Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов кызматтан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы 5-мартта кабарлады. Өкмөттүн маалыматында, Бузурманкулов башка ишке өткөнү айтылган.
Анын кайсы кызматка дайындалганы азырынча расмий тактала элек. Айрым маалымат каражаттары ал мамлекеттик РСК-банктын Директорлор кеңешинин курамына киргенин жазып чыгышты.
38 жаштагы Бузурманкулов 2020-жылдын 5-6-октябрындагы элдик ыңкылап окуяларынан соң өкмөттүн Таластагы өкүлү болуп дайындалган.
Ал ага чейин жарандык активист катары Таластагы Жерүй кенин иштетүүгө каршы турумун билдирип, 2015-жылы бул кенжи иштетүү жаатындагы лицензияны сатуудагы мыйзамдын бузулгандыгы тууралуу жергиликтүү калайыктын доосун калыс иликтөө талабын коюп келген.