ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:07

"Баламдын аман калганы бакыт". Таластагы үрөй учурган мушташ

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Колдоруна балта, союл кармаган топ жаран бир жигитти сабап жатканы тартылган видео интернетке желдей тарады. Талас облустук милициясы окуя 20-ноябрда Талас шаарында болгонун, шектүү катары сегиз киши кармалганын билдирди.

Тасмадагы сабалган жигит 26 жаштагы Азамат Шаматов экени белгилүү болду.

Анын апасы Жанар Шаматова сабаган жарандардын төртөө Ички иштер министрлигинин (ИИМ) күзөт кызматында иштерин “Азаттыкка” билдирди.

ИИМ бул билдирүү боюнча тергөө иштери бүткөндөн кийин гана маалымат берерин маалымдады.

Өткөн апта соңунда жоон топ киши бир жигитти сабап жаткан видео социалдык тармакка желдей тарады. Анда бир топ адам жигитти темир жана жыгач буюмдар менен сабап жатканын көрүүгө болот.

Окуя Талас шаарында болгону, видеодогу жабырлануучу 26 жаштагы Азамат Шаматов экени белгилүү болду. Шаматов жергиликтүү активист катары таанылып, 2024-жылы “Эл үмүтү” партиясынын курамында Талас шаардык кеңешине шайлоого катышкан.

Жабырлануучу жигиттин апасы Жанар Шаматова “Азаттыкка” окуя кандай болгонун айтып берүүгө макул болду.

“Азамат өз жумуштары менен бараткан учурда машине менен сүзүшүптүр. Ал өзөрө түшүп, жерге кулаганда сүйрөп башташкан да. Ал деле “физически развитый” жигит. Калганын видеодон көрдүңүздөр да. Колу сынганына карабастан санынын эки жерине бычак сайышыптыр. Бутунан кан акканына карабай, акырына чейин жигитчилик кылып, күрөштү деп ойлойм. Балта менен чапканда колу сынып кетиптир. Азыр гипс тагып коюшкан. Дарыгерлерге ыраазычылык, абдан жакшы карап жатышат. Гипстеги колу шишип турат да, эгер “смещение” болуп кете турган болсо операция жасайбыз деп жатышат. Жакшылыкка гана ниет кылып турабыз. Кудай буюрса жаш организм операциясыз деле калыптанып кетер”, - деди ооруканада жаткан жигиттин апасы.


Талас облустук милициясы окуяга тиешеси бар деп шек саналган сегиз киши кармалганын билдирди. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

“2026-жылдын 20-ноябрь түнү болжол менен саат 00:00 чамасында А.Ш. аттуу жаранды Талас шаарынын көчөлөрүндө топ балдар атайын алдын ала даярданып, темир жана жыгач таяктар менен уруп, денесине залал келтирип, бейбаштык аракеттерди жасашканы аныкталган. Териштирүү жүрүшүндө жабырлануучу 2000-жылы туулган А.Ш. аттуу жарандын окуя учурунда денесинен алган жарааттары аныкталып, катталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280 - беренесинин (“Бейбаштык”) негизинде кылмыш иши козголгон”, - деп маалымат таратты Талас облустук милициясы.

Сабагандардын төртөө ИИМдин күзөт кызматында иштейби?

Жабырлануучунун апасы кылмыш ишинин “Бейбаштык” беренеси менен козголушуна макул эмес. Ошондой эле, сабагандардын төртөө Ички иштер министрлигинин алдындагы күзөт кызматында иштерин айтууда.

“Бейбаштык” беренеси туура эмес деп ойлойм. Ал жерде “Адам өмүрүнө кол салышканы" так көрүнүп турат. Даярданып, бычак, союл, балта алып келишкени көрүнүп турат. Бул жерде бир эмес, бир канча берене болушу керек. Анын баары дагы такталат деп ойлойм. Бирок төрт кызматкер болгону - факт. Бирөө мурдагы милиция кызматкеринин баласы. Төртөө тең кармалды. Бирөөсү жумуштан кетүү боюнча арыз жазыптыр. Баарын Кудайга койдум. Кубанганым - менин балам аман калганы. Эң негизги ошол мага бакыт болуп турат. Калганы мыйзам чегинде, таза, акыйкат чечилет деп ойлойм”, - деди сабалган жигиттин апасы Жанар Шаматова.



“Азаттык” Жанар Шаматованын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине байланыштуу билдирүүсүн тактоо үчүн Ички иштер министрлигине кайрылды. Министрлик бул факт боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирип, комментарий берген жок. Ал эми кармалган сегиз шектүүнүн биринин жубайы биздин суроолорубузга жооп берүүдөн баш тартты.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Эшбаева

    Гүлжан Эшбаева "Азаттыктын" миграция темасын чагылдырган журналисти. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика факультетин аяктаган.  

​
XS
SM
MD
LG