Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:11

Армения: Никол Пашинян премьерликке шайланган жок


Никол Пашинян парламентте.
Никол Пашинян парламентте.

Никол Пашинян премьер-министрликке сунушталган жалгыз талапкер болду.

Оппозиция лидери, өлкөдөгү 13-апрелден берки нааразылык жүрүштөрүнүн башында турган депутат, премьер-министрликке сунушталган Никол Пашинянга бүгүн парламенттеги жыйында 45 депутат "ооба", 55 депутат "каршы" добуш берди. Премьер-министрликке шайланыш үчүн Пашинян кеминде 53 добуш алышы керек болчу.

1-майда Армения парламенти – Улуттук жыйындагы добуш берүүдө Никол Пашинян өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн жалгыз талапкер болду. 105 мандаттуу Армения парламентинде 58 депутаты бар мурдагы президент жана премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясы элдин сүрүнөн жана талабынан кийин өкмөт башчылыкка талапкер чыгарбоого макул болгон. Бирок алар, депутат Феликс Цолакяндан башкасы, бүгүнкү шайлоодо Пашинянга каршы добуш берди.

Калган үч фракция, башкача айтканда, 47 депутат оппозиция лидерине добуш берерин убада кылган. Бирок аны колдойт деген 47 эл өкүлүнүн да экөө ар кандай себеп менен бүгүнкү жыйынга келбей калганы маалым болду, дагы бир депутат Пашинянды колдоодон ачык баш тартты.

Добуш берүү башталганга чейин Пашинян элди көчөгө чыгып, парламентте жаңы өкмөт башчыны шайлоого көз салууга чакырган. Анткени ал "башкаруучу партия процессти бурмалап коюушу мүмкүн" деп чочулап турганын билдирген. Бүгүн эртеден бери миңдеген эл аянтта добуш берүү кандай болор экен деп күтүп жатты. Парламент жыйыны аянттагы элге түз көрсөтүлүп турду.

Еревандын башкы аянтында миңдеген адамдар добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болду:

Өкмөт башчылыкка шайланбай калгандан кийин кечинде Пашинян аянттагы элге келип, сөз сүйлөдү. Ал өлкө жарандарын бийликке жапырт баш ийбөөчүлүк акциясын баштоого чакырды.

"Эртең саат 8:15тен баштап жапырт иш таштоо, жолдорду, метролорду, аба бекеттерди, мамлекеттер жана аймактар аралык жолдорду, дегеле тосууга мүмкүн болгон бардык жерди бөгөттөө башталышы керек", деген оппозиция лидери элди 2-майда саат 19:00дө Еревандагы Республика аянтына митингге да чакырды.

Пашинян Арменияны президент катары 10 жыл башкарып, 17-апрелде кайра премьер-министрликке шайлангандан кийин отставкага кетүүгө аргасыз болгон Серж Саргсян жана анын бийликтеги Республикалык партиясына каршы он миңдеген адам катышкан нааразылык акцияларынын башында туруп жатат.

Серж Саргсян кызматтан кеткенден кийин премьер-министрдин милдетин анын партиялашы жана өнөктөшү Карен Карапетян аткарууда.

Парламент жыйынындагы сөздөр

Ереван убактысы боюнча түшкү саат 12де башталган парламенттеги талкуу кечки 9га чейин созулду. Эл өкүлдөрүн өз программасы менен тааныштырган Пашинянга депутаттар экономика, коопсуздук, акча базары, социалдык, ички жана тышкы саясат боюнча ондогон суроолорду узатты.

- Азербайжан армян мамлекеттүүлүгүн жок кылам деп коркутуп жаткан маанайдын шартында мунаса тууралуу сөз кылуу бир топ таңкалычтуу. Мындай шартта биз өз мамлекетибиздин коргонуу мүмкүнчүлүгүн көтөрүүнү гана сөз кылышыбыз мүмкүн. Мындан башка мунасага алып бара турган жолдор эгер Азербайжан Тоолуу Карабактын өз алдынчалыгын таануу тууралуу так маанайын билдиргенде гана болушу ыктымал. Башка жол жок, - деди Пашинян Азербайжан менен мамиле жана Тоолуу Карабак тууралуу суроого жооп берип жатып.

Армения парламенти.
Армения парламенти.

Пашинян парламентте премьер-министрдин укуктары өтө эле көбөйүп, президенттин мүмкүнчүлүгү кыркылып калган деген оюн ортого салды:

- Чындыгында, мыйзам жагынан алганда суперпремьерлик система түзүлүп калган. Мен өзүмдү бул маселени чечүүгө жана бийлик балансын калыбына келтирүүгө милдеттүүмүн деп эсептейм. Мен президенттик институттан бардык функциялар алынып, ал кеңсе кызматкерине айланып калган деп ойлойм. Бул Азербайжан Республикасынын кадыр-баркына да сокку урат. Мен милдетин алам. Эгер биз кайсы бир кубулушту сындап жүрүп, бирок бийликке келгенден кийин ал рычагдарды колдоно баштасак, анда өзгөрүү болгонунун мааниси канчалык?

Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

"Мышык-чычкан" оюндар

Талкуу учурунда Пашинянды колдогондор да, аны сындагандар да арбын болду. Республикалык партиянын мүчөсү, Парламенттеги коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Корюн Наапетян Пашинян премьер-министрлик кызматка даяр эмес деген оюн айтты:

- Мен бул жерде сиз Конституцияны, коргонуу жөнүндөгү мыйзамдарды билбей турганыңызды терең өкүнүү менен билдирем. Тилекке каршы, сиз бул оор жүктү жана башкы колбашчылык жоопкерчиликти көтөрө албайсыз. Анткени сиз негизги укуктук ченемдерди билбейсиз.

Корюн Наапетян.
Корюн Наапетян.

2015-жылдагы Конституциялык реформадан кийин Армения толук парламенттик башкарууга өткөн жана премьер-министр өлкөдөгү эң жогорку кызмат адамы деп саналат.

Пашиняндын талапкерлигин парламентте тогуз мандаты бар «Елк» фракциясы сунуштаган. 31 мандаты бар «Царукян» фракциясы да Пашинянды колдоду. Ошондой эле оппозиция лидерин жети депутаты бар «Дашнакцутюн» фракциясы да сүрөй турганын жарыялаган. Бирок парламенттеги талкуу учурунда анын бир мүчөсү - Агван Варданян өзгөчө пикири менен чыкты. Ал Пашинянга "добуш берүү жоопкерчилигин өзүнө ала албасын" билдирди:

- Чынын айтсам, бул деген тандоо эмес. Мага же Николго, же Пашинянга добуш бер деген эки жолду гана калтырып жатышат. Мен добуш бербейм. Мен Пашинянды колдойбуз деген чечим алган «Дашнакцутюн» фракциясынын мүчөсүмүн. Менде кырдаалдан чыгуунун бир гана жолу бар. Эгер менин партиям талап кылса, мен мандатымда тапшырганга даярмын.

Агван Варданян.
Агван Варданян.

Толкундоолордон кийин премьерлик кызматын тапшырууга аргасыз болгон Серж Саргсяндын партиясы парламентте көпчүлүктү түзөрүн эске алганда Армениядагы окуялар кандай өнүгөрү белгисиз.

Оппозиция лидери Никол Пашинян парламентте сүйлөп жатып, Республикалык партия "мышык-чычкан ойноп жатат" деп сындады жана кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү зарылдыгын да билдирди:​

- Республикалык партия кырдаалды сергек баалап, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын жетекчиликке алып, улуттук кайра жаралууну колдоп жаткандай болгон. Бирок Серж Cаргсян башында турган башкаруучу коалиция өз адамдары менен чогуу "мышык-чычкан" ойноп жатат.

42 жаштагы Никол Пашинян - мурдагы журналист, 2000-жылдары саясатка аралашкан. “Жарандык келишим” партиясынын лидери, 2016-жылы “Елк” либералдык кыймылына кирген. Былтыркы парламенттик шайлоодо “Елк” болгону тогуз мандат алган. Бул кыймыл Армениянын Европага интеграциясын, Евробиримдик менен эркин соода жүргүзүү боюнча келишимин колдогон.

Эртеден бери миңдеген эл аянтта добуш берүү кандай болор экен деп күтүп жатты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG