Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:29

АЗИЛ: Карызды небереңиз төлөйт, ата!


Кимбайке тарткан азил. 23..7.2011.
Кимбайке тарткан азил. 23..7.2011.

“Күлкү кербендин” кезектеги шиңгили узак мөөнөттүк карыз тууралуу ж.б. элдик азилдерди камтыйт.

* * * * *

Илгери-илгери эмес, азыркы эле заман экен.

Күндөрдүн биринде элеттик киши шаарга келет да, аркы-теркини карап, ар башка көрнөк-жарнактарды окуп жүрүп, көзү бир ресторандагы жазууга кадалат: “Бизде тамак ичкендер үчүн акысыз оокаттануу сунушу бар!”

Сүйүнүп кетип, тиги киши каалашынча тамак алдырып жейт. “Мына сага, коммунизм келе баштаган го, шаардыктарга!..”

Анан сырт жакка чыгаарында талап кылышат: “Мына бул жакка кол коюп коюңуз, аксакал!”

–– Опе-ей, мында 600 доллар карызсың” деп жүрүшөт ко? Эмнеге!.. Сыртта жазылган убадаңарчы?

–– Убадабыз жайында, ата! Сиз кол коюп эле чыгып кете бересиз. Карызыңызды небереңиз төлөйт.

* * * * *

“Фейсбукта” жарыяланган соңку азилдерден:

“Туугандар! Бүгүн күн чакыйып тийип, өтө ысык, үп болуп, түндөсү уктай албай чабалактап чыгып жатам! Деги бийлик каякты карап жүрөт ушундайда!”

* * * * *

Дагы бир Эрнис аттуу куудул таажы вирусунун илдетинин ооздукталышынын кырдаалында жарыя кылынып жаткан алдыдагы шайлоого байланыштуу мындайча тамашалуу саптарды жазды:

“Тагынып алса беткапты,

Тааныбай калба бетпакты!..”

* * * * *

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG