өлкөдөн чыгаруу, жыл сайын чет элдиктерге берилчү 15 миң квотаны кескин азайтуу, жарандык берүүнү 10 жылга токтотуп, мораторий киргизүү, кыздардын чет өлкөлүктөргө турмушка чыгышын көзөмөлдөө, Курултай институтун киргизүү сыяктуу сегиз талап көрсөтүлгөн.

Уюштуруучулардын бири Аманбол Бабакулов мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныкташ үчүн комиссия түзүп, «кытайлар иштеген ишканаларга барып көрөлү» деген сунуш киргизди:

- «Бишкекте, Нарында, Таласта кытай көбөйүп кетти» деп жатасыздар. Ушундай нерселерге чекит коюш үчүн ИИМ, УКМК, Мамлекеттик миграция кызматы, депутаттар жана жарандык активисттер болуп чогуу жеринен барып, өз көзүбүз менен көрөлү. Ар бир райондон, жаштардан арабызга кошолу.

Буга чейин социалдык тармактарда Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлардын саны 50-60 миңге жеткени тууралуу маалымат тараган.

Бишкектеги митинг күч менен таркатылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:42 0:00

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Алмаз Имангазиев аянтта чогулгандардын алдына келип, Интернетте бурмаланган кабар тараганын айтып, Кыргызстанга кытай жарандары мыйзамдуу тартипте гана кирерин билдирди:

- Визасыз кытай жарандары бул жакка кире албайт. 2017-2018-жылдары узак мөөнөттүү виза менен 10 миңден эле кытай кирип чыккан. «50 миң кытай бар» деген туура эмес маалымат. Ар бир кытайдын иши көзөмөлдө. «Мыйзамсыз жүрөт» деген туура эмес.

Ал эми Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов чет элдиктерге берилчү квотаны азайтуу, алардын өлкөгө кирип-чыгышын жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, өкмөттүн кароосунда турганын айтты:

- Эң негизги максат - чет элдик жарандарды азайтуу. Ар бир иштеп жаткан мекемеде эң көбү 20% чет элдик жаран иштөөгө укуктуу болот. Азыр чет элдиктерге уруксат кагазы 2 миң сом турат, жаңы мыйзам боюнча ал 30 миң сом болот, - деди миграция кызматынын өкүлү. Ал өлкөдөгү чет элдик компанияларда 52 миң кыргыз жараны иштеп, алардан канчалаган салык түшүп жатканын аянттагыларга түшүндүргөнгө аракет кылды.

Кытайдын Шинжаң аймагында кыргыз, уйгур, казак жана башка улуттагыларга каршы басым күчөгөнү тууралуу маалымат чыккандан кийин социалдык тармактарда, мессенжерлерде Кыргызстандагы кытай жарандарына каршы билдирүүлөр байма-бай тарап жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-январда кыргыз-кытай мамилесин бузгусу келген күчтөр жазаланарын эскерткен. Ага удаа эле биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов басма сөз жыйынын өткөрүп, «кытай жарандары көбөйүп кетти» деген маалыматты четке каккан.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгулдан соңку кезде кытай жарандарына каршы маанайдын күчөшүнө эмне түрткү болуп жатканын сураганыбызда мындай жооп берди:

Кытай-кыргыз мамилесине таасир эткен себептер
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:13 0:00
Түз линк

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев мындан төрт жыл мурун Кыргызстанда туруктуу жашоого уруксатты мыйзамсыз алган 996 кытай жараны эмгиче депортация болбой жатканын эске салып, мамлекеттик органдарды «коррупцияга малынды» деп сындады.

«Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев кыргыз-кытай мамилесин өнүктүрүш үчүн эки өлкөнүн экономикалык форумун өткөрүүнү сунуш кылды. Ошондой эле ал Шинжаңдагы боордоштордун абалын жеңилдетүүгө элдик дипломатияны пайдалануу жөнүндө оюн ортого салды.

Кыргыз бийлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 400гө жакын кытай ишканасы бар, ал эми биргелешкен ишканалардын саны 177. Былтыр алардан 3,8 миллиард сом салык түшкөн, бул мурдагы жылга салыштырмалуу 20% көп.

Былтыр Кыргызстанга 35 миңден ашуун (35 миң 215) кытай жараны келип, 34 миң 436сы кайра чыгып кеткен. Мамлекеттик каттоо кызматында 25 миңге жакын кытай жараны тизмеде турат. Алардын 25ине өлкөдө туруктуу жашоого уруксат берилген. Соңку тогуз жылдын ичинде 268 кытай жараны Кыргызстандын атуулдугун алган. Алардын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 171си кыргыз, 72си уйгур, тогузу өзбек, алтоо кытай жана бири казак улутундагылар.

Журналисттер укугун коргоп пикетке чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:45 0:00

«Хьюман Райтс Уотч»: Кыргызстанда адам укуктарын коргоодо көп маселелер чечилбей калды

17-январда жарык көргөн, 674 барактан турган баяндамада жарандык топтордун жана коомдук кыймылдардын колдоосу менен дүйнөдө чакан мамлекеттердин коалициялары жаралып, алар демагог-популисттерге каршы туруп жатканы белгиленген.

Эл аралык уюмдун жетекчиси Кеннет Роттун айтымында, ири державалардын бийлик башчылары ички саясаты менен көбүрөөк алек болуп, дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына көз жуумп коюшту. Ошол эле маалда чакан мамлекеттер биригип, бул вазийпаны аткарышты.

- Трамп «дос» деп эсептеген автократтарды кабыл алуу менен алек болду, - деди ал. - Британия Брекзит маселеси менен алышып жатты. Франциянын президенти Эммануэл Макрон жакшы сүйлөгөнү менен көп нерсени ишке ашыра алган жок. Керек болсо Германияда кадыр-баркка ээ деп эсептелген канцлер Ангела Меркел оңчулдардын басымына кабылды. Көп учурларда биз чакан жана орто мамлекеттер биригип, натыйжалуу көрсөткүчкө жетишип жатканын байкадык.

Венгрияда миңдеген адамдар авторитардык башкарууга ыктаган премьер-министр Виктор Орбандын Борбордук Европа университетин жабууну жана «кулчулук мыйзамы» деп аталган жумуш убактысын көбөйтүүнү караган сунуштарына каршы чыгышты.

Түмөндөгөн адамдар Польшада өлкө бийлигинин сот системасын реформалоо боюнча демилгесине каршылык билдиришти.

Германия, Дания жана Финляндия саудиялык журналист Жамал Хашогжи (Хашогги) Стамбулдагы Саудиянын элчилигинде өлтүрүлгөн соң Эр-Риядга курал сатууну токтотту.

Ал эми президент Дональд Трамптын өз элин «Борбордук Америка мамлекеттеринен агылган мигранттар АКШны каптайт» деп коркутканы тескерисинче былтыр ноябрда өткөн шайлоодо республикачылардын жеңилип калышына жеткирди.

Андан тышкары, баяндамада адам укуктарына байланыштуу маселелер бир нече мамлекетте саясий бийликтин алмашуусуна себеп болгону айтылат.

Малайзияда жана Мальдив аралдарында шайлоочулар коррупцияга байланыштуу шек саналган премьер-министрлерин бийликтен кетирсе, Армениянын өкмөт башчысы бийликтеги паракорчулукка каршы ири толкундоонун арты менен кызматтан баш тартууга аргасыз болгон.

Шри-Ланкада мыйзам чыгаруучулар, соттор жана коомчулук өлкө президенти уюштурган «конституциялык төңкөрүшкө» каршы турду.

Ошону менен катар эле дүйнөдө бир катар лидерлер адам укуктарын тебелеп, жарандык коомго дагы эле басым көрсөтүп жатышат. Алардын арасында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Египеттин лидери Абдел Фаттах ас-Сисинин аты аталат.

«Хьюман Райтс Уотчтун» жетекчиси Кеннет Рот Кытайдагы мусулмандардын «саясий лагерлерде» камалышына эл аралык коомчулук «көңүл кош» мамиле кылып жатканына токтолду:

- Кытайда бир миллиондон ашуун мусулмандар Бээжин «саясий тарбиялоочу лагерь» деп атаган жайларда камалып, исламдан баш тартууга мажбурланып жатат. Көп адамдар бул тууралуу жакшы билишкени менен ачык айтышпайт. Анткени Кытай көп мамлекеттерге инвестиция салат. Бээжин өз таасирин арттырыш үчүн бардык чараларды көрүүгө, керек болсо сатып алууга да даяр.

Жылдык баяндамада былтыр Кыргызстанда адам укуктарын коргоодо көптөгөн маселелер чечилбей калганы айтылган. Уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мира Риттман «Азаттык» менен болгон маегинде «аялдардын жана балдардын укуктары жетиштүү корголбой жатканын» баса белгиледи:

- 2017-жылы Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы мыйзам кабыл алынганда ага үмүт артып, тажрыйбада кеңири колдонулат деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, өзгөрүүлөр жашоодо байкалбай жатат. Үй-бүлөдө аялга кордук көрсөтүү, кыз ала качуу, эрте нике сыяктуу басмырлоонун түрдүү формалары тыйылган жок. 2018-жылдын май айында Бурулай аттуу кыздын ала качууга туш болуп, милиция бөлүмүндө киши колдуу болгону - буга анык мисал.

Риттмандын айтымында, Кыргызстанда улуттук, диний жана жыныстык азчылыктар да ар кандай басмырлоого кабылып жатышат. Кыргыз бийлиги укук коргоочунун өзүн «миграциялык мыйзамды бузду» деген жүйө менен 2015-жылдан бери өлкөгө киргизбей койду.

Түрткүнчүк болгон балдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:14 0:00

Өлкө жетекчилиги адам укуктарын коргоп, мыйзам үстөмдүгүн орнотуп, сот адилеттигин камсыз кылуу боюнча чыныгы реформага барууга убада берип келатат. Президент Сооронбай Жээнбеков Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында сүйлөгөндө Кыргызстан «жаңы укуктук мейкиндикке» кирерин баса белгилеген.

- 2019-жылы соттук-укуктук реформанын практикалык этабы — жаңы укуктук нормалардын негизинде жашообуз башталат. Сотко чейинки кармоо жана тергөө иштери, соттук териштирүү, соттун чечимин аткаруу жумуштары кодекстердин жана мыйзамдардын жаңы нормалары менен жүргүзүлөт, - деген эле ал.

Эл аралык укук коргоо уюму Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлерин адам укуктарын мамлекеттик саясаттын көңүл чордонуна чыгарууга үндөдү.

Баяндамада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев коңшу өлкөлөр менен карым-катнашты өнүктүрүүгө киришкени, адам укуктарынын абалын оңдоо багытында илгери кадамдарды жасаганы айтылат.

Тажикстан менен Түркмөнстанда адам укуктарын чектеген тенденциялар сакталып жатканына, бул өлкөлөр кысымчыл саясатка ооп баратканына басым жасалган.

«Ак шумкарлардын» тарыхый жеңиши

Кыргызстандын курама командасы – «ак шумкарлар» өз тарыхында Азия кубогунда биринчи жолу ойноп жатканына карабастан, плей-оффко чыгып, 16 команданын катарына кошулду. Кыргызстан тайпалык акыркы оюнунда Филиппиндин футболчуларын 3:1 эсебинде жеңди.

“Ак шумкарлар” плей-оффка чыгышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:08 0:00
Түз линк

Эгер ФИФАнын рейтингине таянсак, Бириккен Араб Эмираттарынын командамасы тайпалык оюндарда өзүнөн кыйла алсыз командалар менен беттешти. Ал эми Кыргызстан Филиппинди эске албаганда, эки беттешинде өзүнөн күчтүүрөөк деп саналган командалар - Кытай жана Түштүк Корея менен таймашты.

БАЭнин курама командасы - Филиппин эмес, андыктан бул оюн кыргыз футболчулары үчүн жеңил болбойт. Муну кыргыз командасы жана башкы машыктыруучу Александр Крестинин мыкты түшүнүп турат. Ошентсе да «топ - тоголок, талаа – тегиз» демекчи, Кыргызстандын Азия чемпионатынын кийинки баскычына өтүп калышынан мекендештердин баары үмүт кылып жаткан чагы.

Буга чейинки беттештерде кыргыз футболчулары кандайдыр бир деңгээлде тажрыйба топтоп, өздөрүнүн алсыз жана артыкчылыктуу жактарын көрө алды десек болот.

Бишкектеги митинг күч менен таркатылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:42 0:00

Дагы бир фактор - Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттарынын футболчулары менен алардын мекенинде беттешет. Адатта өз жеринде ойноп жаткан команда атаандашын мүмкүн болушунча утууга аракет кылат эмеспи.

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын курама командаларынын оюну 21-январда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де башталат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG