Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

101 жашка караган Том Мур коронавирустан улам каза болду


Улуу Британиянын согуш ардагери, капитан Том Мур. 2020-жылдын 16-апрели.
Улуу Британиянын согуш ардагери, капитан Том Мур. 2020-жылдын 16-апрели.

Улуу Британиянын Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан согуш ардагери, капитан Том Мур коронавируска чалдыгып, дүйнөдөн кайтты. Анын үй-бүлөсүнүн 2-февралдагы маалыматына караганда, Мур карыя бир нече аптадан бери өпкө кагыны менен жабыркап жаткан жана өткөн аптада ага COVID-19 илдети жукканы тастыкталган.

Ал былтыр 30-апрелде 100 жашка чыккан болчу.

Мур карыя коронавируска каршы жанын аябастан күрөшүп жаткан дарыгерлерге кайрымдуулук колдоо көрсөтүү өнөктүгүн баштап, дээрлик 41 миллион АКШ долларына тете каражатты топтоп берген.

Былтыр июль айында каныша Элизабет Экинчи капитан Мурга рыцарь наамын ыйгарган.

Канышанын басма сөз өкүлү маркум Мур мырза бүткүл британ улутун жана дүйнө жүзүн шыктандырганын эскерип, каныша Элизабет Экинчи даңазалуу согуш ардагеринин жакындарына жекече көңүл айтып жатканын маалымдады.

Премьер-министр Борис Жонсон маркум Мур жалаң гана улуттук шыктандыруунун символу болуп чектелбестен, бүткүл дүйнөгө үмүт шамы болуп бергендигин өз билдирүүсүндө баса белгиледи. (TT)

XS
SM
MD
LG