Линктер

ишемби, 20-июль, 2019 Бишкек убактысы 04:51

Сөздүн күчү


Жайлоо.

«Ооз» деген сѳздү чечмелеп кѳрѳлү.

«Ооздон өбүшүү» деген кийин чыкты. Кыргыздын каада-салтында ооздон өбүшкөн адат деги эле болгон эмес дешет. Бул кийинки совет доору менен кирип, азыркы эгемен доордо кадимкидей эле көрүнүшкө айланды.

«Аттын оозун кое берип жарышып баратышты» дейт. Сүйлөмдөгү «аттын оозун кое берип» дегенди атты эркине коюп, тизгинин тартпай жарышып баратышты деп түшүнүш керек.

«Оозуң кайсы десе мурдун көрсөтөт» дейт. Муну сөзмө-сөз түшүнбөш керек, сураган суроого оңдуу жооп бере албаган, макоолорго айтылган сөз.

«Имиш-имиштер ооздон оозго кѳчүп, бат эле элге тарап кетти» дейт.

Мылтыкка карата «кош ооз мылтык» деген кеп бар.

«Каптын оозун чечип койгула!» дейт.

«Көрдүн оозун кенен казыптыр» дейт.

«Атчандар түнү менен жүрүп отуруп, Түптүн оозуна таң атып калганда жетишти» дейт. Мындагы «Түптүн оозуна» дегенди Түпкө, Түптүн кире беришине жетип келишти деп түшүнүш керек.

«Алар Ала-Арчанын оозун өрдөп баратышты» дейт. Ала-Арча капчыгайынын кире бериши менен жогорулап баратышты дегенди түшүндүрүп жатат.

«Депутаттар президенттин ишаратына бир ооздон макул болушту» дейт. Президенттин кыйыткан сөзүнө депутаттардын баары бир добуштан макул болушту дегенди билдирген сөз.

«Анын бир ооз сөзү бар экен» десе - анын айта турган бир аз сөзү бар экен дегени.

«Бир ооз кел дегенге жараган жок» десе - жок дегенде чакырымыш болуп койгон жок дегени.

«Беш ооз сөзү жок немени «сүйлөйсүң» деп чыгарып коюптур» дейт. «Беш ооз сөзү жок» дегени - айта турган, элге бирдеме дей турган сөзү жок киши дегени.

«Оозуна келгенди оттоп жатты» дейт. Ойгелди, тантырап сүйлөгөн кишини айтып жаткандагысы.

«“Ка-ап, бала эл оозуна кирип калганда, сөзүнөн жаңылып жаман болбодубу!” деп кейиди» дейт. «Эл оозуна кирип» дегени - элдин алкышына татып, көзгө көрүнүп калганда дегени.

«Тапканыбыз ооздон артпай атса эмне кылалы?» дейт. «Ооздон артпай» дегени - тапкан акчабыз тамак-аштан ашпай жатпайбы дегени.

Мактанчаакты «семиз ооз» дейт экен.

Иштеген жериндеги же тааныш-билиштериндеги болгон нерселердин баарын башка бирөөлөргө тынбай ташып жеткирип, жебиреп айтып тургандарды «жаман ооз» же «баканооз» дешкен.

Кергиштеп, кажып, тийишип, какшыктап сүйлөгөндү адат кылган кишилер болот, мындайларды эл «кер ооз киши тура» деген.

Сөгүнүп-сагынып, улуу-кичүүдөн уялбай сүйлөгөн кишини «бок ооз» деген.

Сенден бир сөз угаар замат дароо аны башкача кылып айтканча шашкан кишини - «ачык ооз» деп койгон.

«Оозуңду тый!» десе - «Тантырап эле сүйлөй бербе!» дегени.

«Анын оозу бек» десе - же «орозо» кармаган кишиге, же сөзгө бекем кишиге айтып жаткандагысы.

«Чөп ооз» деген болгон, бул деген жайыт акысына төлөнө турган акча.

«Акча сурап барсам оозун куу чөп менен аарчып койду» дейт. «Оозун куу чөп менен аарчып койду» дегенди сөзмѳ-сөз түшүнүүгө болбойт, сурасам акча бербей койду дегенди түшүндүргѳн сөз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG