Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

G20: саммит алдындагы карама-каршылык


“Чоң жыйырманын” курамына эң өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан 19 өлкө жана Европа Биримдиги кирет.
“Чоң жыйырманын” курамына эң өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан 19 өлкө жана Европа Биримдиги кирет.

Аргентинанын борбору Буэнос-Айреске “Чоң жыйырмага" кирген мамлекеттердин лидерлери чогулууда.

Дүйнөдөгү экономикасы эң ири 20 өлкө кирген уюмдун 30-ноябрда жана 1-декабрда боло турган саммитинде кандай маселелер талкууланат?

“Чоң жыйырманын” жыйынына катышуу үчүн 29-ноябрда алгачкылардан болуп Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед ибн Салман, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, ​Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте келди. Буэнос-Айреске антиглобалисттер да чогулууда.

Саммитке каршы жарнама.
Саммитке каршы жарнама.

Аргентинанын өзүндө да саммитке каршы жүздөгөн адамдар жүрүшкө чыкты.

- Биздин өлкөдөгү империалисттик, капиталисттик сектор бекерпоздук менен ачкачылыктан башка эч нерсе алып келбейт. “Чоң жыйырма” так бир нерсе сунуш кылбайт, эч бир экологиялык маселелерди чечпейт. Аларды кызыктырган эле – биздин аймактагы табигый ресурстар, - деди эл аралык саммитке каршы экенин билдирген жергиликтүү тургун Алеяндро Игназсевски.

Аргентинанын борборундагы полиция машинеси.
Аргентинанын борборундагы полиция машинеси.

Аргентинанын борборундагы саммит учурунда коомдук коопсуздукту 22 миңдей полиция камсыздайт, бирок чыныгы карама-каршылык көчөдө эмес, саммиттин өзүндө болчудай.

Жакынкы Чыгыш, Йемендеги согуштук кырдаал жана гуманитардык кризис, Керч кысыгындагы жаңжалдан улам чыңалып турган Орусия менен Украинанын мамилеси, "соода согушун" баштан кечирип жаткан АКШ менен Кытайдын жагдайы, глобалдык экология көйгөйү саммиттин отурумдарында жана эки тараптуу жолугушууларда талкууланчу темалар катары каралууда.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Аргентинада Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушууда Керч кысыгындагы кырдаалды козгой турганын 29-ноябрда билдирди:

Ангела Меркел.
Ангела Меркел.

- Мен бейпилдикти сактоону колдойм. Ошол эле кезде Мариуполь сыяктуу шаар бөлүнүп калбашы үчүн баарын жасоого милдеттүүбүз. Анда аларга Украинанын негизги бөлүгүнө жетүү кыйындап калат. Орусиянын президенти менен "Чоң жыйырманын" саммитинде жолукканда мен бул маселени көтөрөм.

АКШ президенти Дональд Трамп болсо, тескерисинче, дал ушул украин маселесинен улам Орусия президенти менен Аргентинадагы буга чейинки макулдашылган жолугушуусунан баш тартты.

“Украинанын кемелери жана деңиз аскерлери өз мекенине коё берилбегендиктен президент Владимир Путин менен буга чейин белгиленген жолугушуума кызыкдар тараптар аны токтотсо туура болот” – деп жазды ал “Твиттердеги” баракчасына 29-ноябрда Аргентинага учуп кеткенден кийин.

Москванын андан мурдарак билдиргенине караганда, эки лидер 1-декабрда жолугуп, Сирия, Иран жана Түндүк Корея маселесин талкуулашмак болгон.

Орусия 25-ноябрда Азов жана Кара деңиз кесилишкен Керч кысыгында Украинанын үч кемеси менен 24 деңиз аскерин кармап, алардын баарын эки айга камады. Киев “агрессия”, ал эми Москва “чагым” деп баалаган ошол окуядан кийин Украина НАТОдон жардам сураган.

Саммиттин катышуучуларынын арасында 2-октябрда Саудиянын Стамбулдагы консулдугунда киши колдуу болгон журналист Жамал Хашогжини "өлтүрүүгө буйрук берген болушу мүмкүн" деп айтылып жаткан Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед ибн Салман да бар. Аргентинага "журналистти өлтүрүү буйругу Сауд Арабиянын өкмөтүндө отурган жогорку деңгээлдеги кишилерден келгенин биз билебиз" деп айткан Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да келет.

Журналист Жамал Хашогжи.
Журналист Жамал Хашогжи.

Эр-Рияд журналисттин көзүн тазалоону тактынын мураскору билген эмес деп, дооматтарды четке кагып келе жатат.

“Чоң жыйырманын” курамына эң өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан 19 өлкө жана Европа Биримдиги кирет. Аларга дүйнө экономикасынын жалпы өндүрүшүнүн 90% таандык.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG