Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:40

"Бир үй-бүлөдөн 20дан ашык киши өлдү". Газадагы жүз күндүк азап


Рафахта үч өспүрүмдүн сөөгү бул имараттын урандыларынын алдында кала берүүдө, 9-январь 2024-жыл.
Рафахта үч өспүрүмдүн сөөгү бул имараттын урандыларынын алдында кала берүүдө, 9-январь 2024-жыл.

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Жүз күнгө аяк баскан согуш Газа тилкесиндеги нечендеген турак жайды урандыга айлантты. Түштүктөгү Рафах аймагында мындай урандылардын алдынан үч баланын сөөгү бир жарым айдан ашык убакыттан бери чыгарыла элек. Үчөө тең Абу Авейданын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү болчу.

Кыйрап түшкөн бетондордун биринде "Урандылардын алдында балдар калды: Оман, Абдулла жана Масса" деген жазууну көрүүгө болот.

Reuters жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, Израил армиясынын ноябрь айындагы аба соккусунан кийин бул үй-бүлөнүн баш-аягы 22 мүчөсүнүн өмүрү кыйылган. Сокку Абу Авейданын үй-бүлөсү жашаган бир канча кабаттуу имаратты дээрлик толук кыйраткан.

Бул чабуулда Мохаммад Абу Авейда уулунан айрылган. Урандылардын алдында калган үч өспүрүм анын бир туугандарынын балдары эле.

"Согушка жүз күн болду. Мен бул жакка күн сайын келем. Үч баланын сөөгү дагы деле урандылардын алдында жатат. Алар: Омар, Абдулла жана Масса. Бир күнү алардын сөөгүн алып чыгып, акыркы жолу бир көрөрбүз деп үмүттөнөм. 16 бала [чабуулда каза тапкан]. Менин уулум 18 айлык эле. Ушул бөлмөгө өз колум менен уктаткан болчумун. Ал уктап жатканда шейит кетти. Анын күнөөсү эмне?", - деп билдирди Мохаммад Абу Авейда Reuters агенттигинин кабарчысына

Согуштан улам Газадагы жарандык коргонуу кызматтарынын иши дээрлик токтоп калган. Андыктан Абу Авейданын үй-бүлөсү урандыларды өз алдынча тазалай албай убайым чегип турат.

Октябрь айында башталган согуш Газа тилкесиндеги бул сыяктуу миңдеген үй-бүлөнүн тагдырын өзгөрттү. Бул согуш Израилдеги жүздөгөн үй-бүлөлөргө да азап алып келди.

АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан миңдеген ракета аткан. Андан кийин согушкерлер Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, музыкалык фестивал өтүп жаткан жерде жүздөгөн адамды өлтүрүшкөн жана 200дөн ашуун кишини барымтага алып кетишкен. Расмий Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израил тарапта 1100дөн ашуун киши өлгөнүн маалымдаган.

Израил өлкөдө согуштук абал жарыялап, ХАМАСтын кол салуусуна жооп катары Газа тилкесинде аба чабуулдарын жана бомбалоолорун баштаган.
ХАМАС радикал тобу башкарып келген Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 23 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын арасында миңдеген өспүрүмдөр бар. Дагы далай адамдын сөөгү урандылардын алдында жатат.

Израилдик туткундарды бошотууну талап кылган акция, Тель-Авив, 13-январь 2024-жыл.
Израилдик туткундарды бошотууну талап кылган акция, Тель-Авив, 13-январь 2024-жыл.

ХАМАСтын согушкерлери барымтага алган адамдардын 100дөн ашууну, анын ичинде аялдар, балдар жана чет өлкөлүк жарандар 24-ноябрдан 1-декабрга чейин созулган ок атышпоо режиминин алкагында бошотулган. Буга жооп катары Израил ондогон палестиндерди абактан чыгарган.

Расмий Тель-Авив Газада хамасчылардын барымтасында дале 130дай киши бар экенин, алардын бир бөлүгү каза тапканын билдирип жатат.

Ишемби күнү кечинде 120 миңдей адам Тель-Авивдин "Туткундар аянты" деген атка конгон аймагына чогулуп, барымтадагыларды бошотууну талап кылышты. Алардын арасында Ювал Хара да болду.

"Тилекке каршы менин атам, жеңем, байкем өлтүрүлдү. Үй-бүлөмдүн жети мүчөсү барымтага алынды. Кудай жалгап, келишимдин алкагында алтоо кайра бошотулду. Бирок Кал [ред. жездеси] барымтада кала берүүдө. Биз анын өмүрү үчүн санаа тартып турабыз. Жүз күн болгонуна ким ишенет? Бул кабыл алынгыс. Аны артка кайтышын каалайбыз. Биз күтө албайбыз", - деди Ювал Хара.

Газада гуманитардык кырдаал курч

Азырынча ХАМАСтын барымтасындагы туткундар качан бошотулары, Газа тилкесиндеги чабуулдар качан токтору белгисиз.

Израилдин адеп Газанын түндүгүндө башталган операциясы азыр тилкенин борбордук жана түштүк аймактарында да жүрүп жатат.

"Франц-пресс" жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, жекшембиде Израилдин армиясы Газадагы Хан-Юнис шаарына абадан сокку урууну улантты. Агенттик жарыялаган видеолордон шаардын райондорунун бирин жарылуудан кийин коюу түтүн каптаганын көрүүгө болот.

Газадагы саламаттыкты сактоо тармагындагы жетекчилер ишемби күнкү чабуулдардан тилкеде кеминде 60 киши набыт болгонун кабарлашты.

Согуш маалында жоготуулардын так санын көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эмес.

Тынымсыз чабуулдар Газа тилкесинде курч гуманитардык кырдаалды жаратты. Эл аралык уюмдар жана маалымат каражаттары Газада тамак-аш, суу, дары-дармек жана күйүүчү май тартыш экенин, аймактын саламаттыкты сактоо системасы кыйроо алдында турганын утур-утур эскертип келишет.

Хан-Юнис аймагындагы кырдаал, 7-январь 2024-жыл.
Хан-Юнис аймагындагы кырдаал, 7-январь 2024-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсеби боюнча, Газада согуш башталгандан бери 1,9 миллион адам же аймактагы жалпы тургундардын 85 пайызга чукулу жер которууга аргасыз болду. Алардын көбү Газанын түштүк тарабына качканы менен ал аймактарда качкындарга шарт түзүлгөн эмес.

БУУнун Палестин качкындары боюнча агенттигинин башчысы Филиппе Лаззарини ишембиде Газадагы сапары маалында тилкенин тургундарын ачарчылык тооруп турганын айтты.

Ал "соңку 100 күн ичиндеги эбегейсиз кыйроо, өлүм, жер которуу, ачкачылык, жоготуу жана кайгы жалпы адамзаттын абийирине шек келтирип жатканын" белгиледи.

Израилдин максаты, региондогу чыңалуу

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы, эл аралык укук коргоо уюмдары Израилди Газадагы чабуулдарын токтотууга чакырышкан. Мындай талап менен дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө ири жүрүштөр өткөн. Расмий Тель-Авив Газадагы операциясын өзүн-өзү коргоо аракети деп мүнөздөгөн.

11-январда Гаагадагы Эл аралык сот Түштүк Африка Республикасынын Израилди БУУнун Геноцидге каршы конвенциясын бузууга айыптаган арызын кароого киришти. 29-декабрда Претория Гаага сотуна арыз менен кайрылган. Израилдин Газадагы операциясын токтотууну көздөгөн бул соттук ишти палестиндер кубатташкан.

Ишемби күнү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху телекайрылуу жолдоп, расмий Тель-Авивди бул сот токтото албай турганын, согуш "толук жеңишке" чейин улана турганын айтты. Ал Израил "ХАМАСты толук жок кылууну, барымтадагы адамдардын баарын бошотууну, Газа тилкеси Израилге мындан ары коркунуч туудурбайт деген кепилдикти" көздөрүн белгиледи.


"Биз коопсуздукту түштүктө да, түндүктө да калыбына келтиребиз. Бизди эч ким - Гаага да, жамандыктын огу да, башка бирөө да - токтото албайт", - деп билдирди Нетаньяху.

Ал "жамандыктын огу" деп Ливандагы, Сириядагы, Ирактагы жана Йемендеги Иран колдогон, "каршылыктын огу" деген атка конгон жоочулардын топторун ишарат кылгандай болду.

Буга чейин Йемендеги Тегеранга ыктаган хусит козголоңчулары Кызыл деңиздеги соода кемелерине чабуул койгон учурлар катталган. Хуситтер бул кемелерди Израилге байланышы бар деп сыпатташкан.

Өткөн жума күнү Америка Кошмо Штаттары жана Британия мындай чабуулдарга жооп катары хуситтердин Йемендеги бир катар позицияларына сокку урган. Хуситтер мындай чабуулдар болгонун ырастап, ага жооп кайтарыларын эскерткен.

Ишемби күнү АКШ Йемендеги хуситтерге дагы сокку урганы белгилүү болду. Бул окуялар Газадагы согуш Жакынкы Чыгыштын башка аймактарына да жайылып кетпейби деген тынчсызданууларга жол ачты.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG